Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Жоголгон сүрөттөр Румынияда өрттөлгөндөй


Уурдалган сүрөттөрдүн бири - Клод Моненин 1901-жылдагы "Лондондогу Ватерло көпүрөсү"
Уурдалган сүрөттөрдүн бири - Клод Моненин 1901-жылдагы "Лондондогу Ватерло көпүрөсү"

Голландияда уурдалган атактуу сүрөт чыгармаларынын калдыктары деп шектелген калдыктарды Румынияда изилдеп бүтүп калышты.

Бойок, болотнай, сынган мык өңдөнгөн өрттөнгөндөн калган калдыктар көп миллион доллардык чыгармаларды уурдаган деп шектелген кишинин энесинин үйүндөгү мештен табылды. Пикассо, Моне, Матис сыяктуу даңазалуу кыл калем чеберлеринин чыгармаларынын тагдыры тууралуу ушул айда тергөөнүн жыйынтыгы чыгышы керек. Баласын калкалап калам деп жандалбас урган эне акыркы жылдардагы эң ири көркөм өнөр каракчылыгында уурдалган даңазалуу сүрөттөрдү өрттөп салган.

Бул тууралуу Ольга Догару өзү тергөөчүлөргө айтып бергенден кийин анын үйүндөгү мештен табылган калдыктар текшерүүгө алынууда.

Пабло Пикасонун 1971-жылы тартылган «Арлекини», Клод Моненин 1901-жылдагы «Лондондогу Ватерло көпүрөсү», Пол Гогендин 1898-жылкы «Ачык терезе алдындагы кыз» өңдөнгөн жети сүрөт Голландиянын Роттердам шаарындагы Кунстхал галереясынан былтыр октябрда уурдалган эле.

Бул 10 жылдан ашык мезгилден берки Голландиядагы эң ири көркөм өнөр каракчылыгы болуп калган. Уурдалган чыгармалардын баасы 130 миллиондон 260 миллион долларга чейин деп бааланууда.

Бул кылмыш боюнча Румыниянын үч жаранына, анын ичинде Ольга Догарунун уулу Раду Догаруга айып коюлган.

Ольга Догару тергөөчүлөргө уулу январда камакка алынгандан кийин ал сүрөттөрдү биринчи бош турган бир үйгө алып барып каткандыгын, кийин Дунай дайрасынын алабындагы бир айылдын көрүстөнүнө көмгөндүгүн айтып берген. Анын айтымында, феврал айында сүрөттөрдү кайра казып алып, каракчылардын ана башы деп эсептелген уулунун айыбын жашырыш үчүн үйүнө алып келип өрттөп жиберген.

Орусиялык сүрөткер Туман Жумабаевдин айтымында, атактуу чыгармалар жоголду деп жарыялоо өз популярдуулугун көтөрүүнүн айласын издеген музейдин, же чыгарманы кийин кымбатка сатууну көздөгөн коллекционердин ойлоп тапканы болушу мүмкүн.

Бирок Румыниянын Улуттук тарых музейинин директору Ернест Тарновеану билдиргендей, сүрөттөр өрттөлдү деген жерди текшерүүнүн алдын-ала жыйынтыгы чындыгында да бул чыгармалар жок кылынгандыгын болжолдоого мүмкүндүк берет. Анын айтымында, тергөөчүлөр өрттөлгөн жердеги калдыктардын айрымдары мындан ондогон жылдар мурда колдонулган материалдар экендигин аныкташты:

– Табылган бойоктордун айрымдары өтө уулуу заттар экен. Мындай бойокту азыр колдонушпайт. Ошондой эле болотнайды сүрөттүн алкагына какканда колдонулган мыктар табылды, андайды да азыр чыгарбай калышкан.

Музей өкүлү ошондой эле күлдүн курамы ал бир нече бөлөк сүрөттөрдөн экендигин көрсөткөнүн белгиледи. Март айынан берки экспертизалык иштин жыйынтыгы ушул айда прокурорлорго тапшырылат.

Голландияда сойкулук жана чөнтөкчүлүк менен шугулданган уурулар Роттердамдагы музейде кайтаруунун солгун экендигинен пайдаланып, 16-октябрда ууруга киришкен. Сүрөттөрдү кадимки эле дүкөндөн алчу желим баштыктарга салып чыгып, дарбазанын алдында турган машинага түшүп кетишкен. Алардын машинасын жол кайгуулу токтото жаздап, оңдой берди болуп, өтүп кетишкен.

Раду Догары менен катар дагы эки шектүү ууру камакта кала берүүдө. Алар көркөм өнөр чыгармаларын карактоого адисдешпегендиктен уурдаган сүрөттөрдүн маани-маңызын, алардын канчалык баалуу экендигин жеткиликтүү түшүнө беришпеген сыяктанат.

Жоголгон сүрөттөр авангард чыгармаларды чогулткан жеке менчик Тритон коруна тиешелүү болгон. Голландияда мындан 22 жыл мурда да Амстердамдагы Ван Гог музейинен 20 чыгарма уурдалган эле.

Румыниянын Улуттук тарых музейинин директору эгер сүрөттөр жок кылынганы тастыкталса, "бул акылга сыйбаган кылмыш жана зор жоготуу" болоорун билдирди. Ал эми Санкт-Петербургда сүрөткер Туман Жумагулов мындай жоготуу көркөм өнөр үчүн кээде пайдалуу болушу мүмкүн экендигин белгиледи:

– Бир жаман жагы - сүрөттөн биротоло кол жууйбуз, экинчи жагынан мындай окуя элдин аң-сезимине күчтүү таасир тийгизиши мүмкүн. Эл искусствого көбүрөөк көңүл бөлүп, ал тууралуу көп сүйлөшөт, музейге көбүрөөк барышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG