Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Приднестровье тургундары башчы тандап жатышат


Приднестровьеде төрага шайлоого келген аял.
Приднестровьеде төрага шайлоого келген аял.

Эл аралык коомчулук республика катары тааныбаган Приднестровьеде төраганы шайлоо өтүп жатат. 11-декабрда 260 добушкана ачылды. Шайлоого келүүгө 420 миң адам акылуу. Жергиликтүү бийлик алардын 25 пайызы катышса, шайлоо өткөнүн бышыктаган эреже киргизген.

Жетекчи болууга алты талапкер ат салышууда. Утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү аймактын лидери Евгений Шевчук менен жергиликтүү парламенттин төрагасы Вадим Красносельскийде көбүрөөк экени болжолдонууда. Бюллетенде “баарына каршы” добуш графасы да бар.

Приднестровье 1990-жылы Молдованын курамынан бөлүнгөнүн жарыялаган. Көпчүлүгү орус тилдүүлөр жашаган Приднестровье менен Орусияны ортодо Украина бөлүп турат. Эл аралык коомчулук Приднестровьени Молдованын бир бөлүгү катары тааныйт.

XS
SM
MD
LG