Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Энергетикада күйгөн Боливиядан Кыргызстанга сабак


Президент Эво Моралес улутташтырылган "Транспортадора де Энергия Электрика” компаниясынын баш кеңсесине өзү келип, аскерлерге аны ээлөөнү буйруду. 1-май, 2012-жыл.
Президент Эво Моралес улутташтырылган "Транспортадора де Энергия Электрика” компаниясынын баш кеңсесине өзү келип, аскерлерге аны ээлөөнү буйруду. 1-май, 2012-жыл.

Боливиянын электр кубатын ташуучу эң ири компанияны улутташтыруусу, Кыргызстан үчүн энергетикадагы долбоорлорго келгенде абдан этияттык жана инвесторлор менен келишим түзүүдө жети өлчөп, бир кесүү керектигин дагы бир жолу даана көргөзгөнсүдү.

“Азаттыктын” “Өңүт” апталык программасында ушул маселе талкууга алынды.

Калкы жана улуттук дүң өндүрүшүнүн жан башына эсептелген көлөмү Кыргызстандыкынан эки эсе чоң болгону менен глобалдык экономикага интеграциялануу деңгээли, экспорттон алуучу кирешеси боюнча ири коңшулары Аргентина менен Бразилияга көз карандылыгы жагынан Боливия Кыргызстандай эле абалда.

Бул өлкөнүн өзү жумушчу табынан чыккан, эл аралык коомчулук солчул жана социалист катары билген президенти Эво Моралес электр кубатын ташып, таратуучу ири компания улутташтырылганын борбор Ла-Пастагы өкмөттүк сарайдан Эмгекчилердин эл аралык күнү – 1 майда жарыялады:

- Биз президент, вице-президент, министрлер кабинети “Транспортадора де Энергия Электрика” компаниясын, электр кубатын жеткирүүнү улутташтырууну чечтик. Конституцияга жана улуттук өнүгүү планына ылайык, өкмөттүн саясаты - стратегиялык ишканаларга, анын ичинде “Транспортадора де Энергия Электрикага” көзөмөлдү калыбына келтирүүгө багытталган.

Президент Моралес сөзүндө электр кубатын ташып, таратуучу компанияны улутташтыруудагы башкы жүйөө катары кезинде аны сатып алган инвестор өлкөгө жетиштүү көлөмдө акча салбаганы менен түшүндүрдү. Ага катар эл аралык коомчулукка кайрылып, буларга токтолду:

- Улуттук жана эл аралык коомдук пикир үчүн түшүндүрүп кетейин. Бул компания мурда биздики болгон. Биз азыр бизге караштуу болгон жагын гана улутташтырдык. Мындай ишти уюштуруу, бизге таандык болгонду кайра артка алуу - президенттин, вице-президенттин жана өкмөттүн милдети. Андыктан биз муну жасап жатабыз. Биз бул жакшы операцияны ушул жерде гана эмес, бүткүл Боливия боюнча уюштурганы үчүн аскер кызматчыларына урмат көрсөтөбүз.

Транспортадора де Энергия Электрика” (TDE) компаниясын дээрлик 100% акциясын 2002-жылы бир кезде Боливия колониясы болгон Испаниянын “Испан электр түйүндөрү” (REE) компаниясы сатып алган экен.

Улутташтырылган компаниянын интернет сайтындагы маалыматка караганда, ал Боливиядагы электр зымдарынын 73 пайызына ээлик кылат. Компаниянын кызматынан боливиялыктардын 85%пайдаланат.

Биринчи улутташтыруу эмес

Ла-Пастагы бийликтердин ырастоосунда, испаниялык инвесторлор соңку он жыл ичинде электр түйүндөрүнүн өнүгүшү, оңолушу үчүн болгону 81 миллион доллар инвестиция салган. Алар муну абдан эле аз деп санашууда. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан “Есonomist Intelligence Unit” талдоо уюмунун Латын Америка боюнча адиси Федерико Барриганын (Federico Barriga) “Азаттыкка” айтканына караганда, Боливиянын азыркы бийликтери кезинде жеке колго өтүп кеткен энергетикалык компанияларын улутташтырууга алгач эле ирет барып жаткан жок:

- Бул быйылкы жылдагы биринчи улутташтыруу, бирок Моралестин администрациясы 2006-жылы бийликке келгенден берки жаңы тенденция эмес. Алар стратегиялык деп эсептешкен активдерди улутташтырууга ыкташууда. Электр кубаты менен камсыздоо секторунан буга чейин ушундай эле жол менен Улуу Британиянын, Франциянын компаниялары да улутташтырылган. Анткен менен соңку улутташтыруу күтүүсүз болду. Моралес мындай кадамга кайрадан барарынын белгилери байкалган эмес эле. Демек өкмөт алар стратегиялык деп санаган активдерди алуусун улантып жатат. Бирок көп нерсе жергиликтүү саясатка көз каранды. Эгер президенттин беделин көтөрүүгө муктаждык жаралса, келечекте дагы улутташтыруулар болушу мүмкүн.

Кыргызстандын Апрель ыңкылабынан кийинки өз тажрыйбасы көргөзгөндөй улутташтыруу чет элдик инвесторлорду үркүткөн жана чочуткан көрүнүш. Боливиянын соңку кадамын Евробиримдик менен испан өкмөтү айыптоо менен “эл аралык инвесторлор үчүн тетири белги” деп мүнөздөдү.

Талдоочу Федерико Баррига:

- Азыр Боливия жетиштүү өлчөмдө инвестиция алар-албасы суроо алдында турат. Анткени саналуу эле компаниялар кызыкса, стратегиялык секторлордун потенциалын толук өнүктүрүүгө жетишсиздик кылат. Мындан башка дагы бир маселе бар. Инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо үчүн Боливия бонд чыгаруу мүдөөсү бар болчу. Акыркы жылдары макроэкономикада жакшы жетишкендиктерди камсыздай алгандыктан быйыл суверендүү бонддорду сатыккка чыгаруу жөнүндө сөз кылып жаткан. Азыркы улутташтыруу чарасы бул планды токтотсо керек. Анткени президенти стратегиялык компания улутташтырганын жарыялаган Боливиянын бонддорун сатып алууга инвесторлордон кызыгуу болорун мен көрбөй турам.

Талдоочу Баррига “Азаттык” менен маегинде Боливиянын чет элдик инвесторлор үчүн бир көзүрү бардыгын, ал дүйнөдө электрондук аппараттарды чыгарууда керектелүүчү литий элементинин эң ири коруна ээлик кыларын кошумчалады.


Берүүнүн биринчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз




Испандардын экономика министри Луис де Гуиндостун айтымында, Боливиянын өкмөтү алар кайтарып алган компаниянын ээси “Испан электр түйүндөрүнө” компенсация төлөнүп берилерин кепилдеди жана Мадрид бул убаданын аткарылуусуна жакындан байкоо салып турмакчы.

Боливиянын өкмөтүнөн тартылып алынган мүлкү үчүн “адекваттуу компенсацияга” жана бул маселе “укуктун эл аралык принциптерине” ылайык чечилерине үмүттөнөрүн “Испан электр түйүндөрү” компаниясы да билдирди.

Бул компаниянын ырастоосунда, ал Боливиянын электр түйүндөрүн 2002-жылы 91 миллион долларга сатып алгандан кийин он жыл ичинде 88 миллион инвестиция жасаган. Инвестиция көлөмүнүн төмөндөп кетиши болсо, алардын пикиринде, Боливия өкмөтүнүн акыркы үч жылдан берки саясатынын кесепети.

Айтор, эки тараптын талашы Эл аралык арбитражга жетер-жетпеси эми компенсация маселеси кандай чечилерине көз каранды болчудай.

Энергия боюнча эл аралык агенттиктин маалыматына караганда, калкы он миллиондон ашкан Боливия энергияга болгон муктаждыгынын 60% ТЭЦтердин жардамы менен жабат. Ал эми гидроэнергетиканын үлүшү 40%. Башкача айтканда ГЭСтер жылына 6 миллиард килловатт саат электр кубатын өндүрөт.

Латын Америкасы боюнча орусиялык адис, Москва мамлекеттик университетинин профессору Алексей Наумов “Азаттык” менен маегинде Боливия бийликтеринин элек кубатын бөлүштүрүүчү компанияны он жылдан соң улутташтырууга баруудагы аргументин мындайча чечмеледи:

Профессор Наумов
Профессор Наумов
- Электр кубатын бөлүштүрүүнүн иштеп жаткан түйүнү бар. Аларга аз эле каражат салынууда. Мындайда эгер көп инвестиция талап кылбаса, бул түйүндөрдү эмне үчүн көзөмөлгө албоо керек деген мыйзамдуу суроо туулат. Бул секторго акыркы он жылда Боливиянын чен өлчөмүнөн алганда деле аз эле инвестиция салынган. Анын үстүнө Испания өзү экономикалык кризиске кабылганын эске алганда, ал тараптан инвестиция агылат деген үмүт жоголгондой. Ушундан улам Боливия өкмөтү өзү эффективдүү менчик ээси боло алабыз деп чечкендей. Аны менен бирге бул өлкөнүн табигый байлыктарын жана инфраструктурасын көзөмөлдөө боюнча жалпы саясатка шайкеш келүүдө.


Эскирген энергетиканын эки-үч муктаждыгы


Энергетикадагы азыркы кризистен жаңы ГЭСтерди куруу менен катар бөлүштүрүүчү компанияларды жеке колго өткөрүү менен чыгууга болот деген түшүнүк Кыргызстанда да бар. Бирок азыркы өкмөт бөлүштүрүүчү компанияларды менчиктештирүү маселесин бери дегенде эки жылга күн тартибинен чыгаргандай.

Бөлүштүрүүчү компанияларды сатуу жагы азырынча күн тартибинен алынганы менен элди электр жарыгы менен камсыздоонун быйыл кыштагы эле абалы жабдууларды жаңыртуу маселеси күн тартибинде курч турганын дагы бир жолу далилдеди.

Энергетика тармагынын мурдагы жетекчилеринин бири Бакирдин Сартказиевди угалы:

- Акыркы жылдары аргасыз өчүрүүлөр көбөйүп кетти. Мен 2001-жылдагы болжолдуу цифраны атайын. Анда республика боюнча бир жыл ичиндеги авариялык өчүрүүлөр 800-900дүн тегерегинде эле. Азыр расмий эсеп боюнча 12-13 миңдин тегерегинде. Демек өчүрүүлөр 10 жыл ичинде 15 эсеге чейин көбөйдү. Бул жабдуулардын эскиргендиги.

Бакирдин Сартказиевдин айтымында, Кыргызстандын бөлүштүрүүчү компанияларынын ишин оңдоп, жабдууларын жаңылоонун үч гана жолу бар. Биринчиси - аларга менчик ээси – мамлекеттин акча салуусу же насыя алып берүүсү, экинчиси - жеке инвесторду тартуу. Бирок жеке инвестор бааны бычуууда эң башкысы төмөнкү факторго көңүл бурат:

- Бөлүштүрүүчү компанияны сатып атканда, алардын жабдуусуна көп деле көңүл бурулбайт. Мында керектөөчү сатылат. Эгер керектөөчүлөрү бай болсо, ал компания кымбатка сатылат. Эгер керектөөчүң кембагал болсо, анда кымбатка сата албайсың. Маселен Москва менен Бишкекти салыштырсак, көлөмү, жабдуусу окшош эле электр түйүн Москвада он эсе кымбатка сатылат. Анткени Москвада керектөөчү бай.

Бакирдин Сартказиев “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Боливиянын электр энергиясын ташып, таратуучу компанияны улутташтыруусу инвестор менен келишим түзүүгө келгенде абдан тактык зарылдыгын көргөзүүдө:

- Дүйнөлүк практикада бөлүштүрүүчү компаниялардын көбү жеке колдо. Бирок сатып алган компания менен лицензиялык келишимди абдан этияттык менен түзүү керек. Анда бардык учурларды кароо керек: тариф канча болот, жыл сайын канча инвестиция жасалат, кайсыл жылы эмнеси алмаштырылат. Лицензиялык келишим бир нече том болушу мүмкүн. Анда кирешенин нормасы, анын канча бөлүгү кайра компанияга инвестиция кылынары, канчасын өлкөдөн чыгарып кетүүгө уруксат берилери көргөзүлүүсү абзел. Келишим аткарылбаган кезде лицензия чакыртылып алынат. Бул ал компания башкага сатылат же кайра улутташтырылат дегенди билдирет. Боливиялыктарда балким мына ушул нерсе туура эмес жазылган, же жазылганы менен испан компаниясы аткарбаган.

Лондондогу “Economist Intelligence Unit” иликтөө уюмунун Латын Америка боюнча талдоочусу Федерико Баррига да “Азаттык” менен маегинде Боливиянын мисалынан улам ташуучу, бөлүштүрүүчү компанияларын менчиктештиргиси келген өлкөлөр терс жыйынтык чыгара бербөөсү керектигине токтолду:

- Таратуу жана бөлүштүрүү кызматын мыкты көргөзгөн мамлекеттик компаниялар ошол эле Латын Америкада, маселен Коста-Рикада бар. Ошол эле учурда улутташтырылган, бирок көргөзгөн кызматы жагынан мокочо болуп калган компаниялар да кездешет. Жеке компания болгону менен же инвестиция жасабаган, же дурус кызмат көргөзбөгөндөр жок эмес. Латын Америка чөлкөмүндөгү айрым өлкөлөр улутташтырууга барышындагы негизги жүйөөлөрдүн бири ушул. Андыктан кайсыл жол эң жакшы тандоо болорун бир жактуу айтыш кыйын. Мен минтип айтаар элем: бул компания мамлекеттик же жеке менчик экендигине карабай көбүнесе тигил же бул өлкөдө институционалдык шарт-жагдай, көзөмөл жана текшерүү механизмдери, кызматын жакшы аткаруу менен кирешелүү болушуна да экономикалык стимулдар бар-жогуна көз каранды.


Берүүнүн экинчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз


  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG