Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Бизнестеги коррупция


АКШдагы “Геллап” институтунун сурамжылоосуна Кыргызстандан тартылгандардын 77% бизнес чөйрөсүндө коррупция кеңири жайылган деген ишенимин билдирген.

Дүйнөдө үч адамдын экөөсү бизнес чөйрөсүндө коррупция кеңири жайылган деген көз карашта. АКШдагы “Геллап” институту дүйнөнүн 140тай өлкөсүндө өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгы бизнестеги коррупция өнүккөн да, өнүгүп келе жаткан да өлкөлөр үчүн да күн тартибиндеги маселе экендигин ачыктады.

Коррупциялык жагдай кантип жаралат?

“Геллаптын” жыйынтыгы өткөн аптада гана жарыяланган бул сурамжылоосу былтыр жүргүзүлүп, ага ар бир өлкөдөн бир миңден адам тартылган.

Бизнесте коррупция кеңири жайылганбы деген суроого Кыргызстандан суралгандардын 77% “ооба” десе, 7% “жок”, 16% “билбейм” деп жооп берген.

Коррупция өзү универсалдык түшүнүк болгону менен анын бизнесте чагылдырылышынын масштабы ал өлкөдө ар башка болуусу мүмкүн.

Жаш ишкерлер союзунун аткаруучу директору Руслан Акматбек “Азаттыкка” бизнестеги коррупциянын Кыргызстандагы модели тууралуу төмөнкүдөй ою менен бөлүштү:

- Бизнестеги коррупция эки тараптуу жараян. Эгер ишкердин тили менен жөнөкөйлөштүрүп айтсак, проблемаларды, анын ичинде мамлекеттик органдар менен болгон мамиледеги проблемаларды кыска жол менен чечүү ыкмасы. Бат, ыкчам жана эффективдүү чечүү жолу. Бирок бизнестеги коррупция үчүн шартты даярдаган – көбүнесе мамлекет. Мамлекет уруксаттары менен, чектөөлөрү менен, ачык-айкын эмес эрежелер аркылуу коррупциялык кырдаал жаратат.

Руслан Акматбек “Азаттык” менен маегинде ишкерди коррупциялык кадамдарга түрткөн жагдайлардын бирин мисалга тартты:

- Бир эле мисал. Биздин бир ишкерибиз мамлекеттик тендерге катышат. Товар сатат, кызмат көрсөтөт же башка бизнес мамиледе болот. Бирок саткан товары же көргөзгөн кызматы үчүн акчаны алуу абдан оор да. Чиновниктин “акча жок”, “келбей калды”, “а-бу” деген көп шылтоосу бар. Айтсаң да, кат менен кайрылсаң да иштебейт. Негизги эле ар бир бизнесмен проблемасын чечүүсү үчүн жеке бир мамилеге кирүүсү керек.

Ал эми Кыргызстан Ишкерлер союзунун мурдагы аткаруучу директору, талдоочу Нуржигит Кадырбеков бизнестеги коррупция үчүн жалаң эле мамлекеттик кызматкерлерди күнөөлөө туура эмес деп эсептейт:

- Эмне себептен дегенде оюндун ошондой эрежелерине, шарттарына ишкерлердин өзү деле даяр. Ишкерлерде атаандаштарынан мыйзамсыз жолдор менен үстөмдүк кылуу аракеттери бар.


Башкаларда кандай ?

“Геллаптын” сурамжылоосуна караганда, Кыргызстанда коррупция бизнес чөйрөдө кеңири жайылган деп эсептегендер Борбор Азиянын ушундай эле сурамжылоо өткөрүлгөн калган өлкөлөрүнө салыштырганда эмнегедир көптүк кылат экен.

Мындай пикирин маселен Казакстанда суралгандардын 57%, Тажикстанда 48%, Өзбекстанда 29% билдирген.

Бирок кызык жери Батыш Европанын Португалия, Италия, Греция, Чыгыш Европанын Чехия, Словения, Венгрия, Румыния, Хорватия сындуу өлкөлөрүнүн көрсөткүчү Кыргызстандыкынан да жогору. Аларда суралгандардын 80-90% коррупция бизнес чөйрөсүнө кеңири сиңген деген ойду айтышкан. Коңшу Кытайдан болсо бизнесте коррупция бар деген турумду суралгандардын 50% карманган.

АКШ менен Канадада, Азиянын өнүккөн өлкөлөрүндө суралгандардын 60%, Европа Биримдигинде 63% бизнесте коррупция кеңири жайылган деген ойдо болушкан.

Ишкер климат ойдогудай деп эсептелген Европадагы сурамжылоодо бизнес чөйрөдөгү коррупция деңгээлинин жогору болуп чыгышын баяндамчылар биринчи кезекте бул аймактагы каржы жана карыз кризиси менен байланыштырышат. Анткени кризистин каары катуурак тийген өлкөлөрдө эл өкмөттөргө эле эмес, банктарга, корпорацияларга да нааразы болууда.

Экономисттердин айтымында, коррупциянын өнүккөн өлкөлөргө караганда, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн кесепети чоңураак. Анткени бул илдет кирешелердеги теңсиздикти күчөтүп, өнүгүүгө, инвестициялардын келишине тоскоолдук кылат.

Бизнестеги коррупция боюнча сурамжылоо жүргүзгөн “Геллап” институтунун пикиринде, дүйнөнүн өнүккөн да, өнүгүп келе жаткан да өлкөлөрүн камтыган бул көрүнүштү өзгөчө ачык-айкындуулук жок мамлекетте көзөмөлдөө татаал иш.

Калкалоочуң сөзсүз болушу керекпи?

Бизнес адатта стабилдүүлүктү сүйөт. Ишкерликти жаңы баштап жаткандар да туруктуулукка муктаж. Бирок коррупция кеңири жайылган болсо, ал бизнестеги тобокелчиликтерди туура баалоого тоскоолдук кылат.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Алиева Кыргызстанда иш баштайм дегендер үчүн коррупциялык тобекелчилик али жогору бойдон калууда, кырдаал мурдагыдан көп деле өзгөргөн жок деп эсептейт:

Ал “Азаттык” менен маегинде коррупциялык тобокелчиликтин Кыргызстандагы үлгүсүн мындайча чечмеледи:

- Сен эгер бизнеске барсаң калкалоочуң болушу керек же бирөө менен бөлүшүүң абзел. Сөзсүз бир чиновникти кармап, аны сугарып, тамак ичирип, акча берип, анан кийин гана өзүңдүн бизнесиңди алып барышың мүмкүн.

“Геллап” институтунун сурамжылоосу Дүйнөлүк банктын тигил же бул өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарт-жагдайды баалаган “Doing Business” рейтингине көп жагынан шайкеш чыкты. Башкача айтканда, сурамжылоо кайсыл өлкөдө ишкерлик кылуу жеңил болсо, бизнестеги коррупция деңгээли ошончо төмөндүгүн көргөзгөн.

Маселен, бул рейтингдин акыркысында биринчи орунда турган Сингапурда суралгандардын 13% эле өлкөнүн бизнес секторунда коррупция бар деп эсептейт. Эски Совет аймагынан аталган рейтингде эң көч башында, 16-орунда турган Грузияда бизнес сектордо коррупция бардыгына суралгандардын 28% ишенет экен.

Кыргызстан “Doing Business” рейтингинен акыркысында былтыр 183 өлкөдөн 70-орунду алган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG