Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Каримованын зыяны ири компанияга тийди


TeliaCompany Өзбекстандагы коррупциялык чуудан улам КМШ өлкөлөрүнөн кетүүгө мажбур болду
TeliaCompany Өзбекстандагы коррупциялык чуудан улам КМШ өлкөлөрүнөн кетүүгө мажбур болду

Өзбекстанда коррупциялык жаңжалга аралашканы үчүн Telia Company ишканасына ири өлчөмдөгү айып пул салынды. АКШ жана Голландия бийликтери маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын катышы бар компаниядан 1,4 миллиард доллар айып пул төлөтүп алууну көздөп жатат.

TeliaSonera деген аталыш менен белгилүү болгон Telia Company холдинги 15-сентябрда Өзбекстандагы коррупция чуусуна байланыштуу айып пул төлөөгө макул болду. Эми аталган компания АКШ жана Голландия бийликтерине 1,4 миллиард доллар өлчөмүндө айып пул төлөшү керек болот. Компаниянын директорлор кеңешинин төрайымы Мари Эрлинг "Рейтерс" агенттигине буларды билдирди:

- Мен буга чейин бир нече жолу айткам: Telia өзбек рыногуна туура эмес ыкмаларды колдонуу менен чыккан. Биз бул үчүн жоопкерчиликти моюнубузга алууга даярбыз. Бирок бул айып пулдун көлөмүн өтө чоң деп эсептейбиз.

Быйыл февраль айында баш кеңсеси Амстердамда жайгашкан Vimpelcom компаниясы АКШ жана Голландия бийликтерине Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү максатында коррупциялык ыкманы колдонгону үчун 795 миллион доллар айып пул төлөөгө даярдыгын билдирген.

2007-жылы ал кезде TeliaSonera деп аталган Telia компаниясы Өзбекстанда Coscom уюлдук операторунун 100% акциясын сатып алуу менен иштей баштаган.

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, TeliaSonera, Vympelcom жана MTS уюлдук операторлору мыйзамсыз компанияларды түзүшкөн. Алар Өзбекстандын телекоммуникация тармагына кирүү үчүн ошол кездеги президент Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнаранын катышы бар түзүмдөргө миллиондогон доллар пара беришкен.

Министрлик кабарлагандай, Coscom операторун сатып алуу менен Өзбекстан рыногуна кирген соң, 2007-жылдан тарта Telia компаниясы "Такилант" деген фирмага пара берип турган. Бул фирманын кожоюну Гаяне Авакян Гүлнара Каримованын "оң колу" деп саналчу.

Бир нече айдан бери кабарсыз кеткен Гүлнара 3-сентябрда атасынын тажыясына да катышкан жок.
Бир нече айдан бери кабарсыз кеткен Гүлнара 3-сентябрда атасынын тажыясына да катышкан жок.

Коррупциялык чуудан кийин TeliaSonera ушул жылдын башында Өзбекстан жана башка Азия өлкөлөрдөгү өз ишин токтоторун жарыялады. Швеция жана Финляндиянын жарандары биргелишип ачкан ири компания Азербайжанда, Казакстанда, Грузияда, Молдовада жана Тажикстанда иштеп келген.

Холдингдин маалымат катчысы Александра Аккирмандын айтымында, бул процесс Өзбекстандагы Ucell уюлдук операторунун ишмердигине кедергисин тийгизбейт:

- Ucell компаниясы кандай болгон күндө да иштей берет. Ал эми "Телияны" алсак, айып пулдун өлчөмү чын эле өтө чоң. Директорлор кеңеши, жетекчилик бул тууралуу сүйлөшүп, андан соң бир чечим кабыл алышат. Бул коррупциялык чууну биргелешип иликтеген АКШ менен Голландиянын бийликтеринин сунушу болду.

Бул пландын алкагындагы алгачкы кадам катары быйыл 20-апрелде Telia Company Непалдагы Ncell уюлдук операторундагы өз үлүшүн 48 миллион долларга сата турганын жарыялаган. Компаниянын маалымат катчысы Александра Аккирман буларды кошумчалады:

- Бул "Телия" компаниясынын Евразия рыногунан чыгуу боюнча айтылган чечиминин биринчи кадамы болду. Алгач компания бардык үлүшүн 2016-жылдын соңуна чейин сатып чыгып кетүүнү пландаган. Азыр бул процесс жүрүп жатат.

Ал ортодо Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев 2012-жылы дал ушул коррупциялык чуудан улам вице-премьер-министрликтен кол жууган Абдулла Ариповду мурдагы кызматына дайындады. Арипов Жаштар саясаты, маалыматтык система жана телекоммуникация боюнча комплекстин жетекчилигине бекитилди.

Абдулла Арипов 2002-жылдын май айынан 2009-жылга чейин Өзбекстандын байланыш жана информатизация агенттигинин жетекчиси болуп иштеген. 2009-2012-жылдары республиканын премьер-министринин орун басарынын кызматында эмгектенген.

Гүлнара Каримовага байланышкан жаңжал чыкканда ошол маалда телекоммуникация тармагын жетектеп турган Абдулла Ариповдун да аты аталып, кызматынан кол жууган эле. Ал эми Гүлнара чет элдик компанияларга байланышкан чуулуу окуялардан соң 2014-жылы үй камагына отургузулган.

Бир нече айдан бери кабарсыз кеткен Гүлнара 3-сентябрда Самаркандда атасынын тажыясына да катышкан эмес. Такталбаган маалыматтар боюнча, Гүлнара азыр Өзбекстандан сырт жакка чыгып кеткен жана жакын арада мекенине келери да арсар.

XS
SM
MD
LG