Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

“Евровидениени” Азербайжан жеңди


"Евровидениенин" быйылкы жеңүүчүлөрү - Элдар Гасимов менен Нигар Жамал.
"Евровидениенин" быйылкы жеңүүчүлөрү - Элдар Гасимов менен Нигар Жамал.

Германияда өткөн "Евровидение" сынагында баш байгени Азербайжан ырчылары жеңип алды.






Өткөн түнү Германияда 43 мамлекеттин ырчылары катышкан сынакты телевизордон 100 млн.дой адам көрдү. Элдар Гасимов менен Нигар Жамалдын (""Элл/Никки" деп да аташкан) аткаруусундагы “Артыңа үңүлбө” деген сүйүү ыры алгачкы ирет бул конкурстун тарыхында Азербайжанга жеңишти алып келди.
Бакуда "Евровидение" жеңишин белгилешүүдө

Ошентип, "Евровидение" конкурсу келерки жылы эми Бакуда өтө турган болду. Азербайжандын өзүндө алардын жеңишин чоң сүйүнүч менен кабыл алышты.

Бакунун тургуну Узеир Хусейнов: "Мен Нигар менен Элдарды ушундай өзгөчө күн менен куттуктайм! Мен жалпы азери элин куттуктайм!, - дейт. - Ооба, биз мыктыбыз! Биз башынан эле мыктыбыз жана биз жеңдик!"
Бакуда "Евровидение" жеңишин белгилешүүдө

Бул жолку сынакта экинчи орунду Италиянын, ал эми үчүнчүнү Швециянын ырчылары ээлешти.

"Евровидение" дүйнөгө атагы чыккан бир топ ырчылардын тушоосун кескен. Маселен, 1974-жылы “Абба” тобу, ал эми 1988-жылы Швейцариянын атынан чыккан канадалык ырчы Селин Дион бул конкурстагы жеңишинен кийин дүйнөгө белгилүү болушту.





Бакуда "Евровидениедеги" жеңишти белгилешүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG