Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:59

Украина Чернобыл кырсыгын эскерүүдө


Украиндер чейрек кылым мурунку кырсыкты эскерүүдө, 26-апрель.

Украиндер чейрек кылым мурунку кырсыкты эскерүүдө, 26-апрель.

Президенттер Янукович менен Медведев, орус чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл Чернобылда өтө турган эскерүүгө катышат.

Шаршембиге караган түнү Киевде миңдеген адамдар шам кармап кырсыктын курмандыктарын эскеришти. 25 жыл мурун Чернобыл атомдук станциясынын 4-блогундагы химиялык жарылуунун айынан Украина менен Беларуста нур оорусуна чалдыккандар бүгүн дагы салыштырмалуу көптүк кылат.

Шаршембиге караган түнү Киевде миңдеген адамдар шам кармап, жергиликтүү убакыт боюнча түнкү 1ден 23 мүнөт өткөндө 25 жолу коңгуроо кагылды.

1986-жылы 26-апрелде дал ушул мүнөттөрдө Чернобыл атомдук станциясынын төртүнчү блогунда химиялык жарылуу болгон. Атомдук реакторду адаттагыдай 20 секундга өчүрүп коюу бул ирет оор кырсыкка алып келээрин эч ким сезбесе керек.

Андыктан кырсыктын себептерин иликтөөдө атомдук станциядагы жарылуу инженердик-техникалык калпыстыктан кеткен деген жүйөө басымдуулук кылат. Атомдук реактор убактылуу токтоп турганда анын ичиндеги басым өтө жогорку деңгээлге жетип, жарылуу болгон. Айрым маалыматтарда жарылуу эки жолу кайталангандыгы айтылат.

Чернобыл атомдук станциясынын кунарсыз көрүнүшү, 2011-жылдын апрели
Андрей Гусин атомдук станциядагы кырсыктан кийинки алгачкы сааттарды мындайча эскерди:

- Биз Припицкий көпүрөсүнөн өткөндө эле станциянын сырты бузулганы даана көрүндү. Албетте биз нөөмөткө келгенде кырсыктын кесепети канчалык коркунучтуу экендигин так билген жокпуз. Антсе дагы, оор иш болгону айтпаса дагы түшүнүктүү эле.

Жарылуудан кийин бери дегенде 30 адам набыт болсо, кийинчерээк жүздөгөн кишилер нурлануунун залакасынан жарык дүйнө менен кош айтышкан. Азыркыга чейин Чернобыл кырсыгынын айынан канча киши өлгөнү талаш маселе.

Советтер Союзу эки күн баш катырып, Чернобыл тууралуу маалымат чыгарбай турган. Бирок жарылуунун өлчөмү өтө чоң болгондуктан андан чыккан калдайган кара булутту жаап-жашырууга эч мүмкүн эмес эле.

Чернобылдан Хиросимадагы ядролук жарылууга караганда атмосферага 400 эсе көп радиактивдүү заттар тараган. Абага чыккан уулуу заттар Украин, Беларус, Орусиянын экологиясына олуттуу зыян тийгизген.

Чернобылдагы кырсыктын залдарын жоючулар тобу, качан, ким тартканы белгисиз
Совет бийлиги Чернобыл станциясынын 30 чакырым тегерек белинде жашаган 115 миңдей тургундарды башка жактарга көчүргөн.

Чернобыл кырсыгы атомдук энергетиканын тарыхындагы эң чоң апаат, жалпысынан сегиз миллиондой киши радиоактивдүү нур ооруларына чалдыкканы катталган. Бүткүл Союз боюнча 600 миңдей адам кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган.

Кыргызстандан дагы төрт миңге чукул киши Чернобыл атомдук станциясында кырсыктын залдарын арылтууга катышкан. Азыркы учурда куткаруучулардын эки миңдейи арабызда чейрек кылым мурунку оор кырсыктын жандуу элеси менен айрым биз билбеген сырларын сактап жүрөт. Алардын 90% түрдүү даражадагы майыптар.

Дүйнөлүк коомчулук Чернобыл атомдук станциясына 11-мартта Жапониянын «Фукусима-Дайичи» станциясындагы кырсыктан кийин тыкыр назар салууда. Ал ортодо атомдук өндүрүшү бар Франция, Германия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жарандык коомдун нааразылык акциясы өтүп, ал тургай маселе саясий өңүт алды.
XS
SM
MD
LG