Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

"Грэмми-2015": дүйнө жылдыздары аныкталды


22 жаштагы лондондук музыкант Сэм Смит. Грэмми-2015, Лос-Анжелес, 8-февраль, 2015
22 жаштагы лондондук музыкант Сэм Смит. Грэмми-2015, Лос-Анжелес, 8-февраль, 2015

Лос-Анжелесте поп-музыканын башкы окуясы аталган Грэмми сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Америка үн жазуу академиясы 83 номинация боюнча сыйлыктарды ыйгарды.

Бул жолу "Грэмминин" триумфатору болуп 22 жаштагы лондондук музыкант Сэм Смит аталды. Пакистандык укук коргоочу кыз Малала Юсуфзайдын аудио китеби “балдар үчүн мыкты альбом” деп таанылды.

Твиттерде “Сэмми” деген хэштег популярдуу болуп, акыркы суткада интернетте эң көп изделген музыкант Сэм Смит төрт категорияда сыйлык жеңди.

“Жылдын мыкты үн жазуусу”, “жылдын ыры” (Stay With Me (Darkchild Version), “жылдын жаңы артисти” номинацияларынан сырткары, “мыкты вокалдык поп-альбому” (In the Lonely Hour) сыйлыгын багындыра алды.

Серепчилер Сэм Смиттин (өз аты Samuel Frederick Smith) сыйлык алаарын мурдатан белгилесе дагы мукам үндүү британ жигит төрт алтын граммофонду илип кетерин көпчүлүк күткөн эмес.

Бек
Бек

57-жолу ыйгарылып жаткан "Грэмми" сыйлыктарын тапшыруу аземи Лос-Анжелестин Staples Center борборунда өттү. Поп-музыка сүйүүчүлөр бул иш чарадан күтүлбөгөн керемет дуэттерден тарта радио жана теледе популярдуу болгон соңку жылдын хит чыгармаларына күбө болушту.

Сэм Смиттен айырмаланып, дагы бир негизги сыйлыктарга ээ болгон Бек (Beck Hansen, өз ысмы Bek David Campbell) буга чейин "Грэммини" алган эле. 42 жаштагы Бек “жылдын мыкты альбому” жана “мыкты рок альбому” наамдарына татыды.

Эксперттер Бектин ийгиликтүү Morning Phase альбомун – белгилүү музыканттын шедеври деп атап, пластинканын бир эле учурда жылдын "рок мыктысы" да, "мыктынын мыктысы" да аталуусу өтө сейрек учур деп суктанышты.

Фарелл Уилиамс
Фарелл Уилиамс

"Грэмми-2015" сыйлыктарынан аземдин эрке жигити, оюнкараак Фаррелл Уильямсты белгилеп кетүү зарыл. Ал “мыкты соло поп-композиция” ("Happy" ыры үчүн) жана “мыкты урбан альбом” (GIRL альбому үчүн) номинацияларында жеңүүчү аталды. Деген менен музыкалык видео номинациясында "Happy" клиби мыкты деп табылды. Дал ушул видеону музыка таанучулар дүйнөгө болуп көрбөгөндөй позитивдүү маанай алып келди деп баалашты. Жада калса Батыш музыкасын чанган араб өлкөлөрүндө да бир нече курдай видеолору жарык көргөн.

Негизги сыйлыктардан дагы “мыкты рок аткаруучу” болуп Жек Уайт, “мыкты RnB аткаруучу болуп” Бейонсе күйөөсү Жей Зи менен чогуу аталды.

Чик Кориа
Чик Кориа

"Мыкты соло джаз импровизатору" деп Чик Кориа Fingerprints чыгармасы үчүн таанылды. Ремикси оригиналынан ашып түшкөн чыгарма катары Жон Леженддин "All of Me" (Tiesto’s Birthday Treatment Remix) чыгармасы аталды.

Классикалык музыкадан “мыкты оркестрдик аткаруу” сыйлыгын Дэвид Робертсон дирижерлук кылган "City Noir" чыгармасы St. Louis Symphony оркестри аткарган версиясы жеңди.

Мыкты балдар үчүн музыка болуп “Мен - Малала” музыкалык альбому аталды. Музыкалык жыйнак “Малала: кантип бир кыз билим үчүн күрөшүп, дүйнөнү өзгөрттү” деп аталат. Жыйнактын жаралуусуна жаш укук коргоочу, Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзайдын эрдиги негиз берген. Альбомдун автору Нила Васвани.

Кыргыз коомуна таанымал музыканттарга токтолсок, Сүлүктүдөн Ат-Башыга чейин жаштардын гаджет динамиктеринен жаңырып турган Эминем менен Риана экөө аткарган "The Monster" чыгармасы “жылдын мыкты рэп-вокал дуэти” сыйлыгын жеңди.

Өткөн жылдын жайы борбордун кафе-ресторандарында тынбай жаңырып турган британиялык "Clean Bandit" командасынын "Rather Be" жеңил техно-аспаптык композициясы "мыкты бий жазуу” номинациясына ээ болду.

"Грэмми-2015" аземинде соңку жылда көзү өткөн, музыкага эбегейсиз салым кошкон чыгармачыл инсандар жана диджейлер да эскерилди. Тизме Жо Кокердин ысмы менен башталып, андан ары Пако Де Люсия, Фрэнки Наклс, Чарли Хейден, Хорейс Сильвер жана башка мыкты музыканттардын аты аталды.

«Грэмми» (“Grammy”) — Америкалык үн жазуу академиясынын музыкалык сыйлыгы 1958-жылы түзүлгөн.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG