Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:03

Азиядагы “акча согуш” Кытайга көз каранды


Азия өлкөлөрү улуттук акчаларын девальвациялоого өз өндүрүшүнөн чыккан товарлардын баасын арзандатып, атаандаштык жөндөмүн арттыруу үчүн барышат.

Азия өлкөлөрү улуттук акчаларын девальвациялоого өз өндүрүшүнөн чыккан товарлардын баасын арзандатып, атаандаштык жөндөмүн арттыруу үчүн барышат.

Азия чөлкөмүндөгү азыркы экономикалык жараяндар аймакта “акча согушу чыкпайбы?" деген камтамачылыкты жаратты. Бирок талдоочулар көп нерсе экономикалык өсүштүн ыргагы басаңдап жаткан Кытайдын кадамдарына көз каранды болорун белгилешүүдө.

“Акча же валюта согушу” деген көрүнүш дүйнөдө 2008-жылдагы глобалдык экономикалык кризистен кийин даана көрүнгөн.

Ички өндүрүштү колдоо, экспорттук кубатты арттыруу үчүн дүйнө өлкөлөрүнүн көбү улуттук акчаларын бири-бирине атаандашуу менен нарксыздандырууга же адистердин тили менен айтканда, девальвациялоого барышкан.

Талдоочулар мына ушул “акча согушунун” учкундары Азия чөлкөмүндө эми кайрадан байкалганына көңүл буруп жатышат.

Аймактагы өлкөлөрдүн Улуттук банктары кредиттер боюнча үстөгүн биринен сала бирин төмөндөтүүсүн талдоочулар алардагы кооптонуунун белгиси катары карашууда.

Кредиттер боюнча үстөгүн кыскарткандардын катарына бул аптада Чоң жыйырманын тобуна кирген Индонезия да кошулду. Улуттук акча – рупий нарксызданып жатканына карабай Индонезиянын мындай кадамга барышы, Рейтер агенттигинин анализинде белгиленгендей, ал ыктымал эки чоң тобокелдиктен чочулаганы.

Биринчиси - дүйнөнүн номер биринчи экономикасы – Кошмо Штаттарда өкмөттүк баалуу кагаз - бонддордон алынуучу кирешенин көбөйүүсү, экинчиси - Кытайдын улуттук акчасы - юанды девальвациялап жиберүү мүмкүнчүлүгү.

Бул эки сценарий тең Азияда улуттук валюталарды нарксыздандырып, чет элдик капитал сыртка агып кетишин шарттайт.

Кытай юанды нарксыздандырууга барышы мүмкүндүгүн талдоочулар өлкөнүн акыркы жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрү менен байланыштырууда.

Шанхайдагы биржа.

Шанхайдагы биржа.

Анткени, өлкөдө керектөө бааларынын инфляциясы акыркы беш жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүчтө. Ошол эле учурда болот, көмүр, цемент, химикат өндүрүүчү заводдорунун көптүгүнөн өндүрүш баалары арзандап, девальвацияны көздөй багыт алган.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюмунун улук эксперти Найжел Пейн “Азаттык” менен маегинде Кытайдагы экономикалык жараяндар тууралуу мындай деди:

- Кытайда азыр инфляция абдан төмөнкү деңгээлде. Керектөө бааларынын инфляциясы 1,5% ылдый. Мунай баасынын арзандашы муну дагы түшүрөт. Эгер Кытай экономикасы басаңдаса, ал башка экономикаларга да таасир этет. Анткени, Кытай глобалдык экономиканын ири бөлүгү. Кытайда кыймылсыз мүлк сектору акыркы жылдары өтө тездик менен карыз топтоп алганы боюнча тынчыздануулар бар. Өкмөт бул чөйрөдөгү саясатты жеңилдетип, экономиканы колдоого аракеттенүүдө. Эгер кыймылсыз мүлк базары кайра жанданбастан төмөндөп кетсе, экономикага дагы солгундоо алып келет. Албетте, өкмөт буга жол бербеш үчүн айрым чараларды көрдү.

Былтыр ноябрдан бери Кытайдын юаны америкалык долларга карата Азиянын башка валюталарына салыштырмалуу 2,3% гана нарксызданды. Ушул эле мезгилде Индонезиянын рупийи 6% наркын жоготкон. Ал эми Жапониянын улуттук акчасы иендин 2012-жылдан бери 40% кубаты кетти.

Юанды девальвациялоо Кытайдын экспорттон түшүүчү кирешесине, жумушчу орундарынын көбөйүшүнө жана экономикалык өсүшкө салым кошуусу керек.

Юань азыр дүйнөлүк соодада эң көп керектелген бешинчи валютага айланды.

Юань азыр дүйнөлүк соодада эң көп керектелген бешинчи валютага айланды.

Рейтер агенттиги BofA Merry Lynch компаниясынын талдоочуларына шилтеме берип жазгандай, юань эң көп дегенде 2015-жылы дагы 10% нарксызданышы мүмкүн.

Бирок талдоочулар юанды эл аралык эркин конверттелген валютага айлантуу мүдөөсүндө жүргөн Кытайда аны туруктуу кармагыдай негиз бардыгын да эске салышат.

Анткени, капитал агымы өз кезегинде кыймылсыз мүлктүн баасын дагы арзандатып, кайтарууга мүмкүн эмес карыздарды, банк секторунда банкрот болууларды жаратат.

Андыктан талдоочулар Азиядагы “акча согуш” же улуттук акчаларды жарыша девальвациялоо канчалык терең кетери Кытайдын кадамына көз каранды болорун айтышууда.

Себеби, Азия өлкөлөрүнүн көбү өз экспортторун Кытайга сатарын жана чыңдала албай жаткан глобалдык керектөөнү канааттандыруудагы үлүш үчүн аны менен кошо күрөшүп жатканын эске алганда, аймактык валюталардын бири-бири менен теңтайлашуусу мында чоң мааниге ээ.

2014-жылдын жыйынтыгы менен Кытайдагы экономикалык өсүш 7,4% жеткен жок. Бул - акыркы 24 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бирок Кытай юаны Канада жана Австралия долларларын артка калтырып, британ фунту, евро, АКШ доллары, жапон иенинен кийин глобалдык төлөмдөрдө эң көп колдонулган бешинчи валютага айланды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG