Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

Пржевальский жылкысы Прагада кулундады


Прага зоопаркындагы Пжевалскийдин жылкысы кармалган бастырмадагы фреско

Прага зоопаркындагы Пжевалскийдин жылкысы кармалган бастырмадагы фреско

Европадагы кара суукта Прагадагы зоопаркта Пржевальский жылкысы кулундуу болду. Дээрлик жок болуп бараткан бул жапайы жылкынын тукумун Жаңыл Жусупжан көрүп келди.

Атчы бастырманын эшигин ачып, жем жеп турган жылкыларга чакадагы сабизден ыргытты. Самандын үстүндө жаңы туулган кулунду айланчыктаган бээ сабизге көңүл бурбастан, чоочун кишилерди көзүнүн кыйыгы менен карап турду.




Петр Федеров зоопарктагы көп жаныбардын ичинен дал ушул Пржевальский жылкысын багат. Ал жылкынын кулундуу болгонун таң эртең менен ишке келгенде билген:

- Кулундун энеси Жессика, 2005-жылы апрелде туулган. Кулунуна ат бере элекпиз. 10 градус суук болчу. Жылда эле ушундай суукта, январ-февралда кулундашат, кыйынчылык болбойт болуш керек.

Кабарчы алдыга кадам таштаганда, Жессика кулунун айлана басып, жер чапчый баштады. «Кулунун кызганып жатпайбы» деп атчы дароо бастырманын эшигин жаап, конокторду сырттагы кең корукка чакырды.

Зоопарктын сайтындагы жаңылыкта "Прагалык кулун сууктан коркпойт!" деп айтылды

Зоопарктын сайтындагы жаңылыкта "Прагалык кулун сууктан коркпойт!" деп айтылды

Чекеси тосмолонгон дөбөдөгү корукта беш-алты жылкы турду. Жээрде түстөгү Пржевальский жылкысынын бою пас жаныбар; тумшугу ак, төрт туягынын "байпагы" кара. Куйругунун өйдө жагы кыркып койгондой кыска, кара жалы да кыскалыгынан өркөчтөй тикчиет. Колго көнгөн аттай эмес, башын алдыга созуп басат.

45 гектар жерди ээлеп жаткан Прага зоопаркында 4400 чакты жан-жаныбар бар. Бирок ал дал ушул, дүйнөдө азыр дээрлик жок болуп кеткен Пржевалский жылкысын тукум курут болуудан сактап калуу аракеттери менен таанылган.

Петр Федеров: "Бул жылкыларды дүйнөдө зоопарктан гана көрө алабыз. Биздин зоопарк бул жылкынын Монгодияда тукумдап көбөйүшүнө жардам берет. Монголияда тоо-ташта жүргөн жылкыга көз сала турган бир нече бекет бар, аларга биз былтыр төрт жылкы жеткиргенбиз. Быйыл да жөнөтөбүз го."

Пржевальский кулуну энеси Жессика менен

Пржевальский кулуну энеси Жессика менен

Федеров дал ушул маанилүү илимий жетишкендикти күнүмдүк эмгеги менен иш жүзүнө ашырып келаткан атчылар тобунун башчысы. Жапайы жылкы кандайча тукум курут болуп кете жаздаганын сурасам, мындай деди:

- Жапайы жылкыларды адам баласы кармап, жок болуп кеткен. Акыркысын көп жылдар мурда дал ушул Прага зоопаркына алып келишкен. Пржевалскийдин жылкысын өстүрүү ошондон башталган.

Бул жылкыны орустун атактуу саякатчысы Николай Пржевальский Кытайдын батышындагы Лоп-Нор көлүнүн айланасынан 1879-жылы ачкан. Адистер жылкынын бул тукумун сактап калуудагы европалык илимпоздордун эмгегин жогору баалашат.

Франциялык жылкы таануучу Жаклин Рипар мындай дейт:

Пжевальскийдин жылкысы башка бардык жылкылардан айырмалуу. 20 жыл мурда дээрлик жоголуп кеткен. Аларды сактап калууда Европада жана Орусияда окумуштуулар чоң эмгек сиңиришти. Монголияга кайра алып келишти. Ошентип, бүгүн дүйнөдөгү жападан жалгыз жапайы жылкы сакталып калды.

Мургабдагы кыргыз жылкысын өстүргөн фермада

Мургабдагы кыргыз жылкысын өстүргөн фермада

Кыргызстанда «Ат чабыш» коомун жетектеген Жалкин Рипар кыргыз жылкысын сактап калуу жаатында 10 жылдан бери иш алып барат. Бийик тоодо бороон-чапкында да карды челип, өзү жем таап жеген кыргыз жылкысы советтик доордо спортко ыңгайлашкан англис, этке деп өстүрүлгөн орус жылкысы менен аралашып, тукум курут болуп кете жаздаган. «Ат-Чабыш» коомунун колдоосу менен бүгүн Тажикстандын Мургаб районунда кыргыз жылкысын өстүрүп, тукумун көбөйтүүчү эң алгачкы ферма иштеп жатат.

Николай Пржевальский Түндүк Тибет, Лоп-Нор менен Кызыл дайранын алабын биринчилерден болуп иликтеген. Борбор Азияда жапайы жылкыдан сырткары жапайы төөнү, тибет аюсун ачкан. Анын ачылыштарын бүт дүйнөдө жогору баалашкан, ал эми Британиянын Падышачыл География коому Николай Пржевальскийди «дүйнөдөгү эң көрүнүктүү саякатчы» деп атаган.

Пржевальскийдин музейин бүгүн Каракол шаарынан көрө аласыз. Кыргыз жылкысы Пржевалский жылкысына кыска бою, кең көөдөнү, кыска буттары менен окшош, ошол эле убакта Жаклин Рипардын айтымында, экөө таптакыр эки башка.

Кара-Колдогу Пжевалский музейинде гид жапайы жылкынын макетинин жанында

Кара-Колдогу Пжевалский музейинде гид жапайы жылкынын макетинин жанында

​- Пржевальский жылкысынын өңү жээрде, жалы кыска. Алар кыргыз жылкысынан карышкыр иттен кандай айырмаланса, дал ошондой өзгөчөлөнөт. Түбү бир болсо дагы 5 миң жыл мурда бөлүнгөндүктөн, Пржевальский жылкысы башкача болуп калган.

Жапайы жылкылар кышкы суукка чыдамдуу болсо дагы жазгы жутта төлүнүн көбүнөн айрылып калат. Монголияга чех зоологдору жеткиргенден көбөйгөн 140 чакты жылкы өткөн бир жылда 70ке азайган.

Болбосо, карышкыр тийсе айгырлар кулундарын, ургаачы, оору, карган жылкыларды ортого алып, бөрүнү арткы тыягы менен чапчып, ыргыта тебет. Ал эми зоопаркта жасалма шартта өскөн Пржевальскийдин жылкысы Монголияда карышкырга жем болбойбу?

Коноктордун мындай камтамасын угуп, Петр Федеров буга чейинки жылкылар Монголиянын катаал шартына тез эле көнүп кеткендигин айтты:

Улук атчы Петр Федеров

Улук атчы Петр Федеров

- Бул жактын шарты Монголиядагыдай катаал эмес, бирок бул жерде да алар ары бери бир топ эле чуркашат. Чехиянын түштүгүндөгү Дольний Добжреов деген жерде да Пржевальский жылкысынын бир үйүрү бар. Ал жер мындан кененирээк, бирок баары бир Монголияга жетпейт деңизчи. Деген менен биз Монголияга бир нече жылдан бери такай жылкы жиберип турабыз. Аларды ай-талаага кое беришет, эч кыйынчылыксыз көнүп кетишет.

Анын аралыгында, бастырмада саманда жаткан кулун ичке жиликтери бүгүлүп атып, ордунан козголду. Энесин ээрчип, корукка чыгып, ары-бери баса баштаганда, атчы да кулуну телчигип келатканына кубанып, күлүңдөй карап турду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG