Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Христиандар Ыйсанын туулган күнүн майрамдашууда


Ватикандагы балаты, 14.12.2012

Ватикандагы балаты, 14.12.2012

Католик жана протестант христиандар Ыйса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашууда. Рим папасы Бенедикт XVI Ватикандагы Ыйык Петр аянтында салттуу болгон "Шаарга жана дүйнөгө" деген кайрылуусун жасады. Кечээ түн ортосунда болсо Бенедикт XVI майрамдык таат окуду.

Понтифик бүгүнкү кайрылуусунда дүйнөнүн булуң-бурчундагы окуяларга кыскача токтолуп, бир жарым миллиарддай динзарды Ыйса пайгамбардын туулган күнү менен тынчтыкка, тилектештикке чакырып, 65 тилде куттуктады.

Кечээ болсо адаттагыдай миңдеген киши Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Вифлеем шаарына чогулду. Дал ошол жерде Ыйса пайгамбар төрөлгөн деп айтылат.

Бенедикт XVI жылдык кайрылуусун жасоодо, 25.12.2012

Бенедикт XVI жылдык кайрылуусун жасоодо, 25.12.2012

Рим папасы болсо Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүндөгү майрамдык таатында Жакынкы Чыгыштагы тынчтык үчүн дуба кылып, диндин экстремисттер тарабынан бурмаланышына камтамасын айтты.

Вифлеемдеги салтанатка Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана премьер-министри Салам Файяд катышты.

Иерусалимдин патриархы Фуад Твал чиркөөгө келгендерди төмөнкүдөй сөздөр менен тосуп алды:

- Англис тилдүү бардык зыяратчыларыбызга Ыйык жерге "Кош келдиңиздер!" деп айтабыз. Бардыгыңыздарды, үй-бүлөлөрүңүздөрдү майрам менен куттуктайбыз. Вифлеемдеги таатты телеканалдардан көрүп жаткандарга да майрамды жакшы өткөрүүнү каалайбыз. Бардыгыңыздар, өзгөчө кароосуз калгандар үчүн жараткандан ден-соолук, бакубаттуулук тилейбиз.

Пакистанда исламчыл экстремисттердин кол салуусунан чочуган христиандардын майрамдык иш-чаралары катуу кайтарууга алынды. Христиандар өлкө калкынын 3% түзөт.

Карачидеги Борбордук чиркөөнүн пастору Эммануэл Виктор бул майрам элди тынчтыкка жана ынтымакка үндөөрүн айтты:

- Жараткан айланаңардагы элди өзүңөрдөй жакшы көргүлө деп айткан. Биз бул күнү бир туугандык мамиле, гармония, теңдик, тилектештик жөнүдө сөз кылабыз.

НАТО аскерлери Кабулда майрамдашууда, 25.12.2012

НАТО аскерлери Кабулда майрамдашууда, 25.12.2012

НАТОнун Ооганстандагы аскерлери Ыйса пайгамбардын туулган күнүн Кабулдагы аэропортто майрамдашты.

Бул майрамды адатта үй-бүлө, жоро-жолдошторуң менен өткөрөсүң. Албетте, бул жердеги шарт, жагдай башкача. Ошентсе да, ушуга да ыраазы болуш керек. Ар башка улуттардын өкүлдөрүнүн майрамды белгилөө салттарына күбө болуунун өзү да кызыктуу тажрыйба, - деди америкалык жоокер Трент Салтон.

Ал тапта АКШнын 41-президенти 88 жаштагы Жорж Буш майрамды Техастагы ооруканада өткөрдү.

Балдар болсо жылдагыдай эле Санта Клаустан белек-бечкек алышууда.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG