Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Эң көп Грэммини британ ырчысы жеңип алды


Британ ырчысы Адель Грэмминин 6 түрдүү сыйлыгына татыды. Лос-Анжелес, 12-февраль.
Британ ырчысы Адель Грэмминин 6 түрдүү сыйлыгына татыды. Лос-Анжелес, 12-февраль.

Кечээ Лос-Анжелесте Грэмми музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, америкалык музыкалык академия 54-жолу өз лауреаттарын атады.

Бул жолку салтанаттын жылдызы - 6 номинацияда жеңген британиялык ырчы Адель болуп калды. Анын "Rolling In The Deep" деген композициясы жылдын эң мыкты ыр деп таанылды.

Былтыр ноябрда Аделдин үн түйүндөрүнө операция жасалып, ошондон бери ырдай элек болчу. Сыйлыкты алып жатканда ырчы аны сакайткан доктурларга ырахматын айта кетти.Аткаруучунун “21” деген ыр жыйнагы да жылдын альбому деген категорияда 1-орунга татыды.

"Жыйнакка кирген ырлар күнүмдүк жашообуздан алынган, эки кишинин оту күйүшпөй калган учурду көпчүлүгүбүз эле баштан кечиргенбиз. Бүгүнкү ийгилигим, сезимдеримди айтып бериш үчүн сөз жетпейт. Бул - жашоомдогу бурулуш жыл болду", - деди толкунданган ырчы.

Жыйнак былтыр январдын этегинде чыгып, 1 айдан кийин Америкага жеткен. Бир жылдай убакттын ичинде анын 5 миллиондон ашуун нускасы сатылды.

Аделдин атаандаштары бул ирет Леди Гага, Кэти Перри, Кени Уэст, Бруно Марс жана башка мегажылдыздар болушту.

Foo Fighters рок тобу 5 номинацияда, рэп ырчы Кени Уест 4 номинацияда жеңишти.

Быйылкы азем 11-февралда салтанатка катышуу үчүн Лос-Анжелеске келип, табышмактуу жагдайда көз жумган Уитни Хьюстонду эскерүүдөн башталды. Кеченин алып баруучусу Женнифер Хадсон маркумдун эң белгилүү "I Will Always Love You" ырын аткарды. Бул ыр үчүн Хьюстон 18 жыл илгери Грэмми сыйлыгын алган.

Салтанатта даңазалуу Пол Маккартни, Стиви Уандер, Брюс Спрингстин, Бич Бойз өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Академиянын сыйлыктары 1958-жылдан бери тапшырылып келатат. Музыканттар дүйнөсүндө ал кинодогу Оскарга тете сыйлык. 78 категориядагы жеңүүчүлөрдү академиянын мүчөлөрү добуш берүү аркылуу аныкташат.

Белгилей кетсек, Грэммиге татыган аткаруучу же композиция, ырлар сөзсүз эле хит-параддарда алдыңкы орунду ээлегендер же көп сатылгандар эмес.
XS
SM
MD
LG