Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

АКШ: ЦРУ башчысын бекитүү пилотсуз учакка байланышты


Учкучсуз жүрүүчү аппарат.
Учкучсуз жүрүүчү аппарат.

Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) башчысын бекитүү пилотсуз учактардын колдонулушу боюнча талкуулар менен коштолууда. Мындай заманбап техника террорчулукта шектелген Америка жаранына каршы колдонулбай турганын кепилдөөнү талап кылган мыйзамчылардын бири Сенаттын ишин токтотуучу саясий ыкмага барды.

АКШ Конгрессинин иш тажрыйбасында "флибустьер" деп аталган саясий ыкма бул ирет 57 жаштагы Жон Бреннанды ЦРУ башчылыгына бекитүү маселеси Сенатта добушка салынышына тоскоолдук кылуу үчүн колдонулду.

Флибустьерге киришкенин жарыялаган сенатор, адатта мүмкүн болушунча узак сүйлөй берет. Ал мыйзамчынын сөзүн токтотуу үчүн регламент боюнча 100 сенатордун кеминде 60нын добушу талап кылынат.

Бул жолу аталган саясий ыкмага барган республикачыл сенатор Рон Пол:

-Мен флибустьерди Жон Бреннан ЦРУ башчылыгына көргөзүлгөнүнөн улам баштап жатам. Мен сүйлөй албай калганча, канча убакыт талап кылынса, ошончо сүйлөйм. Чоочулоонун добушу бир жээктен экинчисине жеткенге чейин сүйлөм. Анткени, биздин Конституция маанилүү, силердин сотко болгон укугуңар абдан маанилүү. Америкалыктардын бири да АКШнын жеринде, адегенде кылмышы үчүн айып тагылып, сот тарабынан күнөөлүү деп табылмайынча учкучсуз башкаруудагы учакты колдонуу менен өлтүрүлбөшү керек.

Сенатор Рон Полдун шаршембиде башталган сөзү 13 саатка жакын созулуп, бейшембиде эртең менен гана токтоду.

Ал президент Барак Обаманын администрациясынан пилотсуз учактар АКШда терроризм үчүн шектелген америкалыктарга каршы колдонулбай тургандыгын кепилдеген ачык-айкын билдирүүнү талап кылган.

Ак үй сенаторго мындай кепилдик катты бергендиги тууралуу кандайдыр бир жарыя жасалган жок.

АКШ Башкы прокурору Эрик Холдер апта башында сенаторго жолдогон катында учкучсуз башкаруудагы апараттар терроризм үчүн шектелген америкалыктарга каршы колдонулушун жокко чыгара албасын айткан.

Башкы прокурор белгилегендей, президенттин мындай соккуга буйрук берүү “ниети жок”. Бирок 2001-жылдын 11-сентябрында учактар каракталгагдай бөтөнчө жагдай чыкса, ал теориялык жактан мүмкүн.

Кошмо Штаттар азыр пилотсуз учактарды негизинен Пакистан, Ооганстан, Йеменде террорчулардыкы деп саналган буталарга сокку уруу үчүн утур-утур колдонуп келет.

Ал эми АКШда тынчсыздануулар Обаманын администрациясы тоскоолдук жасоого болбой калган кол салууну даярдап жатат деп шектеген америкалыктарга каршы пилотсуз учакты колдонуу укугун алууда - деген маалыматтар ачыкталып кеткен соң жаралды.

Жарандык эркиндикти коргоочулар бул Конституциянын талаптарына каршы келээрин айтышууда.
Жон Бреннан
Жон Бреннан

Буга чейин президент Барак Обаманын терроризм боюнча кеңешчиси кызматын аркалаган, ЦРУ башчылыгына бекитилет деп күтүлүп жаткан Жон Бреннан пилотсуз учактар боюнча программанын негизги архитектору деп саналат.

Бул программанны сындагандар эки-үч фактыга басым жасашууда.

2011-жылы сентябрда Йемендеги соккудан АКШнын эки жараны: радикал динаятчы Анвар ал-Авлаки жана анын шериги Самир Хан мерт болгон. Андан эки аптада кийин ушундай эле соккудан ал-Авлакинин АКШда төрөлгөн он алты жашар уулу да каза тапкан.

АКШ жарандары болгон бул инсандарга кандайдыр бир айып коюлган эмес.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Анвар ал-Авлакинин бир катар кол салууларга, анын ичинде 2009-жылы Детройт шаарынын үстүнөн учакты жардыруу аракетине тиешеси бар болчу.

Пилотсуз учактарды колдонуу менен террорчу делгендердин бутасына сокку урууну президент Жорж Буштун учурунда баштаган. Бийликке Барак Обама келгенден бери андай соккулардын ыргагы көбөйдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG