Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

«Сынган кылычтын» Кытай сапары


 "Сынган кылычтын" уйгурча басылган нускасынын мукабасы

"Сынган кылычтын" уйгурча басылган нускасынын мукабасы

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы «Шинжаң жаш-өспүрүмдөр басмасынан» уйгур тилинде басылып чыкты. Бул чыгарма Кытайда мурда төрт ирет басылган, анын ичинде 1990-жылдардын башында Үрүмчү шаарында чыккан «Аалам адабыйаты» журналында алгачкы жолу толугу менен жарык көргөн. Ушуну эске алганда, бул «Сынган кылычтын» шинжаңдык окурмандар менен бешинчи жолку «жүз көрүшүүсү».

Арийне, таанымал чыгарманын кытай жергесиндеги «саякаты» бир аз татаалдашып кетти, анын себеби мындай.

Китеп биринчи жолу 1980-жылдардын соңунда өзбек тилинен которулуп, басылып чыкканда аптордун улуту эскертилбестен, СССР жазуучусу катары тааныштырылган болчу.




Ал эми 2007-жылы экинчи жолу жарык көргөндө аптору Төлөгөн Касымбековду өзүбекыстандык жазуучу деп жаңылыш тааныштырып койушкан. Бул кытайлык кыргыздарды катуу нааразы кылган. Ошондон улам уйгур басмасы аптор менен сүйлөшүүгө мажбур болуп, анын натыйжасында китеп кайрадан басылган жана апторго сыя акысы төлөнүп берилген. Ошондой эле жазуучунун дагы эки чыгармасын басып чыгаруу бойунча макулдашуу жетишилген.

Эки тараптын ымалага келишүүсү үчүн филологыйа илимдеринин доктору, «Тил жана котормо журналынын» башкы редактору Макелек Өмүрбай уулу көпүрөлүк милдет аткарган.

Кытайлык кыргыздардын талабы менен 2007- жылы Бишкекке болгон бир жолку сапарында ал аталган китепти апторго ала барып, болоору болуп, боёсу канган ишти айткан жана «Эми кантүү керек?» деген жазуучунун суроосуна өз кеңешин берип кайткан.

Ал иштин чоо-жайын доктор Макелек Өмүрбай уулу мындайча эскерет:

Макелек Өмүрбай Төлөгөн Касымбеков жана анын уулу менен (сүрөт качан, кайда тартылганы белгисиз). Аманат сүрөт.
- Кытайлык кыргыздардын интернет сайыттарында көп чуу болбодубу ал кезде. "Эмне үчүн мындай болушу керек?" деп, китепти колума алып келип беришти. Бул иш Төлөгөн Касымбеков агайдын кулагына менден мурда жеткен экен. 2007- жылы Бишкекке барганымда жолуктум. "Мени өзүбек деп жазып койушуптур, биздин балдар нааразы болуп жатышат" деди. Мен ал китепти көргөнүмдү, өзүбек эмес өзүбекыстандык жазуучу катары таанылып калганын, кытайлык кыргыздардын да нааразы болуп жатканын айттым. Ал киши "Эми ушунча жашка келип калганда ушуга арызданып жүргөнүм деле болбос, бир жолун айтбайсыңбы?" деди. Мен "Бизде басма сөз, билим укук" деген атайын орган бар, катыңызды жазып бериңиз, мен ошого кайрылып көрөйүн. Кыргызча жазып берсеңиз , кытайчасына өзүм жооп берем", десем, ал киши жарым бет кылып жазыптыр.

Макелек Өмүрбай ал катты которуп, "ШУАР басма сөз укук органына" тапшырат, "Бул атактуу адам, бизде Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле чоң калемгерлердин бири, ушуну карап берсеңер" деп, башка сөз айтбастан катты калтырып кетип калат.

Ошол каттын таасиринен улам уйгур басмасынын жетекчилги бул ишти оң жолуна салган. 1500 нуска китеп дүкөндөрдөн жыйналып алынып, оңдотулуп кайра басылган. Макелек Өмүрбайдын түздөн-түз аралашуусу менен жазуучуга тийишттүү калем акысы төлөп берилген жана жазуучуну үй-бүлөөсү менен Үрүмчүгө конокко чакырышкан.

Ошондой эле анын «Чапкын», «Кыргын» аттуу чыгармаларын уйгур тилинде чыгаруу тууралуу автор менен макулдашуу жетишилген. "Азыр эки китеп котормочулардын колунда", - дейт Макелек Өмүрбай уулу.

Буга чейин кыргызыстандык калемгерлерден тек Чыңгыз Айтматовтун гана чыгармалары кытай, уйгур тилдеринде дээрлик толугу менен басылган.
Бектур Илияс
Үрүмчү,
2011-жыл.

P.S. Автордун жазуу стили сакталды




пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG