Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Европарламент өкүлү шайлоо ачык өтөрүнө ишеним артты


Европа парламентинен Бишкекке үч күндүк жумушчу сапар менен келген делегация төрайымы Ивета Григуле Кыргызстан тандап алган демократия жолун алдыдагы президенттик шайлоодо да далилдеши керектигин айтты.

Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушкан учурда билдирди:

- Демократия аралчасы өз турумун бекемдеп жатышы бизди кубандырат. Өткөн парламенттик шайлоодо анын жыйынтыгын көрдүк. Быйыл ноябрга белгиленген президенттик шайлоодо да демократия тандоосу далилин табат деп ишенебиз. Азыркы тынч эмес заманда дос бойдон калуу маанилүү. Андыктан, Кыргызстан Европа Биримдигинин колдоосун сезет деп ишенем. Ошол эле учурда сиздердин демократия багытындагы аракетиңиздерди баалайбыз.

Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан Европа биримдиги тандап алган багытты бааларын жана тийиштүү тажрыйбасын аларын белгиледи.

Европа парламентинин беш депутаты эки тараптуу кызматташтыкка арналган парламенттер аралык жыйынга катышуу үчүн 20-февралда Бишкекке келишти. Үч күндүн жумушчу сапар алкагында өкмөт мүчөлөрү жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Улуттук университетке барып, Европа биримдиги каржылап жаткан Erasmus программасы менен таанышып, студенттер менен сүйлөшүшөт.

Делегация курамында беш киши бар. (SE)

XS
SM
MD
LG