Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Чехия: Курама темир курч болот


Чех жумуриятында улуттук азчылыктар кырылып, депортацияланган оор мезгилдер өткөн. Бирок бүгүн улуттук азчылыктарды коргоо жана жаштарды сабырдуулукка тарбиялоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү. Мындай саясат вьетнам улутундагылардын турмушуна кандай таасир тийгизип жатканын алардын жаңы жылдык майрамында Жаңыл Жусупжан байкоо салып келди.


Программаны бул жерден угуңуз:




Европадагы азиялык Жаңы жыл майрамы

Тойдо ырчылар, турмушта энелер, соодагерлер...

Тойдо ырчылар, турмушта энелер, соодагерлер...


Фестивалдын алып баруучусу Тхин Дуюң Вьетнамдан ата-энеси менен сегиз жашында көчүп келген. Быйыл Прагадагы Экономика институтунун бүтүрүп жаткан Тхин чех тилин суудай билет, бирок кээде түркөй суроо бергендерге туш болот.

- Ата-энем соода кылган дүкөндө кээ бир алармандар «Силер Чехияда болгондон кийин, чех тилинде сүйлөгүлө» деп айтышат. Мен чехтер менен чехче сүйлөшөм, бирок ата-энем менен өз тилимде сүйлөшүүгө укугум бар.


Чех жумуриятына вьетнамдар коммунисттик доордо ишке жана окууга келишкен. Акыркы 20 жылда болсо турмуштун айынан иш издеп келген вьетнамдардын саны 10 эсеге көбөйүп, 60 миңден ашты. Бүгүн алар чех жергесиндеги украиндер жана словактардан кийинки эле үчүнчү ири улуттук азчылыкты түзөт. Көбүнүн жогорку билими жок, жайма базарларда, соода тармагында иштешет.


Кечээки кандуу тарых, бүгүнкү бейкут турмуш

Вьетнам кыз чех "чоң атасы" менен

Вьетнам кыз чех "чоң атасы" менен


Чехтер 300 жыл австро-венгр империясынын курамында болуп, маданиятынан да, тилинен да кол жууп кала жаздаган. Экинчи дүйнөлүк согушта алты жыл фашисттик Германиянын карамагында болушкан, ал жылдары чехиялык он миңдеген жөөттөр, цыгандар, гомосексуалдар Терезин концлагеринде газ-мештерде өрттөлүп жок кылынган. Согуштан кийин 3 миллионго чукул судет немистери өлкөдөн депортацияланган.




Бүгүн Евросоюзга мүчө өлкөдө азчылыктардын укуктары мыйзамдын коргоосунда. Мамлекет мезгилдүү жана конкурстун негизинде бөлгөн гранттарга бейөкмөт уюмдар агартуучулук, маданий интеграция боюнча иштерди алып барышат. Алардын арасында Кыргызстандан Жумагүл Чоткараеванын укуктук борбору да бар. Чехияда бир жылдары улуттук азчылыктар министри казактын кызы Жамиля Стехликова болгон. Саясий баш калканч алган өзбектер эми чех жергесин экинчи мекени санашат.

Нео-нацисттер айрыкча цыгандарга сес көрсөтүп, алардын үйүн өрттөп, өздөрүн өлтүрүп кеткен учурлар боло калат. Бирок мындай көрүнүштөр бүгүн сейрек, анткени Чехияда «өз маданиятын сыйлаган башка элдин маданиятын сыйлоого жолтоо болбойт» деп эсептегендер ашынган улутчулдардан алда-канча көп. Алардын бири мага вьетнам балдарды жетине албай мактады:

Чайчы балдар, оңдо вьетнам азчылыгына арналган жарнама. Чех экономикасында вьетнамдар эки жакка тең пайдалуу таризде роль ойнойт.

Чайчы балдар, оңдо вьетнам азчылыгына арналган жарнама. Чех экономикасында вьетнамдар эки жакка тең пайдалуу таризде роль ойнойт.


- Менин балдарым окуган класста вьетнам балдар да бар. Алар абдан аракетчил, эмгекчил келишет. Биздин балдарга караганда, алда-канча дитин берип окушат. Ата-энесин да урматташат.

Ал эми майрамдын тамадасы Тхин Дуюң үчүн Жаңы жыл майрамы ата-энесине учурашып, вьетнам ыр-күүлөрүн угуп, көңүл ачуунун кубанычтуу көз ирмеми болуп калды. «Чехтер келип, чехче ырдагыла, чехче бийлегиле» десе кандай жооп берет элең деген суроомо ал мындай деди:


- Биз демократиялык өлкөдө жашайбыз. Улуттук азчылыктардын маданиятына тыюу салынган эмес. Анын үстүнө бул өзүбүздүн иш-чара. Бул жерди өзүбүз ижарага алып, акысын өзүбүз төлөйбүз. Мыйзамды бузбасак болду, ар ким өзү каалагандай ырдап, бийлей алат.
XS
SM
MD
LG