Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Гений жана көрө албастык… Бул байыртан келе жаткан дилемма, эскиден калган оору, азыр да жашап келаткан бүтпөс проблема.

Генийдин генийлигин эл тааныйт, бирок аны тегеректегендер эч бир көргүсү келбейт же көрсө да көрмөксөнгө салат. Ортозаар жөндөмү бар адам орошон таланттын жанында өзүн ар дайым кор сезет, кем сезет, ошондуктан аны колдон келсе четке сүрүп таштап, ордун басканга тырышат. Буга мисал дүйнө маданиятынын тарыхынан ондоп эмес, жүздөп табылат го.

Биздин кыргыз маданиятында эле канчасы болгон. Маселен, Токтогул менен Арзымат, Чыңгыз жана аны жоготкусу келген, эң кур дегенде кордогусу келген эң кеминде жоон топ акындар менен жазуучулар. Ал эми таланты тоо гүлүндөй жаңы ачылып келаткан кезде жарык дүйнө менен кош айтышкан Таттыбүбүчү? Бул тууралуу афсаналар азыр да эл оозунда, азыр да муундан муунга өтүп айтылып келет. Санай берсек мындай мисалдар четтен чыгат. Бекер жеринен “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” деген накыл кеп чыкпаса керек.

Бетховендин сүйүүсү жана жек көрүүсү

Бетховен өмүрүнүн 31 жылын дүлөй өткөргөн жана бул жылдары атын дүйнөлүк музыкага алтын тамга менен чеккен 9 симфония, фортепиано үчүн 32 соната, 60 пьеса жана башка түрдүү чыгармаларды жараткан.

Ошол гений жана ортозаар, талант жана көрө албастык деп аталган дилемманын же драманын эң эле атактуусу мисалы, дүйнөлүк тарыхтан таасын ордун тапканы, эч бир өчпөс изин калтырган окуясы - гений композитор Моцарт менен жөндөмдүү композитор Сальеринин карым-катнашы, тарыхы болсо керек.

Вольфганг Амадей Моцарт (1756-1791), австриялык композитор, болжол менен 250 жылдан бери “музыканын пири” деген атка конгон улуу инсан болгону 35 жаш курагында күтүлбөгөн жерден каза тапкан. Бирок Моцарт дал ошо эрте каза тапканы, чыныгы генийдин өмүрү ушунчалык эрте кыйылганы тууралуу толуп аткан божомолдор, легендалар, эң кеми эки кылымдан бери айтылып да, жазылып да келатат.

Эң негизги версия - Моцарт киши колдуу болуп өлгөн деген версия. Болгондо да Моцарттын талантын баалай да, түшүнө да билген, бирок эч качан андан канча тырышса да алдыга озо албай койгон досу, италиялык композитор Антонио Сальери уу берип өлтүргөн деген жоромол. Бул жоромол чынбы же жалганбы - ташка тамга баскандай далилдеп чыккан эч ким жок, бирок ар дайым ичи тарлык кылып, колунун учу фортепьяного тийсе эле таланты ээ-жаа бербей ташкындап кеткен Моцартка ачыктын ачык көз арткан Сальери тындым кылган го деген ишеним азыр да эл ичинде жашап келет.

Моцарттын генийлиги, бармактайынан баштап эле музыкага өтө ышкылуу чыкканы, беш жашында алгачкы чыгармасын жазып, алты жашынан баштап эл аралап концерт берип, болгондо да Франция менен Англиянын королдорунун ак сарайларында музыка ойноп, болжол менен 12 жаштагы курагында алгачкы симфониясын жазганы тарыхтан жакшы белгилүү. Моцарт бала кезинде эле бир ооздон гений аталган. Бирок ошол генийлиги зор бийиктикке көтөрүлүп, атагы таш жарып, бүт Европа Моцарттын талантына таазим кылып турган учурунда күтүлбөгөн жерден каза болгону - чынында да шек саната турган, ар кандай божомолдорго жем таштаган иш эле. Музыкасы күндөй жаркыган, таланты Альпы тоосунун көк кашка сууларындай оргуштаган Амадео эмне себептен каза болгону, ким ага күнөөлүү экени жөнүндө ар кандай жоромолдор айтылып, кызыл чеке талаш-тартыштар ошондо эле башталган. Бирок улуу композитор Моцарт аны тегеректеп жүргөн теңтайлаштардын, көрө албастардын колунан ууланган, ээ-жаа бербеген талантынын азабын нечен тарткан деген аңыз кептер, легендалар азыр да токтолгон жок жана эч качан токтолбойт го деген ой жаралат.

Антонио Сальеринин портрети

Антонио Сальеринин портрети

Айтууга караганда, Сальери өзү деле аты белгилүү, көп иштеп, көп музыкаларды чыгарган, бир катар дурус эле опералары менен элге таанылган композитор болгон экен. Аны талант жагынан такыр куржалак музыкант деп эч ким деле айтпаптыр. Анын үстүнө ал кездеги Европада италиялыктар жазган опералар ар дайым мыкты деп саналган, аны немистар деле, англичандар деле ачык моюнга алган. Ошого карабастан Антонио Сальери ар дайым Моцарттын көлөкөсүндө калып келиптир, канча аракет кылса да анын талантынан эч бир аша албаптыр. Өзү музыканын, композициянын сырын ийне-жибине чейин билген адам болгондуктан Сальери Моцарттын генийлигине ар дайым чын ниетинен баа берип, анын таланты качан болсо оргушап турганына ушунчалык таң калчу экен. Бирок ошол таң калуусу, табият берген талантка там бергени бара-бара ичи тарлыкка айланып, качан болсо Моцарттын артынан ээрчиген экинчи, үчүнчү катардагы композитор атанганына Сальери абдан арданчу дешет. Муну орустун улуу акыны Александр Сергеевич Пушкин атактуу “Моцарт жана Сальери” деген трагедясында абдан сонун кылып жазып кеткен.

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу - ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон.

Пушкиндин жазганына караганда, италиялык композитор Антонио Сальери Моцартты уу берип өлтүргөн. Ырас, бул жоромол чындыкпы же жокпу, Моцарт ажалынан өлгөнбү же чын эле иши колдуу болгонбу деген маселе азыр деле далилдене элек.

Бир катар тарыхчылар Пушкиндин версиясына толугу менен кошулса, бир катары бул жоромолду ушак катары санашып (мис. Г. Аберт, Г. Стаффорд), Моцарт капысынан келген оорудан, кудай берген ажалдан а дүйнө салган деп далилдеп жүрүшөт. Бул тууралуу бир канча китептер жазылган, кинолор да тартылган. Ал кинолордун эң эле атактуусу деп белгилүү режиссер Милош Формандын “Амадео” деген тасмасын айтууга болот го. Бирок ошол фильмде деле режиссер Форман гений композитор Моцарттар дайым ташкындаган талантынын азабын аябай тартып, ар дайым интригалардын, көрө албастыктын бутасы болгонун, ошол көрө албастардын бири жана эң митаамы жогоруда аталган Антонио Сальери болгонун ачык көрсөтөт.

Моцарт менен Сальеринин тарыхы, деле генийге көз артуу, таланттуу адамга таш ыргытуу, бут тосуу дүйнө маданиятынын тарыхында ар дайым болуп келген нерсе жана мындан ары да боло берет го. Ага мисал тарыхта ондоп саналат. Ошол эле Александр Сергеевич Пушкин замандаштарынын нечен ушак-айыңынын курманы болуп, акыры ага чыдай албай, эрөөлдө каза тапкан эмеспи. Башканы коюп, биздин эле улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов көзү тирүү кезинде кандай тоскоолдуктарга учураганын, эмне деген каршылыктарды жеңгенин, ал гана эмес “Манас” эпосун дүйнөгө жайылтканы үчүн, кыргыз тилин жактаганы үчүн айыпка жыгылып, “улутчул” деген атка конгонун, кыргыздын эле эмес, Москванын гезит-журналдары аёосуз чабуулга алганын эстейличи.

Моцарт

Моцарт

Моцарт жаш курагында, таланты гүлдөп турган кезинде 1819-жылы каза болгон экен. Легендага караганда Антонио Сальери андан алты жылдан кийин каза болуп, бирок көзү өтөөрүнө аз калганда билип-билбей кылган күнөөлөрүнүн ичинен дал ошол Моцартты ууландырганына абдан арман кылып, кудайдан миң мертебе ырайым сураган дешет.

Вольфганг Амадео Моцарт 1819-жылы каза болгондо аз эле кишилер тажиясына келип, сөөгү катардагы маркумдар жаткан көрүстөнгө коюлган. Ырас, тогуз күндөн кийин Прагада 4000 киши чогулуп, Моцарттын арбагына арналган коштошуу аземинде гений музыканттын атактуу “Реквиеми” аткарылган. Ыйлаган, көз жашын төккөн адамдар көп болгон. Бул соңку чыгармасын Моцарт аягына чейин жазганга үлгүрбөй калган, анткени ага күтүлбөгөн жерден мерт кетип, композитордук таланты эми ташкындап турган кезинде өлгөнү себеп болгон…

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG