Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Президент Атамбаев ооруканадан чыкканы кабарланууда


17-сентябрь, 2016-жыл
17-сентябрь, 2016-жыл

Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарыланып жаткан президент Алмазбек Атамбаев бейтапканадан чыгып, Кыргызстанга кайтууга даярданып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине таянуу менен орус маалымат булактары жазып чыгышты.

Кабарларга караганда, президенттин абалы жакшы болуп калды, текшерүүнүн жыйынтыгы да дурус чыккан. Анын мекенине кайтуу мөөнөтү ачык айтылган жок. Президенттин басма сөз кызматы азырынча маалымат бере элек.

Атамбаев 19-сентябрда Нью-Йорктогу БУУнун жыйынына баратканда жүрөгү кармап, Стамбулда калууга мажбур болгон. 23-сентябрда Москвага барып, дарыланып жатканы кабарланган. Президенттик аппарат буга чейин Алмазбек Атамбаев ушул аптанын аягында бейтапканадан чыгып, кайтып келери мүмкүн экенин билдирген эле. ​(NT)

XS
SM
MD
LG