Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

АКШ: 44-президент ант берди


Капитолийдин алдында салтанатка даярдык кызуу жүрүүдө, 20.01.2013

Капитолийдин алдында салтанатка даярдык кызуу жүрүүдө, 20.01.2013

Саналуу мүнөттөрдөн кийин АКШда экинчи президенттик мөөнөткө киришип жаткан Барак Обама Капитолийде расмий ант берет.

Бүгүн Вашингтондо расмий салтанат өтүп, 44-президент антын эл алдында кайталайт. Аземге 600-800 миңдей киши чогулат деп күтүлүүдө. Ошентип, Обама АКШ тарыхында 2 жолу президент болуп, бирок 4 жолу ант берген жалгыз президент болуп калды. Эсиңиздерге сала кетсек, 2009-жылы биринчи мөөнөткө киришкенде, Жогоку соттун төрагасы Конституцияда бекитилген тексттен адашып кетип, Ак Үй дагы бир салтанатты уюштурууга аргасыз болгон.

Ант берүүнүн саны боюнча Обама Франклин Рузвелт менен теңешти. Бирок Рузвелт төрт ирет мамлекет башчы болуп шайланган. Кийин Конституцияга түзөтүүлөр киргизилип, АКШда президенттик мандат эки мөөнөткө кыскарган.


Белгилүү ырчы Бейонсе анда кечки сый тамакта Обаманын урматына ыр аткарса, бул ирет Америка Кошмо Штаттарынын гимнин аткармакчы.

Жарандык укуктар үчүн күрөшүп, киши колдуу болуп өлгөн Медгар Эверстин жесири 79 жаштагы Эверс-Уильямс батасын берет. Буга чейин бул вазийпаны жалаң эркектер аткарып келген.

Обаманын кайра шайланышына латинамерикалыктар менен кумсалар өзгөчө салым кошкону белгилүү. Ант берүү аземинде Кубадан көчүп келип, АКШ жарандыгын алган кумса акын Ричард Бланко ырын окуйт.

Капитолийдин сыртындагы салтанатка мурдагы президенттр Билл Клинтон менен Жимми Картер келишет. Ал эми Жорж Буштардын улуусунун саламаттыгына байланыштуу эки Буш тең Обамага кат жолдоп, салтанатка катыша албастыгына өкүнөөрүн билдиришти.

Ак Үйдүн маалыматына караганда, Обаманын “Биздин эл: Биздин келечек” деген аталыштагы сөзү болжол менен 20 мүнөткө созулат.

Барак Обама ант берип, сый тамак аяктагандан кийин президенттик кортеж менен Капитолийден Ак Үй имаратына чейин барат. Кээ бир жерлерде машинелер токтоп, Обама жубайы менен бир нече квартал жөө басып, эл менен учурашмакчы.

Вашингтондун көчөлөрү улуттук желек, гирляндалар менен жасалгаланып, майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Обаманын сүрөттөрүн кадам сайын көрсө болот. Кээ бир ресторандар болсо бул күнү президенттин инаугурациясынын урматына атайын тамак уюштурууда. Аба ырайы да майрамдык маанайга салым кошуп, адаттан тыш жылуу болууда.

Албетте, мамлекет башчынын катышуусундагы мындай масштабдуу иш-чара коопсуздук күчтөрүнүн катуу көзөмөлүндө өтмөкчү. Көчөлөрдү миңдеген тартип коргоочу күзөтөт, Вашингтондун аба мейкиндигинен учуулар чектелип, шаардын суу артериялары да кайтарылмакчы.

Ири демонстрациялар күтүлбөйт деп кабарланууда, бирок чакан топ Обама администрациясынын пилотсуз учактарды колдонуусуна нааразылыгын билдиргени жатат.

Экономикалык кризиске байланыштуубу же бул экинчи президенттик мөөнөт болгондуктанбы, бул ирет салтанат өткөндөгүдөн жөнөкөй мүнөздө болот. Төрт жыл мурун президенттик инагурация болгон кечте 10 расмий бал өткөрүлсө, азыр 2 эле бал уюштурулууда.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG