Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:33

Африканы азапка салган илдет


Либериянын баш калаасы Монровия. 16-октябрь 2014-жыл

Либериянын баш калаасы Монровия. 16-октябрь 2014-жыл

АКШ президенти Барак Обама Пентагонго эбола кризисин жөнгө салуу үчүн Батыш Африкага аскерлерди жөнөтүүгө даяр туруу тапшырмасын берди.

Март айынан бери вирустан төрт жарым миңден көп киши дүйнө менен кош айтышты. Өлүмдүн көбү Либерия, Гвинея жана Сьерра-Леонго туура келет. Адистер илдет ушул темп менен жайыла берсе, бүтүндөй дүйнөнү капташы мүмкүн деп эскертишүүдө.

"Эболаны азыр токтотпосок, кооптуу кырдаалга кептелебиз жана аны жөнгө салуу боюнча планыбыз жок". Мындай билдирүүнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Эбола боюнча миссиясынын башчысы Энтони Бэнбөри 14-октябрда, БУУнун Коопсуздук кеңешинин эпидемияга арналган жыйынында жасады.

Уюм декабрдан тарта Батыш Африкада жума сайын 5-10 миң киши ооруну жуктуруп алышы мүмкүн деп болжолдойт. Илдет жайыла берсе, ооруканаларда керебеттер, бейтаптарды карай турган медициналык кызматкерлер жетпейт.

Ата-энеси жана туугандары эболадан өлгөн жетим кыздар. Либерия.

Ата-энеси жана туугандары эболадан өлгөн жетим кыздар. Либерия.

Март айынан бери вирустан төрт жарым миңден көп киши дүйнө менен кош айтышты. Өлүмдүн көбү Африканын батышына туура келет.

Чек арасыз дарыгерлер уюмунун кызматкери Радка Чапкова түшүндүргөндөй, оорунун жайылышынын бир нече себеби бар:

- Тилекке каршы, көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз. Эболага чалдыккан адамдарды, алар менен байланышта болгондордун баарын таап, текшерүү, дароо обочолонтуу иштеринде кемчиликтер көп. Азыр ошол чараларды күчөтүү керек. Батыш Африкага кооптуу ооруга каршы иштөөнү билген, тажрыйбалуу топторду, материалдарды, адистерди көбүрөөк жөнөтүү зарыл.

Оору АКШ менен Европага да жетти. Акыркы мисалдарды алсак, 15-октябрда Техас штатында дагы бир медициналык кызматкер аны жугузуп алганы расмий маалымдалды.

Оорунун белгилери аныкталардын жуп алдында медайым ички каттамдагы учак менен жол жүргөнү белгилүү болду. Буга байланыштуу учактын бардык 132 жүргүнчүсүнө атайын түзүлгөн борборго кайрылуу керектиги эскертилди.

Эксперттердин айтымында, эбола кишиде биринчи белгилери пайда болгон учурдан тарта жугуштуу болуп саналат. Ага чейин Далластын ошол эле клиникасында Либериядан кайтып келген Томас Эрик Дункан деген кишини ооруканада караган медайымга вирус жукканы аныкталган. 8-октябрда ал бейтап каза болгон. Азыр ал жерде санитардык нормалардын сакталып же сакталбаганы иликтенип жатат.

Ооруканада иштегендер каза болгон Дункан төрт саат бою өзүнчө бөлүнгөн боксто эмес, чукул жардам бөлүмүндө ачык жерде жатканын, медайымдар бир нече күн бою эч кандай атайын коргоочу жабдууларсыз иштөөгө аргасыз болушканына нааразылыгын айтышууда.

Экинчи киши ооруну жугузуп алганы белгилүү болгондон кийин президент Обама жыйын өткөрүп, эки саат бою эболага каршы чараларды талкуулады. Ал илдеттин АКШда жайылуу мүмкүндүгү “өтө төмөн” деп баса белгиледи.

Эбола жуккан адамга тамак алып келген медицина кызматкерлери. Сьерра-Леон.

Эбола жуккан адамга тамак алып келген медицина кызматкерлери. Сьерра-Леон.

Ошол эле күнү Обама Франция, Британия, Германия жана Италиянын жетекчилери менен видео-конференцияда кризиске туруштук берүү үчүн эл аралык аракеттерди күчөтүү керектигин айтты.

Шейшембиде Германияда БУУнун кызматкери эболадан каза болгону маалымдалган. Маалыматка караганда, 56 жаштагы киши Лейпцигдеги ооруканада дарыланып жаткан жеринен каза тапты. Ооруну Либерияда иштеп жүргөн кезинде жугузуп алган дарыгерди Германияга өткөн жумада жеткирип келишкен.

“Шпигель” гезити эбола аныкталган дагы бир бейтап Франкфуртта дарыланып жатканын, үчүнчүсү болсо жакында Гамбург ооруканасынан айыгып чыкканын жазат.

АКШ жана Британиядан кийин Франция менен Чехия кооптуу зонадан учуп келген жүргүнчүлөрдү текшерүү пункттарын ачышууда.

Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, Париждеги Шарль де Голь аэропортунда ишемби, 18-октябрдан тарта медиктердин тобу вирус жайылган өлкөлөрдөн келген кишилердин дене табын өлчөп, башка текшерүүдөн өткөрүп турушмакчы.

АКШда болсо санитардык көзөмөл киргизилген аэропорттордун саны кеңейүүдө. Буга чейин Нью-Йоркто текшерүү пункттары ишке киргизилсе, эми Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго жана Атлантага конгон учактар текшерилип турмакчы.

Эбола вирусу алгачкы жолу 1976-жылы ошол кездеги Заирдин түндүгүндө аныкталган. Ал жылы оорудан бир жарым миңдей киши көз жумган. Илдет пайда болгон айыл Эбола деген дарыянын жээгинде орун алган. Ошондон бери оору беш жолу Африканын бул же тигил жагында катталды. Акыркы жолу 1994-жылы Кот Дивуарда тутанып, ошондон бери Чыгыш Африкада ал тууралуу дээрлик унутуп калышкан десек болчудай.

Вирус абдан жугуштуу. Бирок сасык тумоодой болуп аба аркылуу тарабайт, ал жеке байланыш болгондо гана жугат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өз бюллетенинде белгилегендей, инфекцияны алып жүргөн кишинин туруп туруп эле дене табы көтөрүлөт, башы, тамагы, булчуңдары ооруй баштайт, шайманы оойт. кетет. Андан кийин көңүлү айнып, кусат. Этине бөрү жатыш чыгат, бооруна, бөйрөгүнө доо кетет.

Болжол менен вирус адамга жарганаттан жугат. Африканын айрым жерлеринде анын этинен тамак жасап жешет. Дарыгерлер бул өңдүү коркунучтуу вирустун чоң шаарларда жайылышы алда канча кооптуу деп белгилешет.

Медицина кызматкери эболадан коргонууну жергиликтүү тургундарга үйрөтүүдө.

Медицина кызматкери эболадан коргонууну жергиликтүү тургундарга үйрөтүүдө.

- Эбола буга чейин Батыш Африкада тутанган эмес, ал жердин тургундары же дарыгерлери үчүн бул жаңылык болуп калды. Андыктан, сөз дал ушул илдет тууралуу жүрүп жатканын аңдап түшүнүүгө бир канча убакыт кетти. Экинчи жагынан көпчүлүк үчүн белгисиз оору болгондуктан, эл эмне кылаарды билбей, аны жугузуп алгандарды аныктоо иштери созулуп кетип жатты. Анын үстүнө ал чөлкөмдө кошуна өлкөлөргө көп катташат. Мисалы, мурун эбола Конгодо табылган. Өлкө тоолуу жерде орун алган, айыл-кыштактар бири-биринен алыс жайгашкан. Эл эки жакка аз барат. Демек, вирус анча жайылган эмес. Эболанын учуру бир ирет Индонезияда да катталган. Бирок бул - көбүнесе Африкага мүнөздүү оору. Ал континентте саламаттыкты сактоо системасы барган сайын начарлоодо. Анан да канчалаган медициналык кызматкер эболаны жуктуруп алды, канчалаганы андан каза тапты. Айрым жерлерде дарыгерлер өздөрү жумушка баргандан коркушат, көп медпункт, ооруканалар жабык турат. Бейтаптар кимге кайрыларын билишпейт, - деди Чек арасыз дарыгерлер уюмунун кызматкери Радка Чапкова.

Айткандай эле, Либерияда медицина кызматкерлери эпидемия учурунда берилчү кошумча каражатты талап кылып, бир нече күнгө иш ташташты.

Жерине барып келген кабарчылар эбола кадам сайын сезилерин айтышат. Аэропорттон баштап дезинфекция үчүн пайдаланчу хлордун буруксуган жыты келет. Көчөлөр тазалыкты сактоого үндөгөн жарнамаларга жыш толгон, радиодон да вирустан коргонуу чараларын улам-улам кайталашат.

Коомдук жерлерде чоң идиштерде хлор кошулган суу турат. Маал-маалы менен тез жардам машинесинин сиренасы жаңырат.

Айрым дүкөн ээлери дароо босогосунан аттаган кардарлардын температурасын өлчөөгө киришет. Көпчүлүк учурда кол берип учурашкандан чочулашат. "Албетте, мындайда өзүңдү ыңгайсыз сезесиң, бирок башка арга жок. Вирус биздин күнүмдүк жашообузга сиңип кеткендей", – дешет жергиликтүү тургундар.

Адистер болсо мындай көп калктуу шаарларда вирустун жайылышы үчүн бардык шарттар бар дешет. Баса, АКШнын Даллас шаарында өлгөн бейтап – Дункан дал ушул жерде жашачу.

Либериянын борбор шаары Монровиянын Вест Поинт деген конушунда 75 миңдей киши жашайт. Майда дүкөн, бири-бирине жабышкан үйлөр, машинелерге толгон тар көчөлөрүнөн басканда, бирөөнү жөөлөбөй өтө албайсың. Албетте, жеке гигиенаны сактоо жөнүндө сөз кылуу кыйын.

Кээ бир райондордо ээн турак-жайларды көп көрсө болот. Айрымдар оорудан көз жумса, башкалары эпидемиядан качып жер которгон, дагы бирөөлөр дарыланып жатат. Көчөлөрдө кароосуз калган жетимдер...

Жакындан бери шаарда гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин көп жолуктурса болот. Буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук, жакырчылык өңдүү башка социалдык маселелерге адистешкен уюмдар эболага каршы күрөшкө кошулду. Гуманитардык кызматкерлер карантинге алынган райондорго азык-түлүк, таза суу ташуу жана башка керектүү иштер менен алектенет.

Эболадан өлгөн адамды жерге берүү. Сьерра-Леон.

Эболадан өлгөн адамды жерге берүү. Сьерра-Леон.

- Азыр бул багыттагы абал бир аз жакшырууда. Же болбосо, өзгөчө башында жалаң эле Чек арасыз дарыгерлер уюмунун кызматкерлери эболага чалдыккандар менен иштеп келди. Бирок мындай масштабдагы илдетке каршы күрөштү бир бейкөмөт уюм жалгыз көтөрө албайт. Ага бүтүндөй эл аралык коомчулук кошулууга тийиш. Ушу тапта Африкада 280дей эл аралык жана үч миңдей жергиликтүү кызматкерибиз иштеп атат, - дейт доктор Чапкова.

Ал тапта Африка биримдигинин бейпилдик күчтөрүнүн алкагында Сомалиге жөнөтүлүп жаткан сьерралеондук 800 жоокер, арасында эболага кабылган бирөө аныкталгандан кийин карантинге алынганы белгилүү болду. Эми батальон 21 күн бою обочодо болмокчу.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү кайгылуу статистикага карабай бир жакшы жаңылык бар, эболанын дабасы табылды деп билдиришүүдө.

Августта америкалык гуманитардык эки кызматкер Атлантадагы ооруканадан дарыланып чыккан. Алар сегиз маймылдын үстүнөн жүргүзүлгөн тажрыйбалардан кийин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уруксат берген Зимапп деп аталган эксперименталдык терапиядан өтүшкөн. Кийин дары-дармек өзгөчө жабыркаган Либерияга жөнөтүлүп, бирок анын запастары тез эле түгөнүп калды.

Эмне себептен айрым бейтаптар оорудан айыкса, башкалары бат эле өлүп жатат?

- Бул дарыны азырынча эксперименталдык түрдө пайдаланып келатышат. Ал клиникалык шартта текшерүүдөн өтө элек болчу, анын адам организмине тийгизген пайда-зыянын тастыктаган маалыматтар жокко эсе. Адистер "ооба, бул терапия эболадан айыктырат" деп жүз процент айта алышпайт. Сиз сөз кылган пациенттерди балким жардам берет деп дарылашкан. Эболадан сакайып кетүү процесси бейтаптын жалпы саламаттыгына жараша болот. Башкача айтканда, анын жашы, башка өнөкөт оорулардан жабыркап же жабыркабаганы өтө маанилүү.

Эксперттер эбола дүйнөлүк экономикага, коопсуздукка, стабилдүүлүккө да чоң залакасын тийгизиши мүмкүн деп эскертишет. Өткөн бейшембиде БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зайд Раад ал-Хусейн бул кызматтагы алгачкы пресс-конференцияда анын кеңсеси эпидемия боюнча жол-жоболорду иштеп чыгууга киришкенин билдирди. Анда карантинге алынган кишилердин жана бейтаптардын укуктарынын сакталышын камсыздоо каралган.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG