Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

ГРУЗИЯ: САЯСИЙ АЧКАЧЫЛЫК УЛАНУУДА, АЗЫРЫНЧА МУНАСАНЫН БЕЛГИСИ БАЙКАЛБАЙТ


Грузияда өкмөт менен оппозиция ортосундагы айгышкан тирешүүнүн азырынча аяктачыдай белгиси көрүнбөйт. Оппозициянын жоон топ активисттери май айына белгиленген парламенттик шайлоонун алдында өлкөнүн шайлоо мыйзамын өзгөртүү талабы менен жарыялаган ачкачылыгын улантууда.

Грузин бийлигине кысым көргөзүү үчүн оппозициянын алтымыштан ашуун активисти парламент имаратынын жанындагы аянтта тигилген чатырларга жайгашып, ачкачылык жарыялаганына бүгүн 12 күнгө аяк басат. Алардын саналуу сандагы бөлүгү парламент имаратынын ичине да кирип алышкан. Грузин парламентинин төрайымы Нино Бурджанадзе кечээ кабарчылар менен болгон маегинде кырдаалды жумшартуу аракетин жасады:

-Диалог эч качан үзүлгөн жок, биз позицияларды бир нукка алып келүү аракетибизди эч убакта токтоткон жокпуз. Сүйлөшүлөргө мына азыр да даярбыз. Болочоктогу мыйзамда камтылышы үчүн түрдүү көз караштарды эсепке алуу өзгөчө маанилүү болгон бир нече маселелер бар.

Грузин оппозициясы шайлоо системасын өзгөртүүдөн тышкаары, аларга мамлекеттик теледен көбүрөөк убакыт берилишин талап кылууда. Ага катар оппозиция өкмөт алдыдагы парламенттик шайлоонун калыс жан адилет өтүшү үчүн көз карандысыз «Имеди» телеканалынын обого чыгуусуна мүмкүн бериши керек деп эсептейт. «Имеди» телеканалынын иши былтыр 7-ноябрда оппозиция демонстрациясынын катышуучуларын полиция күч менен таратып, президент Михаил Саакашвили өлкөдө өзгөчө абал киргизгенден кийин токтогон.

Оппозиция менен бийлик ортосундагы азыркы тирешүү болсо парламент шайлоо мыйзамына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизип, бир мандаттуу округдар боюнча шайлануучу депутаттардын сандык үлүшүн көбөйткөн соң башталды. Буга караманча каршы чыкан оппозиция муну президент Саакашвилинин парламентти көзөмөлдөө аракети катары баалоодо. Анткени алардын пикиринде, бир мандаттуу округдар аркылуу өкмөтчүл талапкерлерди өткөрүү алуу оңой болот. Оппозиция болсо тескерисинче партиялык тизме аркылуу көбүрөөк ийгиликке жете алат.

Айтор ачкачылык жарыялаган оппозиционерлер көздөгөнүнөн баш тартарынын азырынча белгиси байкалбайт. Алардын бир нечеси буга чейин эле ооруканага түшкөн. Жергиликтүү саясий талдоочу Сосо Тсискарашвили "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматындагы маегинде жооп кадамды эми өкмөт жасаш керектигин айтты:

-Азыр топ бийликтин сотунда. Анткени алар оппозициянын талабын өтө жакшы билишет. Бир ирээт алар ошол талаптар боюнча сүйлөшүүлөргө ачыктай көрүнгөн. Эгер алардын жок дегенде кээ бирлерине жооп беришсе, мен диалогдун форматын калыбына келтирүүгө болот деген ишеничтемин.

Грузин президенти Михаил Саакашвили ушул аптада АКШдагы расмий сапары учурунда мунаса вариант катары парламент депутаттарынын санын көбөйтүүнү сунуш кылды. Бирок бул сунуш 2003-жылдагы референдумдун чечимине каршы келет. Анда калктын көбү парламент мүчөлөрүнүн санын 235тен 150гө түшүрүүнү колдогон. Оппозициядагы Республикалык партиянын лидерлеринин бири Тина Хидашели "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматына буларды билдирди:

-Бизде грузин эли кабыл алган чечим бар. Бул сан аныкталган. Биздин парламент 150 депутаттан турат. Бул грузиялыктардын көпчүлүгү тарабынан колдоо тапкан. Конституцияны дагы өзгөртүүгө убакыт жок. Азыркы өкмөттүн укмуштарды жасаган тарыхы бар, балким эми да жетише коюшат. Бирок биз буга катышпайбыз.

Оппозициядагы Республикалык партия өз тарабынан ушул аптада өкмөт менен сүйлөшүүлөр учурунда парламенттик шайлоонун эки системасын айкалыштыруу үчүн бир мандаттуу окуругдарды көп мандаттуу округ менен алмаштырууну сунуш кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG