Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Сирия армиясы Алепподо козголоңчуларды сүрүү уланарын билдирди


Бийлик 30-ноябрда тараткан маалыматта армия Алепподо дагы бир кичи районду - Шейх Саид районун бошоткону айтылат. Бирок оппозиция аны четке кагып, Орусия колдогон өкмөттүк аскерлерге каршы күрөш уланып жатканын билдирди. Британияда жайгашкан Сирия адам укуктары боюнча уюм оппозиция Шейх Саид кичи районунун 1/3 бирин көзөмөлдөп турганын маалымдады. Акыркы дем алыш күндөрү козголоңчулар Чыгыш Алепподо жалпысынан көзөмөлдөгөн аймагынын 1/3 өкмөттүк күчтөргө алдырды. Бул кармаштарда 50 миң киши качууга аргасыз болгонун укук коргоо уюму кабарлаган. Бул уюм ошондой эле 30-ноябрдагы кагылышууларда 45 карапайым киши өлгөнүн маалымдады. (AiT)

XS
SM
MD
LG