Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Бишкекте микроавтобус оодарылып жети адам жараат алды


Архив
Архив

Борбордогу Шопоков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жети адам жараат алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо департаментинин маалымат катчысы Аскар Эрдешов билдирди.

Тез жардам кызматы маалымат эрте мененки саат 8:28те түшүп, кырсык болгон жерге үч бригада жөнөтүлгөн.

Эрдешов жабыркаган үч адам Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилгенин, дагы үч киши Улуттук госпиталга алып барылганын айтты. Жабыркаган дагы бир адам окуя болгон жерден кетип калып, кийинчерээк медициналык жардам алуу үчүн кайрылды.

Маалымат боюнча, жол кырсыгында Toyota Land Cruiser жана микроавтобус (285-маршрут) сүзүшүп, жыйынтыгында жүргүнчү ташыган автоунаа оодарылып калган.

XS
SM
MD
LG