Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Бакуда полиция 50дөн ашуун адамды кармады


Бакуда демонстранттар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Азербайжандын баш калаасында нааразылык акциясына чыккандарды полиция ур-токмокко алып, ондогон кишилер кармалды.

Азербайжандын башкалаасында 23-24-январда Исмаиллы шаарынын жашоочуларына каршы колдонулган зобун-зомбулукка нааразылык иретинде уюштурулган ишемби күнкү акцияда 50дөн ашуун киши кармалды.

«Азаттыктын» азери кызматы кармалгандардын арасында таанымал блогер Эмин Милли, укук коргоочу Малахат Насибова жана журналист Хадижа Исмаилова бар экенин билдирди. Акцияны жаштардын активисттери интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу уюштурган.

Адам укуктарын коргоо кору (Human Right House Foundation – HRHF) уюму 26-январда Азербайжандагы таанымал укук коргоочулардын кармалышын айыптаган билдирүү таратып, тынч мүнөздө уюшулган акциянын катышуучулары, анын ичинде таанымал укук коргоочулар кармалышын айыптады. Аталган уюм Азербайжан бийликтеринен 26-январда кармалган адамдарды токтоосуз бошотууну жана эл аралык коомчулукту азери бийликтеринен сын айткандарды, укук коргоочуларды жазалоону токтотууну талап кылууга чакырат.

Адам укуктарын коргоо кору ишембиде Бакы шаарында болгон кармоолор тууралуу Европа кеңешине, Европа кеңешинин Парламенттер аралык ассамблеясына жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Адам укуктары жана демократиялык институттар уюмуна атайын билдирүү жасады.

Өткөн шаршембиде Исмаиллы шаарында райондук аким жана башка жетекчилердин башкаруу ыкмасына нааразы болуп көчөгө чыккан албууттанган эл түн ортосуна чейин тарабай, акимдин туугандарына таандык мейманкана жана 4 автоунаа өрттөлгөн. Чогулгандарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызган газ колдонуп, суу бүрккөн. Айрым кабар агенттиктери өрттөлгөн мейманкана - калаадагы мыйзамсыз иштердин ордосуна айланганы элдин кыжырын келтирген деп жазышты. Айрым маалыматтар боюнча, райондук аким - Азербайжандын социалдык коргоо министринин бир тууган иниси экенин, министрдин уулу катышкан автокырсык үчүн эч ким жазаланбай калганы да окуяга түрткү болгон. Азербайжан бийликтери бул маалыматты төгүндөп чыгышты.

Кийинки күнү жүздөгөн кишилер көчөгө чыгып, акимдин кызматтан кетүүсүн жана нааразылык акциясына катышканы үчүн камалган ондогон адамдарды бошотуу талабын коюшкан эле.

XS
SM
MD
LG