Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Ырдын шаасы Муслим Магомаев


Муслим Магомаевдин жаш кези, 1960-70-жылдар.
Муслим Магомаевдин жаш кези, 1960-70-жылдар.
Эгерде эсил кайран СССРде эң популярдуу жана эң таанымал ырчы ким болгон деген суроо туулса, анда эч тартынбастан ал -- Муслим Магомаев десек туура болмок. Көзү тирүү кезинде эле “Орфей” (байыркы грек мифологиясындагы кереметтүү ырчынын аты), опера менен эстраданын шаасы аталган Муслим чынында эле кичи мекени Азербайжан гана эмес, бүтүндөй СССРдин вокалдык сыймыгы катары, тирүү легенда, чоң тарыхтын өзүнчө бир жаркын тарыхы катары кабыл алынчу. Анын үстүнө Муслим Магомаев жаштайынан өтө мыкты тарбия алып, Азербайжандагы абдан атактуу музыкалык үй-бүлөдө өсүп-чоңоюптур. Чоң атасы таанымал композитор болсо, өз атасы Магомет Магомаев театр сүрөтчүсү экен. Баса, Азербайжандын мамлекеттик филармониясы азыр да ошол Магомет Магомаевдин ысмын алып жүрөт.
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:52 0:00
Түз линк



Деле Муслим Магомаевдин генинде азербайжандын да, татардын да, орустун да, ал гана эмес түрк менен адыгейдин да каны бар экен, себеби чоң энеси татар кызы болсо, тууган апасы орус менен адыгейдин аралашмасы экен, ал гана эмес түп бабаларында чечен улутунун да түздөн-түз тиешеси бар, деп жазышат Муслимдин санжырачылары.

Кандай болгонда да Муслимге табият, талант дегендин эң бир даанасын, шык-жөндөмдүн эң бир ашкересин, айрыкча үндүн, музыкалык табиттин нака мөлтүрүн ыроологон экен, чиркин. Себеби бала кезинен аябай ыр жандуу чыгып, жаны сүйүп жактырганы негизинен опера ырчылары болуп, айрыкча легендарлуу Марио Ланца, Энрико Карузо сыяктуу дүйнө операсынын жаркын жылдыздарын жантыгынан жата калып укчу экен. Билимди болсо Бакудагы музыкалык окуу жайда фортепиано классында алыптыр. Ошондо эле өз алдынча ыр ырдап, айрым опералык партияларды өзүнчө эле жаттап, болочок ырчынын музыкалык таланты фортепиано менен вокалдын ортосунда тең жарылып ачылыптыр. Ошол кезде эле анын эт-бетинен кетип жактырган ыры “Севилдик чачтарач” операсындагы Фигаронун ариясы экен. Кийин дүйнөгө аты чыккан опера ырчысы болгон кезде да ушул ария Муслим Магомаев вокалдык талантынын жакут сыңары жаркыраган өрнөгү болгонун, Баку консерваториясын аяктагандагы дипломдук иши жана дүйнөдө эч ким ага тең келип аткара албаган ариясы болгонун белгилей кетели.

Муслим Магомевдин ырчы катары атагы эң эле эрте чыккан. Жаштардын Хельсинкиде өткөн дүйнөлүк фестивалында (1962) лауреат болуп, ошого удаа эле жеке концерттик программасы Москвадагы Чайковский атындагы атактуу залда зор ийгилик менен өтүп, анын талантына тан берген Совет өкмөтү жаш ырчыны Миландагы Ла Скала театрына стажировкага жөнөткөн. Эки жыл Италияда машыккандан кийин анын ырчылык чеберчилиги аябагандай өсүп, Муслим Магомаев тез эле Советтер Союзундагы эң популярдуу жана эң сүйүктүү эстрада жана опера жылдызына айланган.

Магомаевдин ырчылык репертуары өтө сейрек кездешкен кенен жана бай репертуар десек жаңылбас элек. Муслим орусча да, азербайжанча да, англисче, французча, ал гана эмес испан тилинде да ырларды аткарчу. Анын аткарган чыгармаларынын жалпы саны 600дөн ашуун, дешет изилдөөчүлөр.

Операда кандай алдына эч кимди салбаган чебер ырчы болсо, эстрада жагынан да Магомаевдин таланты ташкындап, бара-бара Азербайжан калкынын эле эмес, бүтүндөй Советттер Союзунун мактанычына, катардагы күйөрмандар эле эмес, Леонид Брежнев, Юрий Андропов сыяктуу күйөрмандары, Гейдар Алиев сыяктуу чоң мартабалуу менторлору бар, 31 жашында СССРдин эл артисти деген ардактуу наамды алган мегажылдызга айланган.

Албетте, Магомаевдин СССРде эле эмес, бүт дүйнөгө таанымал кыла турган зор музыкалык дарамети бар эле. Өз алдынча ырчылык стили, укмуштуудай кооз үнү бар, чыныгы белькантону эң сонун өздөштүгөн, өң десе өңү, билим десе билими бар, фортепианодо эң сонун ойногон, композиторлук мыкты таланты бар Магомаевди эң мыкты ырчы катары тааныбаска чара да жок эле. Кезинде аны нечен жолу Парижге да, Америкадагы Голливудга да чакырышып, сан жетпеген акчалар, миллиондон доллар контракттар сунуш этилген. Бирок ырчы өз өлкөсүнөн алыс кетүүнү каалабаптыр. Эң негизги себеби -- анын айынан Бакудагы тууган-уруктары, жоро-жолдоштору азап чеге турганын ачык сезген.

Эгерде ошол учурда Муслим Магомаев батышка кетип калганда, эң эле атактуу деген Френк Синатра сыяктуу эстрада жылдыздарынан, Лучано Паваротти же Пласидо Доминго сыяктуу опера чеберлеринен эч бир кеми жок, балким алардан да аты даңктуу супержылдыз болушу эч бир кадиксиз эле.

Муслим Магомаев -- ырчы эле эмес, киноактер катары да бир нече фильмге тартылганын, өмүрүнүн соңку жылдарында сүрөт өнөрүндө өзүн мыкты көрсөтүп, ал гана эмес компьютердик дизайн жагынан да жакшы жөрөлгөлөр жарата алганын айрымдар билбеши да мүмкүн. Айтор, азербайжан элинин атактуу уулунун көп кырлуу таланты өзүнчө чоң китеп жазганга толук татыктуу тема экенин баса белгилесек туура болот го.

Магомаевдин өмүр жолуна абай сала отуруп, атактуу ырчы бүт дүйнөнү түрө кыдырып, бирок эмнегедир Кыргызстанга келе албаганын көрүүгө болот. Азыркыга чейин эсимде: мындан илгерээк, б.а. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленген учурда Бишкекке ардактуу конок катары Муслим Магомаевди чакырууну чечтик. Идеология менен социалдык тармакты тейлеген адам катары, ырчынын чоң күйөрманы катары сүйлөшүүнү мен жүргүзө турган болдум. Москвадагы телефонун таап, номурун бураганда телефонду Муслимдин келинчеги, атактуу опера ырчысы Тамара Синявская көтөрдү. Мен маселенин жайын айтканда эле: “Ой, как жалко, мы с Муслимом так хотели бы посмотреть Киргизию, там мы ни разу еще не были, но у нас весь год уже расписан!” - деп өкүнгөнүн жашырбады. Ошентип Магомаев бизге келе албай калды.

Өмүрүнүн соңку жылдарында Муслимден мындай бир суроо сурашыптыр: “Эгер табийгат-тагдыр тил алып, кайра дагы бир туулушка мүмкүнчүлүк болсо, кандайча өмүр өтөөр элеңиз?” Бул суроого ырчы: “Дагы эле ушундай турмушту, ушул тагдырды тандамакмын, бир гана үстү-үстүнө тамеки чеккенди таштаар элем” деген экен...

Айткандай эле улуу ырчы Муслим Магомаевдин түбүнө дал тамекинин түтүнү, сигареттин уусу жетти, дешет билгендер. Жаштайынан бир күндө бир нече пачке тамеки чеккен улуу ырчынын бара-бара жүрөгү начарлап, дем алышы кыйындап, үнү эч бир бузулбаса да ыр ырдаганга шаасы жетпей, ал гана эмес ордунан туруп, ары-бери басканга жарабай калган дешет.

Акыры ырчы 2008-жылы октябрь айында жүрөк оорудан каза таап, сөөгү Бакудагы азербайжан элинин улуу инсандарынын табыты жайгашкан мазарга чоң салтанат менен коюлду. Аты жаңыдан салынган Крокус Сити-холл деп аталган заманбап музыкалык борборго берилди. Сөөгү жерге берилген маалда борбор шаар Бакунун үстүндө анын “Кош бол, Баку” аттуу ыры жаңырыктап турду…

Муслим Магомаев көзү өткөндө бир орус гезити биздин доордун эң кооз музыкалык доошу өчтү, булбулдун тили катты, эң акыркы трубадур арабыздан кетти деп жазганы али да эсте.

Албетте, Магомаев дагы далай замандарга таланты менен, керемет үнү менен өлбөй-өчпөй кала берет. Анткени анын үнү, ырлары, опералык ариялары, өзүнүн жазган чыгармалары миллиондогон даана пластинкаларга, СДлерге, магнит ленталарына жазылып калды. Ал эми Интернетте атактуу ырчынын кайсы чыгармасы же ыры болсо да ар дайым угууга жана жан жыргата маашырланууга болот.

Ошондуктан жаңы доордун Орфейи Муслим дале болсо арабызда. Дале болсо ырлары менен ариялары мезгил менен мейкиндиктин чектерин жерип, жаңырыгы ай-жылдыздын койнун аралап, сүйүү менен сагынуунун, мекен менен эл-жердин ырын ырдоодо.

XS
SM
MD
LG