Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

Советтик композитор В. Соловьев-Седой отуз жылдан ашуун чыгармачылык жолунда баш-аягы 500гө жакын обон жараткан дешет. Бирок ошол беш жүз ырынын ичинен бирөө гана анын атын дүйнөгө таратып, ысмын советтик музыканын тарыхына алтын тамга менен жазарын эч качан күтпөсө керек.

Ырас, мындай мисалдар музыка маданиятынын тарыхында көп кездешет: француз Роже де Лиль толуп аткан ырларды жазса да, атын тарыхка түбөлүк калтырган жападан-жалгыз ыры “Марсельеза” экен. Ошол эле сыяктуу бир ыры менен тарыхта калган композитор - Александр Алябьев, 19-кылымда жашап өткөн орус музыканты, атактуу “Соловей” (Булбул) деген ырдын автору.

“Подмосковные вечера” (Подмосковье кечтери) - В. Соловьев-Седойдун ошондой эң эле атактуу ырларынын бири. Сөзүн Михаил Матусовский жазган. Владимир Трошин - ушул ырдын эң эле мыкты аткаруучусу жана бул ырды аткарганы үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алган артист.

Ырдын жазылышынын кыскача тарыхы жөнөкөй эле: белгилүү композитор В. Соловьев-Седойго 1955-жылы СССР элдеринин кезектеги спартакиадасына карата телефильмге музыка жазып бериңиз деген буюртма түшөт. Ал кезде аты Союзга жакшы таанылып, өзүн салабаттуу композитор деп эсептеген Соловьев-Седой бир чети айнысамбы деп отуруп, бирок ала турган акчасына кызыгып, ой-пикир бер, идея бер деген кыязда досу Михаил Матусовскийди дачасына чакырат.

Жаңы музыка жазгысы келбеген Соловьев-Седой бир кезде мотивин жазып, бирок сөзүн таба элек эски нотасын кол жазмаларынын арасынан таап чыгат. Ага Матусовский “Ленинградские вечера” деген темада сөз жазат. Ошентип ыр негизинен даяр болгонсуйт. Заказ бергендерге келип, ырдын нотасын беришсе, эмнегедир ыр аларды анча алымсындырбаптыр. Сөзү да анча так эместей (мисалы, “Песня слышится и не слышится” деген сап баарына жакпаптыр), ырдын музыкасы да эмнегедир шалкы, ыкшоо, кызыксыздай туюлуптур.

Кыскасы, убакыттын чукулдугунан, башка жарытылуу музыка жоктугунан гана айласыз макул болушуп, спортсмендер тууралуу телефильмге ырды жаңы - “Подмосковные вечера” деген ат менен киргизишиптир…

Баса, ырды аткарып бер деп ошо кездеги абдан популярдуу ырчы жана актер Марк Бернеске да келишиптир. Бирок Бернес ырдын сөзүн да, мотивин да жактырбай, ал гана эмес, “Что ж ты милая смотришь искоса, Низко голову наклоня” деген сапты окуганда кадимкидей эле кыткылыктап күлгөн дешет, "ушундай да ыр болобу" деп.

Сыягы, бул ыр ушунчалык элге бат алынып, тез эле бүт Союзга тарап кетээрин авторлор өздөрү деле эч качан күтпөсө керек. Айрыкча Владимир Трошиндин аткаруусундагы бул ыр СССРдеги эң эле эл сүйүп ырдаган ырга, Москванын бейформал гимнине, бара-бара бүт дүйнө алакан чапкан хитке айланып кеткен.

Кийин “Подмосковье кечтерин” атактуу азербайжан ырчысы Рашид Бейбутов, француз ырчысы Мирей Матье, италиялык ырчы Тото Кутуньо, дагы бир француз ырчысы Рози Армен, супержылдыз Муслим Магомаев, кийинчерээк Дмитрий Хворостовский, Анна Нетребко жана башка бүт дүйнөгө аты чыккан ырчылар ырдап чыкты. Баса, кийинки эки ырчы бул ырды Москванын Кызыл аянтында 2013-жылкы гала-концертте чогуу ырдаганда отургандардын баары Хворостовский менен Нетребкону бир кишидей коштоп, алардын арасында Владимир Путин да болгонун эске сала кетели.

Ал эми Кытайда бул ыр азыр да эң популярдуу ыр болуп саналат. Кытайдын президенти Цзянь Цземинь бул ырды ар бир жолку ШКУнун саммитинде чын дили менен берилип ырдачу. Мен өзүм да бир жолу Сан-Франциско шаарынын метросунда бир аккордеонист ушул ырды ойноп отурганын көрүп, астында жайылып турган “супарасына” чын ыкласымдан дурус эле тыйын-тыпыр таштап өткөнүм эсимде.

Ошентип, бери болгондо жарым кылымдан бери “Подмосковные вечера” бүт планета жакшы билген жана тыңшаган музыкалык таберикке айланды.

Кыргыз эли байыртадан эле ыр жандуу эл го, ошондуктан орустун бир катар мыкты деген ырлары калк ичине кенен тарады. Эң биринчи бизге таралган эки орус ыры болду го: биринчиси - Макс Блантердин атактуу “Катюша” деген ыры жана биз сөз кылып жаткан “Подмосковье кечтери”. Бул ырды азыр да Совет доорунда өсүп-чоңоюп, айрыкча Орусиянын шаарларында билим алган кыргыз интеллигенттери жатка билет.

Ал эми Орусияда болсо бул ыр культ болуп кеткен. “Журавли” (Каркыралар), “Катюша”, “Священная война” (Ыйык согуш) сыяктуу “Подмосковье кечтери” өткөн доордун, Совет доорунун дагы бир маанилүү маданий символу, музыкалык таасын мурасы катары тарыхка кирди. Советтик радионун эң белгилүү сигналы, угармандар жазбай тааныган музыкалык паролу да ушул ырдын мотиви болчу.

Жакшы чыгарма автордуку эмес, элдики, керек болсо бүтүн маданияттуу адамзаттыкы деген сөз чынында эле адилет айтылган сөз экен. Бул чындыкты В. Соловьев-Седой менен Михаил Матусовскийдин биз кепке тарткан ыры бардык жагынан далилдеди. Бул эки автор каза болгондон бери кырк жылга жакын убакыт өттү, бирок “Подмосковье кечтери” эч бир эскирген да, картайган да жок. Ал эми азыркы замандын эң эле мыкты ырчыларынын бири Дмитрий Хворостовский менен Анна Нетребконун Москванын Кызыл аянтында аткарганы бул улуу ырдын өмүрүн ого бетер узартты десек эч бир жаңылбас элек.

Албетте, В. Соловьев-Седойду бир эле ырдын автору же чыгармачылык жактан жарды композитор деп айтканга эч бир болбойт. Василий Павлович Соловьёв-Седой бул ырдан башка да нечен баалуу чыгармаларды жаратты. Композитор эле эмес, пианист катары да аты чыккан адам болгон. Узак жылдар бою Ленинград шаарынын Композиторлор союзунун жетекчиси болду, Социалисттик Эмгектин баатыры, СССРдин эл артисти, сталиндик жана лениндик сыйлыктардын лауреаты деген ардактуу наамдарга жетти. Өмүрүнүн акыркы жылдарында катуу ооруп, акыры 1979-жылдын 2-декабрында Ленинградда каза болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG