Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Арзандаган мунай баасы: ким утуп, ким утулат?


Мунайдын баасы акыркы төрт-беш айда 20% ашуун арзандады. Мунун негизги себеби катары эки жагдай айтылууда.
Мунайдын баасы акыркы төрт-беш айда 20% ашуун арзандады. Мунун негизги себеби катары эки жагдай айтылууда.

Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө бензиндин баасы кымбаттап жатса, дүйнөлүк базарда тескерисинче мунайдын наркы түшүүдө.

Мындай жагдай бюджет кирешесинин негизги бөлүгү кара майдан түшкөн Орусия жана Иран сыяктуу мамлекеттерди убайымга салгандай. ​Кара майдын брент сортунун бир баррели быйыл июнда 110 долларга бааланып жатса, Лондон биржасындагы кечээги соодада баа 84 доллардан да түшүп кетти.

Башкача айтканда, мунайдын баасы акыркы төрт-беш айда 20% ашуунга арзандады. Мунун негизги себеби катары эки жагдай айтылууда.

Анын бири - АКШда мунайдын салттуу эмес булагы - сланц кара майын өндүрүүнүн көбөйүшү. Мунун натыйжасында АКШда акыркы үч жылда базарга чыгарылган мунайдын көлөмү күнүнө бир миллион баррелге чейин өстү.

Сланц мунайынын аркасы менен АКШ өндүрүштүн көлөмү жагынан бул жылы эң ири оюнчу Сауд Арабияны да ашып өттү.

Америкада сланц кара майынын чыгарылышы дүйнөлүк мунай базарда сунушту көбөйттү. Бул кадимки мунай өндүрүүчү өлкөлөр өз кардарларын сактап калуу үчүн бааны төмөндөтүү менен атаандашууга мажбур болушту дегенди билдирет.

Мунай баасынын арзандашынын экинчи себеби - суроо-талаптын азайышы. Дүйнөлүк экономикадагы солгундоодон улам кардарлар ири көлөмдө кара май сатып алуудан бир аз карманып турушкандай.

Экономикалык өнүгүүнүн жайлашы өзгөчө Европада сезилип турат. Эл аралык валюта кору евроаймактагы экономиканын өсүшү акыркы эки жылдагы рецессияны компенсация кыла албасын белгилөөдө.

Экономикалык солгундоо Кытайда да байкалууда. Эл аралык валюта кору Бээжин быйылкы жылга мерчемделген 7,5 % өсүштү камсыз кыларынан күмөн санайт.

Печорск деңизиндеги мунай платформасы, Орусия.
Печорск деңизиндеги мунай платформасы, Орусия.

Ким жабыркайт?

Кара майдын арзандашынан, албетте, биринчи кезекте өз экономикасын көтөрүү үчүн буга чейин анын кымбат болушуна кызыкдар болуп келген мунай өндүрүүчү өлкөлөр жабыркайт.

Алардын алдыңкы катарында Орусия да бар. Эксперттердин эсебинде, орус өкмөтү өз бюджетин тең салмакта кармоо үчүн мунай баасы бир баррелине кеминде 104 доллар болушуна кызыкдар. Учурда орус мунайынын баррели эң көп дегенде 92 доллардан сатылууда.

Америкалык "Блумберг" маалымат агенттигинин эсебинде, баррели 90 долларды түзгөн мунай Орусия бюджетиндеги таңкыстыктын ички дүң өндүрүшкө карата катнашын 1,2 % жеткирет.

2000-2011-жылдары Орусиянын каржы министринин кызматын аркалаган Алексей Кудрин үч күн мурда АКШнын "Лос-Анджелес таймс" гезитиндеги маегинде жакынкы келечекте мунайдын баасынын арзандашы экономикага чоң сокку урарын четке какпады.

Мындан бир аз мурдараак Кудрин Рейтердин кабарчысына буларды айткан:

- Бүгүн Орусияда өсүү ыргагынын төмөндөшү негизинен санкцияларга эмес, мунайдын баасы өспөстөн, төмөндөп жаткан шартта реформаланбаган экономикага байланыштуу. Бизге экономиканын башка модели керек, бирок ал түзүлө элек.

Орусиялык чиновниктер Москва чыгаша пландарын кайра карарын эскертишти. Каржы министри Антон Силуановдун айтымында, Батыштын санкцияларына жана мунай баасынын арзандашына байланыштуу Орусия жакынкы алты жылда коргонууга 576 млрд. доллар сарптоо боюнча жаңы демилгесин аткарууга алы келбейт.

Мунай баасынын түшүшү Москва Батыштын каржы базарынан алыстап калган мамлекеттик банктарын жана компанияларын кантип керектүү капитал менен камсыздай алат деген суроону жаратууда.

Мунайдын акчасынан орус өкмөтү бюджет кирешесинин жарымын алат.

Кара майдын арзандашы Иранга да каттуу таасир этет. Бул өлкөнүн бюджети туруктуу кармалып туруш үчүн мунай баасы баррелине 140 доллар болушу талап кылынат.

Тегеран талаштуу өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүп, Батыштын санкцияларын убактылуу токтотуу аркылуу сатылган мунайдын көлөмүн көбөйтө алды. Жыйынтыгында Ирандын экономикасында жандануунун белгилери байкалган. Эл аралык валюта кору өсүштү быйыл 1,5%, кийинки жылы 2,3 % деп болжолдоодо.

Мунай баасынын төмөндөшүнөн сокку жей турган дагы бир өлкө - Ирак. Ал баа баррелине 106 доллар болушуна муктаж.

“Ислам мамлекети” тобу менен күрөшүп жаткан Багдаддан азыр армия үчүн оголе көп каражат сарптоо талап кылынат.

Ири мунай өндүрүүчүлөрдөн баанын төмөндөшүнө анчалык тынчсызданбай турганы - Сауд Арабия. Ага бюджетти туруктуу кармап туруу үчүн мунай баррели 80 доллар болсо деле жетиштүү. Мунайдын эбегейсиз кору бар бул өлкө ал төмөн баада деле сатылышына деле көз жума алат.

Мурда Эр-Рияд кара май баасын көтөрүү үчүн өндүрүш көлөмүн кыскартууга макул болуп келсе, азыр баанын турукташын күтүү менен базардагы өз үлүшүн сактап калуу аракетин көрүп жаткансыйт.

Ошол эле учурда Сауд Арабияга мунай экспортоочу өлкөлөрдүн ОПЕК уюмунун айрым мүчөлөрү басым көргөзүүдө.

Экономикасы рецессияга түшкөнү айтылып жаткан Венесуэла бийликтери өткөн жумада мунай өндүрүүчү өлкөлөрдү экспортту кыскартуу чарасын көрүп, баррель баасын 100 доллардан өйдө көтөрүүгө чакырышты.

ОПЕК уюмуна кирген өлкөлөр дүйнөлүк өндүрүштүн үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөшөт.

Ким утат?

Эксперттердин айтымында, мунай баасынын арзандашы глобалдык экономиканын өсүүсүнө салым кошушу мүмкүн.

Лондондо жайгашкан Capital Economics консалтинг уюмунун эсебинде, кара май баасынын он долларга түшүшү дүйнөдөгү ички дүң өндүрүштүн көлөмүн 0,5 пайызга көтөрө алат.

Мындай жагдайдан дүйнөнүн экономикасы өсүп жаткан башкы оюнчулары: АКШ, Кытай, Индия пайда табышы керек. Мунай баасынын төмөндөшү евроаймакты да рецессияга түшүп кетүүдөн сактайт.

Дүйнөлүк банк 7-октябрдагы баяндамасында евроаймактагы жана өнүгүү жолундагы бир нече өлкөдөгү солгундоодон улам дүйнөлүк экономиканын өсүш ыргагы басаңдайт деп болжолдоду.

Дүйнөлүк банктын эсебинде, глобалдык экономика быйылкы жылдын жыйынтыгында эң көп дегенде 3,8 пайызга гана кеңейет.

Төмөн баалар жаңы норма болуп калабы?

Мунайга болгон дүйнөлүк талап экономика өскөн соң кайра көбөйүшү мүмкүн.

Бирок кара майдын сланц мунайы сыяктуу жаңы булактары, өнүккөн өлкөлөрдө үнөмчүл технологияны колдонуу көбөйсө, базарда кара майга суроо-талаптын өсүшү да бааны көтөрбөй коюшу мүмкүн.

Лондондогу “Чаттам Хаус” иликтөө уюмунун эксперти Жон Митчелл мындай дейт:

- Узак мөөнөттөн алганда эң маанилүү нерсе - белгисиздик. Бир тараптан жаңы камсыздоочулар менен жаңы технологиянын комбинациясы, экинчи тараптан тескөөнүн күчөшү жана инвестиция биз баасы такай өсүп келген мунайга эле таяна албайбыз дегенди туюндурат.

Мунай баасы ылдыйлай берсе, сланц кара майын казгандар да өндүрүштү канчага чейин уланта алаары белгисиз.

Айрым эксперттер эгер баррель баасы 90 доллардан ылдый түшүп кетсе, сланц мунайын өндүрүү өзүн-өзү актабай каларын айтышууда.

Мунай баасы 1980-жылдан бери такай өсүп келген жана 2008-жылы башталган экономикалык солгундоонун алдында баррелине 147 долларга чейин жеткен. 2008-жылдагы кризис мунай баасынын арзандашы менен коштолуп, дүйнөлүк экономика калыбына келген соң, 2011-жылдан бери баа быйылкы арзандоого чейин баррелина 100-120 доллардын ортосунда кармалып келген.

XS
SM
MD
LG