Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Кытайдын чечими Куттуу-Сайдын казылышын кечеңдетет


Куттуу-Сай 2 кенин алууга буга чейин Кытайдын “Хунбо Баотоу” (Hongbo Baotou”) компаниясы да кызыкдар болгон.

Куттуу-Сай 2 кенин алууга буга чейин Кытайдын “Хунбо Баотоу” (Hongbo Baotou”) компаниясы да кызыкдар болгон.

Кытай сейрек кездешүүчү металлдардын экспортуна киргизилген чектөөнү жойду. Беш жылга созулган чектөө Бээжин Дүйнөлүк соода уюмундагы териштирүүдө утулгандан соң алынууда.

Эми өндүрүш ыкмасы арзан Кытайдан экспорт чын эле көбөйүп, дүйнөлүк базарда сейрек металлдардын баасы арзандаса Кыргызстандын Куттуу-Сай кенинин иштетилүүсү кечеңдейт.

Кытай заманбап технологияны жасоодо талап кылынган сейрек металлдын глобалдык корунун 30% ээлик кылганы менен өндүрүштүн 85-90% көзөмөлдөйт.

Өлкөнүн Соода министрлиги жарыялагандай, сейрек кездешүүчү элементтердин экспортуна киргизилген квота жаңы жылдан тарта жоюлду. Бирок Бээжиндин бул чечими сырткы базарга сатылуучу сейрек кездешүүчү металлдын көлөмү мындан ары чектелбейт дегенди билдирбейт экен.

Кеминдеги Куттуу-Сай 2 кени боюнча кыргыз өкмөтү менен соттошуп жаткан канадалык “Стэнс Энержи Корп” компаниясынын вице-президенти Давид Винокуров “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Кытай экспорттук квотаны жойгон менен аны лицензиялоо тартибин сактап калып жатат:

- Ооба, кытай өкмөтү өлкөнүн сейрек металлдар индустриясынан экспорттук квотанын баарын алып койду. Бирок лицензиялоо көзөмөлүн улантышууда. Демек экспортко лицензияңыз болсо гана чыга аласыз. Башкача, амалкөй кадам жасалды. Ушунча гана көлөмдөгү сейрек металлды экспорттой аласыз деп айткандын ордуна, белгилүү бир сандагы компанияга гана лицензия берип коюшат. Сейрек металлдардын баасына узак мөөнөттөн караганда, бул кандай таасир берери азырынча белгисиз.

ДСУдагы териштирүү

Эксперттер Бээжиндин беш жыл мурдагы кадамын сейрек кездешүүчү металлды колдонгон чет элдик ишканалар өндүрүштү Кытайга которушуна, технологияны жергиликтүү өнөктөштөргө берүүсүнө түртүү, Батыш жана жапон компанияларына кетип жаткан кирешени өзүн көздөй буруу аракети катары мүнөздөшкөн. Анын үстүнө Кытай анда дүйнөлүк сейрек металлдар базарында монополист экенин сезип калган учур эле.

Сейрек кездешүүчү металлдардын түрүнө кирген 17 элемент заманбап телевизорлорду, мобилдик телефондорду, гибрид унааларды, курал-жаракты, сымап фараларды, камералардын объективдери өңдүү жабдууларды жасоодо колдонулат.

Куттуу –Сайда сейрек кездешүүчү элементтердин оор тобунан кеңири колдонулган беш элемент: иттрий, ниобий, диспрозий, турбий жана европий бар.

Куттуу –Сайда сейрек кездешүүчү элементтердин оор тобунан кеңири колдонулган беш элемент: иттрий, ниобий, диспрозий, турбий жана европий бар.

АКШ администрациясы Бээжиндин 2009-жылдагы кадамын “коңгуроо” деп атап, Вашингтон менен чогуу Евробиримдик жана Жапония да Дүйнөлүк соода уюмуна Бээжинге каршы доо арыз берген болчу.

Кытай чечимин айлана-чөйрөгө тийген зыянды азайтуу аргасы деп түшүндүргөн менен өндүрүш көлөмүнө жана өлкө ичиндеги компаниялардын керектөөсүнө эч чек койгон эмес.

Бээжин эми экспортко киргизилген квотаны алуу менен Дүйнөлүк соода уюму былтыр мартта чыгарган бүтүмдү аткарып отурат.

Дүйнөлүк соода уюму Кытайдын экспортту чектешин атаандаштык боюнча эл аралык мыйзамдарды бузуу деп тапкан.

Кытайдыкынан башка кендердин келечеги

2000-жылдардын башында жумушчу күчү арзан жана экологиялык эрежелерге анчалык көңүл бурулбаган Кытайда сейрек металлдарды казуунун күчөшү калган өлкөлөрдөгү өндүрүштү экономикалык жактан пайдасыз кылып койгон эле. Андыктан Кытайдын экспортко квотаны жоюшу базар баасына канчалык таасир көргөзө алары мына ушул жагынан маанилүү.

Маселен, азыр кыргыз өкмөтү менен соттошуп жаткан “Стэнс Энержи Корп” компаниясы Куттуу-Сай кенине 2009-жылы Кытай экспортко чектөө киргизген жылы келген.

Кытайдын чектөөсү өз кезегинде анын пайдасына ойнобой, АКШда жана башка өлкөлөрдө кендердин кайра ачылышына түртсө, Жапонияда жана башка жерлерде сейрек кездешүүчү металлдарды эски буюмдардан, унаалардан бөлүп алуучу жайлар ачылган.

Эми экспорттук чектөөнүн жоюлушу Кытайдан башка аймактардагы кендердин иштетилүү келечегине кандай таасир берет? Биз бул суроону кайра эле Торонтодогу “Стэнс Энержи Корп” компаниясынын вице-президенти Давид Винокуровго жолдодук:

- Менин оюмча экспорттук квотанын алынышынан сейрек металлдардын башка өлкөлөрдөгү кендерин иштетүүгө бир-эки жылда эч кандай тикелей таасир болбойт. Ал эми экиден беш жылга чейинки мөөнөттө эмне болору ошол кыска мөөнөттөгү кырдаал кай жакка ыктарынан көз каранды. Эгер сейрек металлдардын баасы бир-эки жылда көтөрүлбөсө өндүрүшкө таасир аз эле болот. Өзү сейрек металлдарга суроо-талап белгилүү бир убакыттан кийин өсөт. Бирок Кытайда аларды өндүрүү жагынан ашыкча кубаттуулук түзүлүп калган. Анын үстүнө дүйнөдө сейрек металлдын концентранттын жеке элементтерге бөлүштүрө турган заводдордон Кытайдан тышкы аймакта бирөө гана бар. Кытайдын соңку жарыясынан кийин баа ылдыйлап же өйдөлөгөн деле жок. Алар акыркы төрт-беш айда турукташты, бирок азыр 2011-жылдын жайында эң жогорку чекке чыккандагыдан кыйла төмөн.

Сейрек кездешүүчү 17 элементтин бири – диспрозий оксиддин бир килограммы 2011-жылы базарда таңкыстык жаралабы деген кооптонуулардан улам 1000 долларга чейин чыгып кетсе, азыр 300 долларга жетпейт. Кеминдеги Куттуу-Сай 2 кенинде мына ушул диспрозий да бар.

АКШда жайгашкан Transparency Market Research деген иликтөө уюмунун эсебинде, сейрек кездешүүчү металл базарынын акчалай көлөмү өсүү үстүндө, 2012-жылы төрт миллиард доллар болсо, 2018-жылы сегиз миллиард доллардан ашат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG