Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49
“Азаттык” радиосунун угармандарына бир музыкалык чыгарма жакшы эле тааныш болуп калды көрүнөт, ал - “Тарых жана тагдыр” түрмөгүн ачкан кыска реприза. Ырас, бул музыка биздин угуучулардын кулагына мурун деле жаңырып жүрүшү толук мүмкүн, бирок аны чоо-жайы, тарыхы жана темасы чынында да көпчүлүккө белгисиз эле. Ушуга байланыштуу айрым угармандар менден тез-тез сурап калышчу болду: бул эмне деген музыка, анын автору ким, качан жана эмне тууралуу жазылган? Ошол себептен бул жолку уктурууну ушул темага арноону чечтик жана бул улуу чыгарманын жаралыш тарыхын, айрыкча идеялык жана тематикалык жандырмагын аз да болсо чечмелеп берүүнү туура таптык.





Ырасында эле немис композитору Рихард Штраустун бул музыкасы - дүйнө музыкасынын эң эле атактуу чыгармаларынын бири жана анын жаралыш тарыхы, ар кайсы кинофильмдерде, клиптерде, телеберүүлөрдө колдонулушу - өзүнчө чоң тема.

Баарынан кызык жери - бул чыгарма атактуу философ Фридрих Ницшенин «Ушуну айткан Заратустра» аттуу эмгегинин түздөн-түз таасири астында жазылган жана ошол философиялык эмгекке карата музыкалык иллюстрация болуп эсептелет. Ал эми Ницше “Ушуну айткан Заратустра” деп аталган чыгармасын өзүнүн эң негизги эмгеги катары санаган жана анда өзүнүн негизги философиялык идеяларын чагылдырган.

Ушул жерден суроо туулат: Фридрих Ницшенин ал чыгармасы эмне тууралуу эле жана аны бир нече сүйлөм менен туюнтууга болобу? Жооп: албетте, ал өтө кыйын иш, анткени ницшеанство - дүйнө философиясындагы эң эле белгилүү жана эң эле талаштуу агымдардын бири жана анын түп тамыры христиан динине чейинки грек философиясы жана атактуу спартанизм же спартандык этика менен тыгыз байланышкан. Ал эми Ницшенин негизги этикалык идеясы - бул дүйнөдө ким күчтүү болсо, мөөрөй ошонуку деген идея; жеңиш - жеңгендики, бийлик - күчтүүнүкү.

Ницшенин кээ бир философиялык концепцияларын кыргыз элинин айрым бир төл сөздөрү менен абдан жеткиликтүү кылып туюнтууга болоор эле: дүйнө башынан ала-кула жаралган, аны оңдоп-түзөөгө эч бир мүмкүн эмес. Башкача айтканда, беш кол эч качан тең эмес жана тең болбойт дагы. Ницшенин ою боюнча, табият баарын туура жараткан; бирин алдуу, экинчисин алсыз кылып түзгөн да ошол табият. Ошондуктан кудайга эмес, табиятка сыйынуу керек (Ницше—Христос идеясын жеринен жактырбаганын, жеткен атеист болгонун айта кетели), калың массаларды артынан ээрчиткен күчтүү адамдарга, Наполеон, Байрон өңдүү залкарларга сыйынуу керек,-деп эсептейт ницшеанство.

Ницше сыйынган композитор Рихард Вагнер экенин, анын “Лоэнгрин”, “Тангейзер”, “Парсифаль” сыяктуу чыгармалары анын сүйүктүү чыгармалары болгонун да кошумчалай кетели. Ал эми немис маданиятында, айрыкча бул улуу элдин музыкалык мурасында Вагнердин орду өтө зор экенин жана ал немистердин чыныгы улуттук мүнөзүн, руханий дүйнөсүн эң эле терең жана таамай чагылдырган композиторлордун бири экендигин баса белгилешибиз керек. Ырас, Рихард Вагнер айрым бир антисемиттик көз караштары болгон жана анысын деле көп жашырбаптыр. Вагнердин ушул мүнөзүн кайсы бир деңгээлде Ницше да, Штраус да, Штраустун музыкасын жерине жеткире аткарган улуу дирижер Герберт фон Караян да кайсы бир деңгээлде мурастап калган дешет тарыхчылар.

Кыскасы, композитор Рихард Штраус Ницшенин жогорудагы философиясын толугу менен кабыл алып, натыйжада “Ушуну айткан Заратустра” аттуу кереметтүү музыканы жараткан. Бул музыкада күнгө сыйынуу, жерге табынуу, табияттын миң кубулган түрүнө, дүйнөнүн түркүгү болуп эсептелген күчтүү инсандарга таң калуу, улуу адамдарга суктануу жана сыймыктануу жатат.

Бул музыка 1896-жылы жазылган экен. Ошол убактан бери карай “Ушуну айткан Заратустра” аттуу симфониялык поэма эң эле көп аткарылган жана бүт дүйнө суктанып уккан чыгармалардын бири болуп калды. Бул музыкалык чыгарманы англиялык кинорежиссер Стэнли Кубрик классикалык фильм деп эсептелген “Космос одиссеясы: 2001” (убагында онго жакын Оскар сыйлыгын алган) фильминде абдан келиштирип колдонгондон кийин анын даңкы ого бетер чыкты. Советтер Союзунда аны “Что? Где? Когда?” деген телеберүүдө пайдаланышчу.

Бирок бул атактуу музыканын көркүн ого бетер чыгарып, маанисин жеткире аткарган дирижер Герберт фон Караян болду. Караян да улуту немис, Рихард Штраус сыяктуу эле Вагнердин музыкасын жан дили менен сүйгөн, Ницшенин жогоруда аталган философиялык эмгегин далай жолу кайталап окуган улуу дирижер экен. Ал эми Ницшени, Штраусту, Герберт фон Караяндын бириктирип турган зор авторитет - Рихард Вагнер, анын Германиянын күчтүү рухун чагылдырган музыкасы болгон. Анын аткаруусундагы Штраустун “Ушуну айткан Заратустра” симфониялык поэмасы дүйнөлүк музыка маданиятынын алтын казынасына кирди.

Ошентип немис маданиятынын үч алпы ар кайсы убактарда жашап өтүшсө да, бири менен экинчиси музыка аркылуу байланышып, Германиянын атын чыгарышты, дүйнө маданиятын байытышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG