Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Волгоградда Навальныйдын штабында мушташ болду


24-мартта Орусиянын Волгоград шаарында, оппозициячы Алексей Навальныйдын шайлоо штабынын алдында мушташ болду. Штабдын ачылышына саясатчы өзү да келген. Навальныйдын өкүлдөрү эки ыктыярчыны "тез жардам" алып кеткенин кабарлашты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары штабдын алдына жүздөгөн адам чогулганын жазып чыгышты. Арасында казак формасын кийгендер да болгон. Навальныйга каршы чыккандар штабга кирүүгө аракеттенип, бирок аларды күзөтчүлөр токтотуп калган. Кийинчерээк чатакка полиция да кийлигишкен.

Нааразы тарап Навальныйдын социалдык тармактарга жарыяланган "Мекен - эне" эстелигинин жүзү жашыл түскө боелгон сүрөтүнө каршылык билдиришкен. Буга чейин Барнаулда штабдын ачылышында Навальныйга зеленка чачып салышкан. Саясатчынын өзү бул каршылыктар жергиликтүү бийликтин көрсөтмөсү менен уюштурулган деп айтып келет.

XS
SM
MD
LG