Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Гонконг: кытай төбөлүнүн сапарын нааразылык коштоду


Демонстранттар полиция менен тирешип жаткан учур. 17-май, 2016-жыл.
Демонстранттар полиция менен тирешип жаткан учур. 17-май, 2016-жыл.

Кытай парламентинин төрагасынын Гонконгго жасаган сапары демократиячыл активисттердин нааразылык акциялары менен коштолду.

Мындан улам коопсуздук чаралары күчөтүлүп, көчөгө миңдеген полиция кызматкерлери чыгарылды. Адатта кытай бийлигинин саясатын сындаганда гонконгдуктар демократия жана адам укуктары маселелерине басым жасашат.

Британиядан Кытайга өткөрүлгөндөн бери “бир мамлекет эки система” формуласы менен жашап жаткан Гонконгго Бээжиндин жогорку бийлик өкүлдөрү да сейрек келет.

Ал жерде азыр эки күндөн бери иш сапарда жүргөн Чжан Дэцзян Кытайдын бийлик иерархиясындагы үчүнчү адам - кытай парламентинин же Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын төрагасы.

Жергиликтүү демократиячыл активисттердин анын сапарын утурлай баштаган нааразылык акциялары шаршемби күнү да уланды:

- Чжан Дэцяндын келишин Гонконгдун эли кубаттаган жок. Анткени, биз нукура демократияны каалайбыз. Биздин аткаруу бийлигибиздин башчысы, мыйзам чыгаруу кеңешибиз жалпы эл тарабынан түз шайлануусун көздөйбүз. Ал болсо биздин үнүбүздү укпады. Андыктан, анын визитинин биз үчүн эч кандай маңызы жок, - деди демонстранттардын бири, 54 жаштагы Фонг Чее Вен кабарчыларга.

Кытайлык жогорку даражалуу өкүлдүн сапарын утурлай Гонконгдун бийликтери коопсуздук чараларын күчөтүп, көчөгө алты миңдей полиция кызматкери чыгарылды.

Демократия, адам укуктары маселелеринен тышкары саясий айыпкерлер бошотулушун, гонконгдуктар үчүн универсалдуу шайлоо укуктары кепилденишин талап кылып жүрүш жасоого умтулган демонстранттар полиция менен тирешкенге чейин барышты.

Демократиячыл активисттерди полиция кармаган учур. 18-май, 2016-жыл.
Демократиячыл активисттерди полиция кармаган учур. 18-май, 2016-жыл.

Британия менен Кытай ортосундагы 1997-жылкы келишим боюнча гонконгдуктар үчүн ой-пикир билдирүү эркиндиги кепилденген.

Бирок бийликтер көз карандысыздыкты жактап, ал тууралуу кеп кылган активисттерге каршы чара көрүлөрүн жокко чыгарышпайт.

Кытайдын мамлекеттик China Daily басылмасы өзүнүн баш макаласында парламент төрагасынын сапарын Гонконгдун стабилдүүлүгүн жана бакубатчылыгын колдоо боюнча Бээжиндин милдеттенмесин баса көргөзүү үчүн "чечүүчү учурда" баруу катары сыпаттады.

Чжан Дэцян
Чжан Дэцян

Чжан Дэцян өзү болсо Кытайдын жаңы Жибек жолу жана Батыш Кытайдан Борбор Азияга, Европага чейин экономикалык шакекче түзүү демилгеси боюнча “Бир кур, бир жол” деген экономикалык конференцияда сүйлөп жатып, Гонконгдун алар үчүн маанисине мындайча токтолду:

- Кытайдын борбордук өкмөтү Гонконгдун улуттук стратегиядагы ролуна, стабилдүүлүгүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө өтө чоң маани берет.

Кытайдын жогорку бийлик өкүлдөрү жана расмий медиасы Гонконгго карата “стабилдүүлүк” деген сөздү колдонуп жатканы бекеринен эмес. 2014-жылдын соңунда бул жерде 79 күнгө созулган, “Кол чатырлар ыңкылабы” деп аталган окуялар болгон эле.

Анда көчөгө чыккан миңдеген гонконгдуктар, көбүнесе студенттер шаарда тосмолорду орнотуп, 2017-жылкы шайлоо боюнча Бээжиндин пландарына кескин каршылык билдиришкен.

'Кол чатырлар ыңкылабы" учурундагы демонстрация. 17-октябрь, 2014-жыл.
'Кол чатырлар ыңкылабы" учурундагы демонстрация. 17-октябрь, 2014-жыл.

Гонконгдун башчысы, расмий Бээжин көздөгөндөй, алар иргеген үч –төрт талапкердин ичинен тандалбастан, түз жана эркин шайлоодо эл тарабынан тандалышын талап кылышкан.

Бээжиндин шайлоо планы былтыр Гонконгдун мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан да четке кагылгандан бери бул маселе ачык бойдон турат.

Азыр күчүндө турган эреже боюнча Гонкондун башчысы 1200 адамдан турган комитет тарабынан шайланат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG