Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Кыргыздын "жээни" Боб Дилан


Быйылкы жылдын адабият боюнча Нобел сыйлыгы америкалык атактуу ырчы жана композитор, акын Боб Диланга ыйгарылды. Бирок ошол замат эл арасында сыйлыктын ыйгарылышы боюнча ар кандай талаш-тартыштар чыгып кетти.

Анын негизги себеби лауреаттын профессионал жазуучу эместиги, музыкант катары таанылып келгени жана акын катары, жазуучу катары белгисиздиги болду. Ырас, Боб Дилан бир катар поэтикалык жыйнактардын жана “Тарантул” деген романдын жана “Хроникалар” деген автобиографиялык чыгарманын автору. Аталган эки китеп орус тилине эбак эле которулуп, элге кеңири тарап кеткен.

Ошондой болсо да Боб Дилан чынында эле профессионал жазуучу же акын эместиги кашкайган чындык жана негизинен дүйнөгө таанымал ырчы жана композитор катары жакшы белгилүү. Жогоруда айтылган талаш-тартыш ошондон улам чыкты. Маселен, учурдагы орус эстрадасынын белгилүү өкүлдөрүнүн бири Юрий Лоза жаңы Нобелдик лауреатты мындай абройлуу сыйлыкка татыктуу эмес болчу деп ачык эле жазып чыкты. Деле кийинки жылдарда адабий Нобелди чыныгы татыктуу кишилер албай, аны чече турган Швед академиясы негизинен саясий кызыкчылыктарды көздөп келет деген сын да көп айтылып келет эмеспи. Ошого карабастан быйылкы жылдын адабият боюнча Нобел сыйлыгы профессионал жазуучуга же акынга эмес, ырчыга, болгонда да рок ырчысына берилди.

Бирок талаштан тактык жаралат деген чын кеп го. Ошол талаштан кийин гана Боб Дилан чынында да дүйнө маданиятындагы уникалдуу орду бар музыкант жана ырларына өзү сөз жазган, жазганда аябагандай эсте каларлык поэтикалык образдар менен байыткан акын экендиги белгилүү болду. Талашка атактуу жазуучу Салман Рушдиден баштап катардагы адабият күйөрмандарына чейин аралашып, ошондо гана Боб Дилан жөн эле рок ырчысы эмес, роман да жазганын, эң кеминде элүү жылдан бери америкалык каралардын, ар түрдүү улуттук азчылыктардын укугу үчүн күрөшүп келатканын, ар кандай согуштарга караманча каршы маданият ишмери катары таанылганы дайын болду.

Анын биографиясына да кызыгуу ушул сыйлыктан кийин башталды. Болбосо Боб Билан теги боюнча кадимки эле одессалык жөөттөрдөн экенин, бала кездеги фамилиясы Циммерман болгондугун, 1905-жылдагы антисемиттик тополоңдон улам ата-энеси Түркияга жер которгонун кайдан билет элек.

Баарынан кызыгы Боб Диландын чоң таенеси түркиялык экенин, ал таенеси ар качан фамилиясын Кыргыз деп жазганын, болгондо да Түркиянын Карс деген жеринен экенин билмек да эмеспиз. Бул маалымат жогоруда аталган “Хроникалар” деген Диландын китебинин биринчи томунда айтылган. Ал гана эмес, Wikipedia сайтынын англисче барагында мындай деген сөздөр ачык, даана жазылып турат: “In his autobiography, Chronicles: Volume One, Dylan wrote that his paternal grandmother's maiden name was Kirghiz and her family originated from Kağızman district of Kars Province in northeastern Turkey”. Демек, Диландын чоң таенеси түркиялык кыргыздардан, тээ илгерки замандарда барып туруп калган кандаштарыбыздан болушу толук мүмкүн.

Боб Диланга, дээрлик жарым кылымдан берки Американын эң эле атактуу ырчысына Нобел сыйлыгы ыйгарылганына аз эле күн болсо да­, кызуу талаш-тартыш азыркы күндө да уланууда.

Эми Боб Диланга, рок ырчысына, кээде джаз стилинде, кээде американын элет жерлеринде популярдуу болгон “кантри” стилинде ырдаган ырчыга эмне себептен Нобел сыйлыгы ыйгарылды деген маселеге келели.

Швед академиясынын чечими өтө кыска жазылган. Анда “Боб Диланга Нобел сыйлыгы американын атактуу ырчылык салттарын эң сонун жана жаңы мазмундагы поэтикалык саптар менен айкалыштырганы үчүн ыйгарылды” деп айтылат. Бул эмне дегенди билдирет? Буга жоопту жогоруда аталган атактуу индиялык жазуучу Салман Рушди абдан жакшы берди. Анын айтуусунда, адабият деген нерсе эң башында оозеки түрдө, башкача айтканда, фольклор түрүндө жаралганын унутпашыбыз керек; байыркы грек айтуучусу Гомер “Илиада” жана “Одиссея” деген эпосторун адегенде ыр менен ырдап чыккан, кийин гана кагазга түшүрүлгөн дейт Салман Рушди. Экинчи бир белгилүү интеллектуал жана жазуучу Элен Ирэна да ушул пикирди колдоп, Боб Дилан ошол өзү чыгарган ырлары менен, обондору менен биздин доордун эң маанилүү деген маселелерине өз пикирин ачык билдирди, музыканын жана поэзиянын тили менен өзүнчө бир дүйнө жаратты деп айтып чыкты.

Боб Дилан бир канча китеп да жазган.
Боб Дилан бир канча китеп да жазган.

Чынында да Боб Диландын ырларын ырдап улуу ырчы Фрэнк Синатра дүйнөгө атагы чыккан, “Битлз” тобу бүтүндөй доорду калтырып кеткен, Марлен Дитрих, Элвис Пресли, Элтон Жон, Стив Уайндер, Борис Гребенщиков сыяктуу эстрада жылдыздары аброй тапкан. Балким, биздин доордун эң эле кеңири таанылган, эл аралык зор аброю бар, жалаң эле коммерцияны ээрчибей, эң биринчи катарга маданияттын кызыкчылыктарын, адам баласынын гуманисттик кызыкчылыктарын койгон сейрек ырчы ушул Боб Дилан болсо керек.

Дилан албаган эч бир сыйлык калган жок: “Оскар”, “Грэмми”, Америка Кошмо Штаттарынын президентинин атайын сыйлыгы, Жон Кеннеди борборунун атайын сыйлыгы, Пулитцер сыйлыгы жана башка. Эми Боб Дилан Нобел сыйлыгына татыктуу болуп отурат.

Боб Дилан бир кезде Советтер Союзуна да гастролго келип кеткен. Азыркы орус рокерлери Борис Гребенщиков, Майк Науменко ошол Боб Диландын жолун жолдогон ырчылар. Биздин Кыргызстанда да Боб Диланды туурап ырдагандар жок эмес. Рок стилин эле эмес, рэп стилинде ырдаган ырчылар да бирин-серин чыгып келатат.

Ошону менен бирге Боб Диландын чыныгы музыкалык дүйнөсү кыргыз угармандарына дале болсо жакшы тааныш эмес. Сыягы, ХХ кылымдагы дүйнө маданиятынын, анын ичинде музыка маданиятынын дөө-шааларынын бири катары таанылган, чоң энелеринин биринин Кыргыз деген наамы бар Боб Дилан Кыргызстанга да бара-бара жакшы таанылат го деген үмүт бар.

XS
SM
MD
LG