Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Перси булуңундагы монархиялардын бири - Бахрейндин өкмөтү оппозиция менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына киришти. Улуттук жарашууну максат кылган сүйлөшүү 2011-жылдан бери биринчи жолу жана шийиттердин козголоңунун экинчи жылдыгына тушташ өтүп жатат. Бахрейн бийлигинин өнөктөшү АКШ сүйлөшүүлөргө колдоо көргөзүүдө.

Сүйлөшүүлөр Бахрейндин Батыш өкмөттөрү колдогон суннит башкаруучулары менен шийиттерден турган оппозиция мүчөлөрү жана алардын жактоочулары ортосундагы жаңжалды жөнгөрүүнү максат кылат.

Бахрейнде бийликтеги сунниттер азчылыкты, ал эми шийиттер калктын басымдуу бөлүгүн түзөт.

Мындан улам шийит партиялары суниттер бийликти монополия кылбай, өкмөттөгү жогорку кызматтар алардын өкүлдөрүнө да тийүүсүн көздөөдө.

Соңку эки жылга жакын убакыттан берки алгачкы сүйлөшүүлөр 10-февралда башталды.

Ал өлкөдөгү козголоңдун 14-февралдагы эки жылдыгына тушташ өтүүдө.

Жарашуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүдөн оппозиция ачык-айкын жана калыс жүрбөй жатканын жүйө кылып, 2011-жылы июлда чыгып кеткен болчу.

Батыш өлкөлөрү жасаган кысымдын астында Бахрейн өкмөтү оппозицияга бул ирет сүйлөшүүлөр мурдагыдан айырмаланарын убада кылгандай.

Жолугушууга “Улуттук диалог” деген ат берилди. Анын расмий өкүлү Иса Абдурахман:
- Мурдагыдан айрымаланып, азыркы диалогдун кепилдиги – юстиция министри анын жыйынтыктары түрдүү маалымат каражаттарына жарыяланарын күн мурунтан айтканы.

Эки жыл мурда АКШнын Перси булуңундагы жакынкы өнөктөштөрүнүн бири деп саналган Бахрейнде “Араб жазынын” таасири астында козголоң чыгып, оппозиция реформаларды талап кылган демонстрацияларды уюштурган.

Анда нааразылык акциясы күч менен басылганына карабай оппозиция өзгөрүүлөрдү тынбай талап кылып келүүдө.

Бахрейн бийлиги жана анын Перси булуңундагы араб колдоочулары оппозицияны коңшу жана шийиттер үстөмдүк кылган Ирандын көрсөтмөсү менен аракеттенген күч катары сүрөттөгөн.

Оппозиция менен Тегеран мындай ырастоолорду четке каккан.

Оппозиция жактоочулары 14-февралдагы козголоңдун экинчи жылдыгын утурлай бир аптадан бери көчөгө чыгууда. Мындан улам бийликтер шийитттер жашаган райондордо коопсуздук күчтөрүн жайгаштырышты.

Сүйлөшүүлөргө болсо өкмөт жана парламент мүчөлөрү, бийликчил жана оппозициядагы партиялардан сегизден өкүлү катышууда.

Падыша Хамад ибн Иса ал-Халифа

Падыша Хамад ибн Иса ал-Халифа

​“Ал-Вефак” деген кыймылды жетектеген оппозиция өлкөдө келечекте конституциялык монархия сакталганы менен премьер-министрдин шайлануусун талап кылууда.

Бахрейндин азыркы премьер- министри Халифа бин Салман Халифа падыша Хамад ибн Иса ал-Халифанын таякеси.

Оппозициянын ырастоосунда, өлкөдө шийиттер такай кодуланат. Өкмөттүк жана аскерий кызматтардын жогорку тепкичтеринен четтетилген.

“Ал-Ваад” деген оппозициячыл топтун өкүлү Мунира Фахронун айтымында, оппозиция өкмөт менен сүйлөшүүдө тогуз маселенин башы ачылышын көздөөдө:

- Биз бул Улуттук диалогго режим менен жыйынтыккка жете алгыдай талкуу жүргүзүү үчүн келдик. Биз талкуулоо үчүн кеминде тогуз маселени сунуштадык. Алар мурдатан эле жакшы белгилүү.

Бекем аскерий байланышы бар, башкача айтканда Бахрейнде 5-флоту жайгашкан АКШ бул өлкөдөгү монархияны колдогону менен саясий күчтөр ортосундагы сүйлөшүүлөрдү да жактоодо.

Мурдараак америкалык расмий өкүлдөр өкмөттүн оппозицияга каршы айрым катаал чараларын, анын ичинде 31 шийит активист жарандыктан ажыратылышын сындашкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG