Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Брекситтин Азиядагы эпкини


Жапониядагы бизнес компаниянын кызматкерлери Британиядан келген жаңылыктарды көрүп жана йендин фунт стерлингге карата курсун карап отурат. 25-июнь, 2016-жыл
Жапониядагы бизнес компаниянын кызматкерлери Британиядан келген жаңылыктарды көрүп жана йендин фунт стерлингге карата курсун карап отурат. 25-июнь, 2016-жыл

Улуу Британиянын Евробиримдиктин чыгуусуна жол ачкан референдумдун же Брекситтин эпкини Азияга да тийүүдө.

Азиянын биринчи, дүйнөнүн экинчи экономикасы Кытайдын премьери Ли Кэцян дүйшөмбү күнү Тяньцзинь шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатып, Брексит (Brexit) глобалдык экономика үчүн белгисиздикти күчөткөнүн жана Бээжин бул кырдаалдын ыкчамыраак жөнгөрүлүшүнө кызыкдар экенине көңүл бурду:

-Британиянын Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш бериши эл аралык экономикалык базарга өз таасирин тийгизди жана дүйнөдө белгисиздиктин мындан аркы өсүшүнө да салым кошту. Мындай кырдаалда биз көйгөйлөрдү биргелешип чечип, глобалдык экономикадагы кайра жанданууну, ар бир өлкөдөгү экономикалык өсүштү алга жылдыруу үчүн ишенимди чыңдоо чараларын күчөтүүбүз керек. Кытай Евробиримдик жана Улуу Британия менен мамилени кармап, өнүктүрүүгө алдыда да көңүл бурат. Биз бирдиктүү жана стабилдүү Евробиримдикти, гүлдөп өнүккөн Улуу Британияны көргүбүз келет.

Ли Кэцян Тяньцзинь шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатат. 27-июнь, 2016-жыл.
Ли Кэцян Тяньцзинь шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөп жатат. 27-июнь, 2016-жыл.

Бээжиндин британ референдумунан кийинки ыктымал жараяндарга камтама түшүп жатканы бекеринен эмес. Евробиримдик - Кытай үчүн эң башкы соода өнөк.

Эки тараптуу сооданын көлөмү былтыр 520 миллиард еврону түзгөн. Мунун ичинен Кытай биримдикке 350 миллиард еврого товар экспорттогон.

Азиянын экономикалык талдоо борборлорунун айрымдары Брекситтин айынан быйыл Кытайдын Евробиримдикке экспорту басаңдап, бул өз кезегинде Улуттук дүң өндүрүштүн күтүлгөн өсүшү мурдагы 6,2 пайыздан 6% түшүүсүнө алып келерин да болжошууда.

Британиянын өзүндө болсо, Бээжиндин Лондон менен адам укуктары, мурда британ колониясы - Гонконгдун келечеги боюнча тарыхый талаштары бардыгына карабай, Евробиримдиктин ичиндеги эркин сооданын кызуу жактоочусу катары санайт.

Акыркы жылдары эки тараптын экономикалык карым-катнашы да күчөп, кытай президенти Си Цзинпиндин Лондондогу былтыркы мамлекеттик визитинен кийин тараптардын алака-катышы “алтын доорго” киргени айтылган. Кытайдын Британияга миллиарддаган доллар инвестиция салуусун караган келишимдерге кол коюлган болчу.

Британ референдуму же Брекситтин Азиядагы биринчи эпкини азырынча ар кылка болуп жатат.

Жалпысынан Азиянын баалуу кагаздар базарынын баарында акциялар арзандады. Кытайда улуттук акчасы - юандын алмашуу курсу ылдыйлап, акыркы беш жарым жылдан берки эң төмөнкү чекке түшсө, дүйнөнүн үчүнчү ири экономикасы - Жапонияда улуттук акчасы – йендин алмашуу курсу, тескерисинче, акыркы эки жарым жылдагы эң жогорку чекке чыкты. Талдоочулар муну фунтту, еврону саткан инвесторлор йенге көчүшкөнү менен түшүндүрүштү.

23-июнда Британияда референдум өткөрүлүп, анда британ жарандарынын көпчүлүгү Европа Биримдигинен чыгуу үчүн добуш берди.
23-июнда Британияда референдум өткөрүлүп, анда британ жарандарынын көпчүлүгү Европа Биримдигинен чыгуу үчүн добуш берди.

Жапониядагы Ample Capital Limited компаниясынын башчысы Алекс Вонг (Alex Wong) каржы базарларындагы туруксуздук кеминде дагы бир нече айга уланарын айтат:

- Бул узак жараян (Британиянын Евробиримдиктен чыгышы) болгондуктан, менимче азыркыдай кырдаал бир нече айга уланат. Жагдай өз кезегинде Евробиримдик менен Британиядан кандай жаңылыктар келерине да көз каранды болот. Адамдар нервденет, соода кыскарат. Биз туруксуз кырдаалга дагы бир нече ай күбө болобуз.

Азиянын же дүйнөнүн башка чөлкөмдөрүндөгү инвесторлордун камтамачылыгы дүйнөнүн ири каржы борборлорунун бири саналган Лондондун каржылык кызматтары жана инвестициялык продуктусу эми мурдагыдай Европанын бирдиктүү базарына жайыла албай калабы деген маселеге байланыштуу.

Эл аралык валюта кору буга чейин Брексит Британиянын өзүндө Улуттук дүң өнүмдү 5,5% чейин кыскартышы мүмкүн деп болжолдогон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG