Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

TI: 2012-жылы коррупция азайган жок


Transparency International түзгөн коррупциянын картасы, 4.12.2012
Transparency International түзгөн коррупциянын картасы, 4.12.2012

Transparency International уюму коррупцияны баалоо индексин жарыялады. Уюм паракорлук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, жең ичинен келишимдерди түзүү өңдүү терс көрүнүштөр дүйнөдө дагы деле кеңири жайылган деген бүтүмгө келет. Кыргызстан быйылкы рейтингде 176 өлкө арасында 154-орунга жайгашкан.

Коррупцияны баалоо индекси сурамжылоолор менен изилдөөлөрдүн негизинде түзүлөт. Эксперттер жарандар өз өлкөсүндөгү паракорлукту кандай кабыл алышаарын иликтешет. Transparency International уюмунун регионалдык координатору Светлана Савицкаянын айтымында, изилдөө коомдо мамлекеттик институттар, расмий адамдар өз ишин ачык-айкын жүргүзүшү керек деген талап күчтүү экенин көргөздү.

Ооганстан, Түндүк Корея жана Сомали быйыл да рейтингдин эң төмөнкү саптарынан орун алган.

Уюмдун төрайымы Үгет Лабел (Huguette Labelle) паракорлук гүлдөгөн өлкөлөрдө адатта социалдык теңсиздик, адам укуктарынын бузулушу, жакырчылык өкүм сүрөөрүн белгилейт:

- Көпчүлүк өлкөлөрдө олуттуу проблемага айланган коррупция адамдардын азап чегүүсүнө алып келет. Кедей бүлөөлөр доктурга көрүнүү же таза суу менен камсыз болуу үчүн пара берүүгө аргасыз. Мамлекеттик акча коррупцияланган жетекчилердин чөнтөктөрүнө кетип жатса, билим берүү, эң керектүү инфраструктура, коомдук тейлөө тармагы да кыйла начарлайт.

Рейтингдеги биринчи орунда Финляндия, Дания жана Жаңы Зеландия турат. Мурдагы советтик жумурияттардан көп жылдардан бери Эстония алдынкы саптарда турат. Быйыл Балтика боюндагы бул өлкө 32-орунду ээледи. Орусия - 133, Украина - 144, Азербайжан - 139, Түркмөнстан менен Өзбекстан - 170 жана Тажикстан 157- орунга жайгашкан.

Кыргызстан былтыр тизмеде 164-орунда турса, быйыл 154-сапта. Бирок бул коррупциянын жайылышы азайды дегенди билдирбейт. Уюм бул жолу изилдөөнүн жаңы методикасын пайдаланган.

Савицкая улуттук өкмөттөр паракорлукка бөгөт коюда ишин алгылыктуу алып барышпайт дейт:

- Коррупция дүйнөнүн булуң-бурчунда кулач жайып жатканына карабай, өкмөттөр бул багытта ишин жакшырта албай, паракорлукка каршы эффективдүү чара көрбөй жатышат.

Алдыда айтылгандай, Балтика өлкөлөрүн албаганда жалпысынан постсоветтик жумурияттарда коррупциянын деңгээли жогору бойдон калууда.

- Ал өлкөлөрдөгү өкмөттөр өз иштерин ачык-айкын жүргүзбөй жана элге маалымат бербей көнгөн. Көптөрү коррупция менен күрөшүү максатында аябай жакшы мыйзамдарды, мыкты стратегияларды кабыл алса дагы, алардын бардыгы аткарылбай келет. Жарандык коомдун, катардагы адамдардын көзөмөлү жетишсиз.

Transparency International Грузиядагы антикоррупциялык реформалар жемиш берип жатканын белгилейт. Азыркы президенттин тушунда өзгөчө тартип коргоо жана билим берүү тармактарында паракорлукка каршы олуттуу чаралар көрүлө баштаган. Ошентсе да, Савицкаянын айтымында, коррупция Грузияда дагы деле олуттуу проблемалардын бири.

"Transparency International - Кыргызстан" борборунун директору Адылбек Шаршенбаев "Азаттыкка" коррупциянын көрсөткүчүн аныктоонун жаңы ыкмасын түшүндүрүп берди:

Коррупция көрсөткүчүнө жаңыча баа
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:08 0:00
XS
SM
MD
LG