Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 20:26

Беслан окуясына байланыштуу Европа соту Орусияны акчалай айыпка жыкты. Сот бийлик террористтердин барымтасында калган адамдарды коргой алган эмес, башаламандыкка жол берген деп чечти. Орусия ага каршы даттанганы жатат.

2004-жылдын 1-сентябрында, окуу жылы ачылып жатканда Ингушетия жана Чеченстандан келген куралчан согушкерлер Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти камалашат. Андагы окуучулар менен мугалимдерди кошкондо 1200гө чамалуу адамды барымтага алышкан.

Алар федералдык аскер күчтөрүн Чеченстандан чыгарып кетүүнү Кремлден талап кылышкан.

Үчүнчү күн дегенде милициянын атайын отряды мектепке чабуул коет.

Беслан курмандыктарынын энелеринин нааразылык акциясы. 1-сентябрь, 2016-жыл

Беслан курмандыктарынын энелеринин нааразылык акциясы. 1-сентябрь, 2016-жыл

Беслан каргашасында жалпы 334 адам өлгөн. Анын 186сы балдар эле. Андан тышкары жарадарлар да бар болчу.

Окуядан кийин дароо бошотуу операциясы учурундагы шалаакылык сынга алынган. Спецназдын чабуулу башталгандан кийинки жардыруу-атышууларда барымтадагылардын бир тобу өлгөн деп айтылып жүрөт.

Кандуу окуяда жакындарын жоготкондор жана жарадар болгондор бошотуу операциясына, кийин коогалаң жетиштүү иликтенбегенине жана тергөө узакка созулуп кеткенине даттанып келишет. Алар орус сотторунан акыйкаттык таппаганда Страсбурдагы Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан.

Европа соту да спецназ “танк, гранатомет, огнемет” колдонгон, муну менен барымтадагылардын мерт болушуна өбөлгө түзгөн, мындай күчтү колдонуу зарыл эмес болчу деп чечти. Ошондой эле бүтүмдө орус бийлиги коомдук жайларга жоочулар чабуул коеру тууралуу алдын ала кабардар болгонун, бирок ылайыктуу даярдык көрүшпөгөнүн жазды. Терактты иликтөө эффективдүү болгон эмес деп тапты.

Мына ушуларды эске алуу менен Орусия бийлигин Беслан курмандыктарынын жакындарына моралдык чыгым үчүн 3 миллионго жакын евро төлөп берүүгө милдеттендирди.

Адам укуктары боюнча Европа сотунун кеңсеси

Адам укуктары боюнча Европа сотунун кеңсеси

Чечимге Орусия дароо жооп кайтарды. Өлкө президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бир канча жолу теракттардын курмандыгы болгон өлкөдөгүлөр андай жагдайды жакшы билет жана мындай чечимге макул эмес деди:

- Тилекке каршы, андай өлкөлөрдүн саны өсүп жатат, такай өсүүдө. Ошон үчүн мындай бүтүмдөр чабуулду баштан кечирген өлкөлөр үчүн такыр кабыл алынгыс.

Песков Страсбургдагы бүтүм эмоция менен кабыл алынды деп ишендирүүдө.

Ал эми Орусиянын юстиция министрлиги апелляциялык арыз бергени жатат. Алар Европа соту ошо кездеги жагдайдын олуттуулугун жана барымтадагыларды куткаруу аракеттеринин өзгөчөлүктөрүн түшүнө алган жок деп эсептейт.

Чечим жабыркаган тарапты деле толук канааттандырбады.

- Үч миллион евро кенемте жетишсиз. Анткени балдардын өмүрүн цифралар менен эсептөөгө болбойт. Жабыркагандар Беслан туткундарын бошотуу операциясын начар уюштурганы үчүн бийлик айыптуу деген оюнан кайтпайт, - деди "Беслан энелеринин комитети" тобунун адвокаты Сергей Князкин.

Ал алдыда кыргынга жол берген аткаминерлерди жоопко тарттыруу маселеси турганын белгилөөдө. Жабыркагандар Беслан каргашасы боюнча эч бир орусиялык кызмат адамы жоопко тартылган эмес деп келишет.

Анткен менен Европа сотунун башка чечимдери боюнча да саясатташып кеткен деп талашып келген Орусия бул жолкусун да кабыл албай коюшу ыктымал. 2015-жылы президент Путин Орусиянын Конституциясына карама каршы келген эл аралык чечимдерди, анын ичинде Страсбург сотунукун да этибарга албай коюуга жол берген мыйзамга кол койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Мухаммедали Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Facebook Forum

XS
SM
MD
LG