Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

Арзандаган кара май, арызданган өлкөлөр


АКШда сланц мунайы бургуланган жер. Калифорния, март, 2014-жыл.

АКШда сланц мунайы бургуланган жер. Калифорния, март, 2014-жыл.

Дүйнөлүк базарларда Жаңы жылдан кийинки сооданын жанданышы менен кара майдын баасы кайрадан төмөндөдү. Бул өз кезегинде Орусияда улуттук акча - рублдин нарксыздануусун улантып, Иранда тынчыздануу жаратты.

Дүйшөмбү күнү Лондон биржасындагы соодада кара майдын Brent үлгүсүнүн бир баррели 54 долларга, америкалык өндүрүштөгү кара майдын баррели 50,5 долларга чейин түшкөн эле.

Мунун артынан кара майдын арзандашы Нью-Йорк биржасында уланып, Brent сорту 53 доллардан, америкалык мунай 50 доллардан да ылдыйлап кетти.

Бул - соңку беш жылдан берки эң төмөнкү баа. Акыркы ирет мындай төмөндөө глобалдык каржы кризисинен кийин, 2009-жылдын февраль айында орун алган экен. Ошентип былтыр июндан бери эле кара май 55% арзандады.

Талдоочулар дүйнөлүк мунай базардагы азыркы жагдайды базарга түшкөн мунай көбөйүп, ошол эле кезекте талап күчөөрүнүн белгилери байкалбайт деген кооптонуулар менен байланыштырышууда.

Кара май баасы дагы арзандашы мүмкүн.

Кара май баасы дагы арзандашы мүмкүн.

“Базардагы жаңылыктардын жана фундаменталдык негиздердин дээрлик баары негативдүү, андыктан жакынкы келечекте баа көтөрүлөрүн көрүү кыйын”, - дейт Франкфурттагы Commerzbankтын мунай жана чийки заттар базары боюнча талдоочусу Карстен Фритш (Carsten Fritsch) “Рейтер” агенттигинин кабарчысы менен маегинде.

Ал эми Дүйнөлүк банктын улук экономисти Франциска Онсорге (Franziska Ohnsorge) “Азаттык” менен маегинде буларга токтолду:

- Мунай баасын ылдыйга сүйрөгөн башкы кыймылдаткыч күч эмне экендиги боюнча атаандаш бир нече теория бар. Бирок буга бир канча фактор түрткү бергени анык. Биринчиси - бул доллардын чыңдалышынан башталды. Анткени мунай баасы долларга байланган. Экинчиси - суроо-талаптын деңгээли абдан төмөн болуп жатат. Үчүнчүсү - базарды камсыздоо жагы уламдан-улам өйдө кетти. Маселен, мунай өндүрүүчүлөрдүн бири - Ливия базарга күтүлгөндөн эрте кайтып келди, бир ыптасында уруш жүрүп жаткан Иракта өндүрүш көлөмү төмөндөгөн жок. АКШда акыркы төрт жылдан бери сланц мунайын өндүрүү күчөдү. Төртүнчүдөн, баа арзандай беришине мунай экспорттоочулардын башын бириктирген ОПЕК уюмунун саясатты өзгөрткөн чечими да салым кошкондой болду. Аталган факторлордун ичинен кайсынысы эң башкы? Бул кызуу талкууну талап кылган маселе.

“Рейтер” агенттигинин жазганына караганда, мунай баасынын соңку арзандоосу алдында жарыяланган маалыматтар Ирактын мунай экспортунун көлөмү акыркы 35 жылдагы, Орусиянын мунай өндүрүшүнүн көлөмү пост-советтик доордогу эң жогорку чекке чыкканын ачыктады.

Мунай өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөнү Орусия экономикасына жардам берген жок.

Мунай өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөнү Орусия экономикасына жардам берген жок.

​Орусиянын Энергетика министрлиги билдиргендей, 2014-жылдын жыйынтыгы менен өлкө күнүнө 10,58 миллион баррель мунай өндүрүүгө мамлекеттик эмес чакан компаниялардын жардамы менен жетишкен.

Өндүрүш көлөмү көбөйгөн менен мунай баасынын арзандашы орус акчасы - рублдин кунун качырууну улантууда. Дүйшөмбү күнү рубль кайра нарксызданып, кечки соодада бир доллар 59, 4 рублга чейин чыгып кетти.

Мунай баасынын соңку арзандоосуна Иран өз тынчыздануусун билдирип, аймактагы таасир үчүн атаандашы Сауд Арабияны бааны көтөргүдөй чара көрүүгө үндөдү.

Иран тараптын пикиринде, мунайдын нарксыздануусу Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрүнө зыянын тийгизүүдө жана Сауд Арабиянын өндүрүштү кыскартпоо чечими катачылык.

Мунай экспорттоочулардын Саудия лидерлик кылган ОПЕК уюму бааны турукташтыруу үчүн мурда көрүлүп келген чара - өндүрүш көлөмүн кыскартуудан былтыр ноябрдын соңунда баш тарткан.

ОПЕКке мүчө 12 өлкөгө дүйнөнүн далилденген салттуу кара май корунун 81% таандык. Мунун 22% Саудиянын үлүшүнө туура келет. Ал эми кара майдын эң ири керектөөчүсү АКШда азыр сланц мунайын өндүрүү күчөөдө.

Айрым талдоочулар ушул аптада АКШда кампадагы мунайдын кору боюнча жарыяланчу маалымат ал көбөйгөнүн көргөзсө, кара майдын бир баррели 40 долларга чейин түшөөрүн болжошууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG