Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Берлин: Дубалсыз 25 жыл


Берлин дубалынын эки жагында калып кеткендер чек ара ачылгандан кийин кучакташып, жолугушуп жаткан учуру. 10-ноябрь,1989-жыл.

Берлин дубалынын эки жагында калып кеткендер чек ара ачылгандан кийин кучакташып, жолугушуп жаткан учуру. 10-ноябрь,1989-жыл.

Быйыл Берлин дубалынын ураганына 25 жыл толду. Бул күндүн урматына өлкө борборунда өткөн негизги иш-чараларга миллионго жакын адам катышты.

Бул тарыхый датага байланыштуу өткөрүлгөн иш чарага Германия канцлери Ангела Меркел катышып, дубалдын кулашы "эч нерсе өзгөрүүсүз калбай турганын жана кыялдар ишке ашарын дүйнө жүзүнө көрсөттү" деп билдирди.

Мындан туптуура 25 жыл илгери капиталисттик - коммунисттик системаны бөлүп турган Берлин дубалы уратылып, Германиянын батышы менен чыгышы кайрадан бир мамлекет болуп бириккен.

Чыгыш Германияда чоңойгон канцлер Ангела Меркел Берлин дубалынын урандысынын калдыгына роза гүлүн коюп жатып, жалпы Чыгыш Европа бул окуядан жабыркаган адамдарды эстеп жүрүүсү маанилүү экенин белгиледи.

Андан соң коммунисттик режимдин курмандыктарын эскерип чиркөөгө барды. Ал өз сөзүндө “Берлин дубалынын уратылышы кыялдар орундала турганын жана кандай гана бийик тоскоолдуктар болбосун, өзгөрүүсүз эч нерсе жоктугун көрсөттү”, - деп белгиледи.
- Бул күн Берлин дубалынын кулаганына байланыштуу кубанычтуу жана анын курмандыктарын эскерүү күнү, -деди Ангела Меркел.

Меркел Берлин дубалынын урандысынын калдыгына роза гүлүн коюп жатат.

Меркел Берлин дубалынын урандысынын калдыгына роза гүлүн коюп жатат.

Меркел жакында интервьюларынын биринде 35 жылдан кийин келген “эркиндик сезимин” эч качан унутпасын айткан. Канцлер айым буга чейин Чыгыш Германиядан качууга аракеттенип, каза тапкан немистерди эскерүү иш-чарасына катышкан. 9-ноябрда дубалдын кулашына байланыштуу ачылган маалымат-көргөзмө борбордун салтанаттуу аземинде сүйлөп жатып, Меркел өткөндү унутуу жеңил, бирок аны эстеп жүрүү абдан маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле муну тарыхый жоопкерчилик катары сыпаттады.

- Бул биздин өз тагдырыбызды өзгөртүүгө жана аны жакшыртууга күчүбүз жете турганын көрсөттү. Анын белгиси Берлин дубалынын кулаганы. Ал Германияда, жалпы Европада жана дүйнөдө, өзгөчө Украина, Сирия, Ирактагы элдерге жана адам укуктары коркунучта турган аймактарга багыт берди.

1989-жылдын 9-ноябрынын түнүндө демократияны жактаган бир нече апталык демонстрациялардан кийин “кансыз согуштун” символуна айланган Берлин дубалы кулатылган. Бул өз кезегинде экиге бөлүнүп калган Германиянын биригишине алып келген.

Сыйлуу конок катары Меркелди “Солидарность” кошуундар кыймылынын мурдагы жекчиси, Польшанын президенти Лех Валенса жана советтик лидер Михаил Горбачев коштоп жүрдү.

Михаил Горбачев. Берлин дубалынын урашынын 25 жылдыгына байланыштуу иш чарада.

Михаил Горбачев. Берлин дубалынын урашынын 25 жылдыгына байланыштуу иш чарада.

8-ноябрда СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев Берлинде мааракеге байланыштуу өтүп жаткан иш-чаралардын биринде сүйлөп жатып, учурдагы Украина кризисинен улам пайда болгон Батыш-Орусия чыңалуусу дубалдын кулатылышына чейинки доорду элестетип жатканына токтолду. “Дүйнө жаңы кансыз согуштун алдында тургандай” деп белгиледи 83 жаштагы Горбачев. Экс-советтик лидер Батыш өлкөлөрү “триумфализмдин” азгырыктарына туруштук бере албай калды деп белгилеп, Орусия менен диалогду жаңыртууга чакырды.

- Мен Берлин дубалынын кулатылышына байланыштуу мааракеге катышып жатып муну айтпай койсом болбойт. Мунун баары Орусия-Германия алакасына терс таасирин тийгизүүдө. Азыркы бойдон кете турган болсо, буга чейин үлгү болуп келген эки өлкөнүн кызматташуусуна доо кетет. Орусия-Германия өнөктөштүгү болбосо, Европада коопсуздук болбойт.

Берлин дубалы турган 28 жыл 27 күндүн аралыгында Германиянын чыгышынан батышын көздөй беш миңден ашуун ГДРдин жарандары, алардын ичинде 600гө чукул аскерлер качып өткөн. 2007-жылы ГДРдин Коопсуздук министрлигинин архивдери табылган. Анда Батышты көздөй качкан бардык жарандарды, балдарды атууга буйрук берилгенин тастыктаган документтер табылган. Маалыматка караганда, чек арада 125 киши өлтүрүлгөн. Орусиянын маалыматтарында 192 киши деп айтылып жүрөт. Башка булактарда миңден ашуун киши окко учканы белгиленет. Ошондой эле дубалдан ашып, Батышка качууга аракеттенген 200дөй адам жараат алган, үч миңдей киши кармалган. Ал эми 75 миңдей киши качууга аракет кылган же уюштурган деген кине менен соттолгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG