Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Лукашенконун кадамы Кремлди таарынтты


Беларус президенти Александр Лукашенко
Беларус президенти Александр Лукашенко

Минсктин “Уралкалийдин” башкы директору Владислав Баумгертнерди кармаганы Орусия менен болгон мамилесине залакасын тийгизүүсү күмөнсүз.

Беларустун экономикасы татаал күндөрдү баштан кечирүүдө. Минск орусиялык калий өндүрүүчү “Уралкалий” ири ишканасынын башкы директору Владислав Баумгертнерди кармаганы беларус экономикасына жана Орусия менен болгон мамилесине залакасын тийгизүүсү күмөнсүз. Калийден өндүрүлгөн жер семирткичтер экспорту Беларуска өтө маанилүү жана чоң пайда алып келет.

Баумгертнер Беларустун жер семирткич чыгарган компаниясы менен “Уралкалий” түзгөн биргелешкен ишкананы башкарчу. Июлда болсо ал “Уралкалий” ишканадан чыгып жатканын жарыялаган. Ошондон кийин ири картел ыдырап, анын баалуу үлүш кагаздары арзандап кеткен. Натыйжада Беларустун экономикасына катуу залака тийген. Күнөөсү далилденсе, Баумгертнер 10 жылга соттолушу ыктымал.

Владислав Баумгертнер
Владислав Баумгертнер
"Баумгертнердин кармалышы күтүүсүз кадам болгон,”-деп эсептейт Москвадагы Эл аралык мамилелер институтунун профессору Кирилл Коктыш:

- Бул ачык эле жарыяланган согуш. Менин оюмча азыр узакка созулган соодалашуу башталат. Буга Орусиянын калкы дендароо болбосо да, бери дегенде таң калды. Кийин эмне болору да абдан кызык. Мурда Лукашенконун мындай кылыктары үчүн Орусия чоң тирешүүгө барчу эмес. Ал эми бул ирет эмне болору кызык болот.

Баумгертнер “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен 25-августта Минскте кармалган. Күч органдары аны кармаганга чейин ал Беларустун премьер-министри Михаил Мясникович менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Биргелешкен ишкана чыгарган калийди экспорттоо жөнүндө сүйлөшүүлөр майнап берген эмес.

Эң кызыктуусу Мясникович менен сүйлөшүүлөргө “Уралкалийдин” ири ээси Сулейман Керимов жана башкаруучулар кеңешинин төрагасы Александр Волошин да чакырылган. Керимов чоң ишкер жана Орусиядагы белгилүү олигархтардын бири. Ал эми Волошин орус президенти Владимир Путиндин администрациясын 2003-жылга чейин жетектеген.

Орусия Минсктин бул кадамына ыкчам жооп кайтарды. Москва Беларустан чочко этин импорттоону токтотту, мунай экспортун 20% кыскартты. Сүт азыктарына тыюу киргизүү кийинки сокку болушу мүмкүн. Беларус да жооп иретинде дүйшөмбүдө Керимовго “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айып тагып, аны кармоого буйрук берди.

Чырдын башы 2005-жылкы “Уралкалий” менен “Беларускалий” биргелешкен “Беларусь калий компаниясы” (БКК) ишканасын түптөө келишиминен башталган. Ал келишимге ылайык, алар дүйнөлүк калий базарынын 40% ээлик кыла калган.

Өкмөт ээлик кылган “Беларускалий” өлкөдөгү эң ири үч салык төлөөчүнүн бири жана кирешенин эң ишенимдүү булагы.

Ал ортодо Беларустун экономикасы солгундап, маалыматтарга караганда, 2011-жылы Лукашенко “Беларускалийдин” көзөмөл пакетин 30 млрд. долларга сатууга даяр болгон. Бирок орус ишкери Керимов калий өндүрүүчүнү сатып алууга жеке Лукашенкого 5 млрд. пара берип, андан тышкары 10 млрд. доллар төлөөнү сунуштаган.

Сулейман Керимов
Сулейман Керимов
Лукашенкого басым көрсөтүү иретинде Керимов акырындык менен калийди БКК келишиминен сырткары сата баштаган. Былтыр эле “Уралкалийдин” экспортторунун дээрлик 80% жең ичинен сатылган. Беларус “Уралкалий” дайындаган БККнын Баумгертнер баштаган жетекчилерин “Беларускалийди” 100 млн. доллар жоготууга учуратты жана экспортторду жасалма түрдө көбөйттү деген айып такты.

​Жооп иретинде, Лукашенко калий өндүрүүнү кайрадан толугу менен “Беларускалийге” өткөртүп берген. Андыктан “Уралкалий” 2005-жылкы келишимден баш тартты. Ал чечим калийдин дүйнөлүк баасын кескин түшүрүп, Беларуска чоң каржылык зыян алып келген. Соңунда “Беларускалий” төрт шахтанын экөөнү жапканга мажбур болгон.

Беларустагы оппозициялык “Биргелешкен жарандык партиянын” жетекчиси Анатолий Лебедьконун айтымында, Лукашенко Путиндин көңүлүн буруу максатында Баумгертнерди “барымтага” алган.

Алгач Лукашенко бул маселени Путин менен саясий деңгээлде чечүүгө аракет кылган. Бирок Путин ага маани берген эмес. Лукашенко буга тынчызданып, өнөктөштүк аягына чыгып, баары Путиндин колунда болуп калышы мүмкүн деп чочулаган. Лукашенко ага чыдаган жок. Ошондуктан ал ушундай кадамга барды.

Бул кырдаал беларус-орус мамилелерине доо келтириши күмөнсүз. Андан тышкары Лукашенконун экономикалык мамилелерди күчөтүү максатында Кытайга сапары Путин үчүн күтүүсүз кадам болгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG