Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Сауд Арабия АКШ конгрессинин чечимин айыптады


Сауд Арабия 11-сентябрдагы теракт курмандыктарынын жакындарынын доо арызы боюнча мыйзамды сынга алды. Эр-Рияд аны “катуу бушайманга салган” документ катары баалады. 28-сентябрда АКШ Конгрессинин Сенаты, андан кийин Өкүлдөр палатасы америкалыктарга террорчулукка көмөктөшкөн деген өлкөлөрдү сотко берүү укугун ырастаган мыйзамды көпчүлүк добуш менен кабыл алышкан. Муну менен АКШ президенти Барак Обаманын аталган документке койгон ветосу жокко чыгарылган. Обама Конгресстин чечимин "кооптуу жорук" деп атады.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуул үчүн айыпталган 19 адамдын 15и Сауд Арабиясынын жараны экени аныкталган. Аталган өлкө бийлиги 3 миңдей адамдын өмүрүн кыйган ал чабуулдарга тиешеси жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG