Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

"Оскар": Оомат француздарда


АКШ - “Артист” деген романтикалык комедиясы эң мыкты фильм аталган француз режиссеру Мишел Хазанавичус сыйлык алып жаткан учуру. 26-февраль, 2012.

АКШ - “Артист” деген романтикалык комедиясы эң мыкты фильм аталган француз режиссеру Мишел Хазанавичус сыйлык алып жаткан учуру. 26-февраль, 2012.

Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыктарын тапшыруу аземи бул жолу француз киносунун триумфуна айланды.

Мишел Хазанавичустун “Артист” деген романтикалык комедиясы 5 категорияда жеңип, эң мыкты фильм аталды. Башкы ролду аткарган Жан Дюжардэн эң мыкты актер катары “Оскар” айкелчесин алган алгачкы франциялык актер болуп калды. Эң мыкты актриса номинациясында 3-Оскарга “Темир айым” фильминдеги башкы ролу үчүн Мэрил Стрип татыды.

Ирандык режиссердун “Ажырашуу” фильми чет тилдеги фильмдердин категориясында жеңди.

Теги литвалык режиссер Хазанавичус кино дүйнөсүндөгү мегажылдыздар Вуди Аллен, Мартин Скорсезе, Терренс Малик, Александр Пэйнди артта калтырып, америкалык академия тарабынан 2011-жылдын эң мыкты режиссеру деп таанылды. Буга чейин француз киносунун бир эле өкүлү - теги польшалык режиссер Роман Полански “Пианист” деген фильми үчүн ушундай эле сыйлык алган.

Актер деген аталыштагы үнсүз, кара-ак түстө тартылган фильмдин музыкасы жана костюмдары да Оскарга ээ болду.

- Мен азыр дүйнөдөгү эң бактылуу режиссермун. Академияга, бардыгыңарга чоң рахмат. Продюсер Томас Лангманнга, Харвэй Вайнштейн компаниясына ыраазычылыгымды айтам. Актерлор – Жан Дюжардэн, Беренис Бежого рахмат.

1920-жылдары Голливуддун үнсүз тасмаларында тартылган актерлорго арналган бул фильм фавориттер арасында аталып, жалпысынан 10 номинацияда “Оскарга” көрсөтүлгөн. “Артист” буга чейин абройлуу “Цезарь”, БАФТАС, “Гойя” сыйлыктарын, 3 “Алтын глобусту” жеңген.

Эң мыкты актер аталган Жан Дюжардэн “Оскарды” алып жатып, ал аткарган каарман сүйлөсө сөзсүз: “Рахмат! Мен силерди жакшы көрөм !” - деп айтмак деди. Дюжардэн да өз номинациясында Брэд Питт, Жорж Клуни өңдүү Голливуддун белгилүү актерлорунан озуп чыкты.

84-жолу өткөрүлгөн аземде Мартин Скорсезенин “Уго Кабре” деген фильмине да 5 айкелче тийгени менен, көбү техникалык категорияларда болду.

Дюжардэнден айрмаланып, “Темир айым” фильминде Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчердин ролун аткарган америкалык актриса Мэрил Стрип ушуну менен 3 ирет “Оскарга” ээ болду. Алтын жалатылган айкелчедей жылтылдаган узун көйнөк кийген актриса “америкалыктар менден тажаган жокпу” деп тамашалады:

- Менин атымды аташканда, Американын жарымы, “Оо, жок, эмнеге кайрадан эле ал жеңди”, - деп айтканын элестеттим. Кандай болсо да... Бул чоң сыймык. Бирок мен достук, сүйүү... фильм жаратып атканда бири-бирибиз менен бөлүшкөн кубанычты өзгөчө баалайм.

Ирандык режиссер Аскар Фархади “Ажырашуу” тасмасынын чет өлкөлүк фильм категориясындагы жеңишин өз элине багыштаарын айтты:

- Дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде азыр бизди көрүп аткан ирандыктар кубанып жатышса керек. Себеби саясатчылар кайым айтышып, коркутуп-үркүтүүлөр, уруш жөнүндө сөздөр айтылып жаткан кезде өлкөбүз Иран көөнөргүс маданиятына байланыштуу аталып жатат. Бул сыйлыкты бардык маданияттар менен цивилизацияларды урматтаган, кастыкты жек көргөн элиме арнаймын.

Саясат демекчи, Франция президенти Николя Саркози жана социалисттердин президенттикке талапкери Франсуа Оланд жарышып, франциялык кино чеберлерин ийгилиги менен куттукташты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG