Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

БРИКС долларды жыга алабы?


Орусия, Индия, Бразилия, Кытай, Түштүк Африканын лидерлери саммитте. Бразилия, 15-июль, 2014-жыл.
Орусия, Индия, Бразилия, Кытай, Түштүк Африканын лидерлери саммитте. Бразилия, 15-июль, 2014-жыл.

Дүйнөнүн БРИКС тобуна кирген ири беш өлкөсү жаңы каржылык уюмду - Өнүгүү банкын негиздешкенин жарыялашты.

БРИКСке киргендердин пикиринде, бул мекеме АКШда жайгашкан Дүйнөлүк банк менен Эл аралык Валюта коруна альтернатива катары чыгуусу керек. БРИКСтин чечими учурдагы глобалдык каржы системасы кайра курулат дегенди билдиреби ?

БРИКС (BRICS) өлкөлөрү Бразилиянын Форталеза шаарындагы самитти бирикменин кыска тарыхындагы жаңы баскыч катары баалашты. Дүйнөлүк басма сөздө айрым баяндамачылар менен талдоочулар да саммиттин чечимин БРИКСтин Батыш лидерлик кылган азыркы эл аралык каржы системаны кайра түзүү багытындагы алгачкы конкреттүү кадамы катары сыпатташты.

Эң башында БРИК, Түштүк Африка кошулган соң БРИКС деп аталган бул бирикме алгачкы саммитине 2009-жылы чогулган эле.

Бразилия, Орусия, Кытай, Индия, кийинчерээк Түштүк Африканын бирге иштешүү мүдөөсү Батышта каржылык кризис тутанган учурга туш келген.

Кризистин артынан АКШда Улуттук банк – Федералдык резерв системасынын экономиканы колдоо үчүн кредиттин үстөк пайызын абдан төмөн кармоо саясаты, акчанын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү көздөй кетишине жол ачкан.

Бирок дүйнөнүн номер биринчи экономикасы саналган Кошмо Штаттар кризистен чыгып, Федералдык резерв системасы былтыр кредиттердин үстөгүн кайра көтөргөндө Индия, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдөн капитал кайра көп жакты көздөй агыла баштады.

Кайсыл бир өлкөдөн капиталдын кетиши анын улуттук акчасынын куну качат дегенди туюндурат.

Биз толугу менен долларга көз каранды болгондуктан улуттук валютабыздын куну кетишиуланууда. БРИКС акчабыздын наркын көтөрүүгө жардам берет деген ойлойбуз.

Андыктан мына ушул сыяктуу жараяндар, айрым талдоочулардын баамында, өнүгүү жолундагы БРИКС мамлекеттерин каржы чөйрөсүндө чогуу-чаран иштөөгө түртүүдө.

Индиядагы Пондичери менеджмент мектебинин иликтөөчүсү Нараянаммурзи Вижакумар “Азаттык” менен маегинде БРИКСтин өз өлкөсү үчүн мааниси тууралуу:

- Муну менен алар экономикасын АКШнын таасиринен тыш өнүктүрүүгө аракеттенип жатышканы. Кытай, маселен, 2008-жылдагы глобалдык кризистен кийин эле Азия өлкөлөрү үчүн өзүнчө акча жөнүндө сөз кылган. Бирок бул иштеген эмес. Анткени, Азия өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү технология, насыя алуу жагынан Кошмо Штаттарга көз каранды. БРИКСтин биз үчүн маанисинин себебин айтсам, Индия толугу менен долларга көз каранды мамлекет экендигинде. Биз толугу менен долларга көз каранды болгондуктан улуттук валютабыздын куну кетиши уланууда. БРИКС акчабыздын наркын көтөрүүгө жардам берет деп ойлойбуз. Валюта корубузду сактап, айыл –ападагы калк үчүн көбүрөөк инфраструктура жаратууга жардам берет деген үмүттөбүз.

Карама-каршы кызыкчылыктар

БРИКСтин Бразилия саммитинде чечилгендей, алардын инфраструктуралык долбоорлорду каржылоочу Өнүгүү банкынын баштапкы уставдык капиталы 50 миллиард доллар болот. Мындан сырткары акча базарындагы ыктымал олку-солкулуктардан коргонуу үчүн 100 миллиард доллардык валюта резерви да түзүлөт.

Бул чечимдер дүйнө калкынын дээрлик жарымы жашаган жана дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 20% берген БРИКС өлкөлөрү бирикти дегенди билдиреби, алардын экономикалык кызыкчылыгы бири-бирине канчалык шайкеш?

Менимче, БРИКС реалдуу бирикме эмес. Анткени ага кирген өлкөлөрдүн экономикасы ар башка жана бири экинчисин толуктабайт.

Кошмо Штаттардагы бейөкмөт мекеме - Ишкерлик институттун иликтөөчүсү Дерек Сизорс (Derek Scissors) “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде:

- БРИКС деген акронимди кезинде Goldman Sachs инвестициялык банкынын аналитиги Жим О”Нил ойлоп тапкан. Анын пикири боюнча, баалуу кагаздар базарынын потенциалы ошол кезде бааланбай турган мамлекеттерге көңүл бурдуруу максатында жумшалышы керек эле. Башкача айтканда, рекламалык гана максат болгон. Менимче, БРИКС реалдуу бирикме эмес. Анткени ага кирген өлкөлөрдүн экономикасы ар башка жана бири экинчисин толуктабайт. Алсак, Кытай чийки заттын эң ири керектөөчүсү, Орусия болсо чийки заттын экспортоочусу. Муну эң сонун жагдай, алар өз ара келишип алат деп айтышыңыз мүмкүн. Бирок Орусия менен Кытай он беш жылдан бери эле газ боюнча ири келишим түзөбүз деп, бирок баасын макулдаша албай жүрүшпөйбү. Өзү чийки заттын экспорттоочулары менен импорттоочуларында карама- каршы кызыкчылык болот. Бири кымбат саткысы, экинчиси арзан алгысы келет. Кытай менен Индияны карасак, Кытай кыйла байыраак, Индия болсо жакыр. Бээжин менен Делинин Дүйнөлүк соода уюмга карата да туруму эки ача. Кытай Дүйнөлүк соода эркин жүрүшүн жактаса, Индия либералдашуунун кеңейишине камтама.

Кытайдын "баласы"

Талдоочулар Орусия, Индия, Бразилия БРИКСти колдонуп, Кытай таасирин күчөтөт деп чочуганын жана алардын муну чектөөгө умтулуусун күбөлөндүргөн эки-үч жагдайды аташууда.

Кытай экономикасынын көлөмү БРИКСтин калган төрт өлкөсү бириккенде да көптүк кылат.
Кытай экономикасынын көлөмү БРИКСтин калган төрт өлкөсү бириккенде да көптүк кылат.

Маселен, алардын бири - орус президенти Путиндин БРИКСке алтынчы мүчө катары Аргентинаны кошуу сунушу. Мындан сырткары Кытай менен Индия ортосунда, Өнүгүү банкынын баш кеңселери жана төрагалыгы боюнча талаш жүргөнү. Натыйжада, бул маселе Кытай алгачкы 20 жыл банкта төрагалык кылбай турган болуп чечилгени. Банктын башкеңсеси Шанхайда жайгашканы менен анын алгачкы президенти Индиядан дайындалат.

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта коруна атаандаш болууну максат кылган Өнүгүү банкынын 50 миллиард доллардык уставдык капиталын беш өлкө 10 миллиардан тең көтөрөт.

Банк насыя берүүгө 2016-жылдан тарта киришип, ушул эле жылы башка өлкөлөрдүн мүчөлүгү үчүн ачылышы керек. Бирок БРИКСтин үлүшү 55% төмөндөбөшү шарт.

Адистер БРИКС банкынын акчасын 100 миллиард долларга чыгарган күндө деле ал капитал көлөмү жагынган көп тараптуу башка өнүгүү банктарынан кичинелик кыларын айтышууда.

Банк болочокто берүүчү насыя Кытай Азия менен Африкада буга чейин эле короткон инвестициядан аз. Демек бул иш Бээжиндин кызыкчылыктарына шайкеш келет.

АКШдагы Ишкерлик институттун иликтөөчүсү Дерек Сизорс төмөнкү жагдайларды белгилейт:

Кандай жүйө болбосун эгер бул топтун биригишин карасаңыз, кыймылдаткыч күч Кытай экени көрүнөт. Кытайдын акчасы калгандары баары чогулгандагыдан да көп. Өзү БРИКС бир ерсени макулдаша алса, Өнүгүү банкы сыяктуу эле Кытай тарабынан түртүлгөн маселе болот. Өнүгүү банкы көп тараптуу келишимдердин негизинде ар кайсы өлкөлөргө ар кандай шарт менен насыя бере алабы? Бул ишке ашуусу мүмкүн. Кытай өзү муну азыр эле жасоодо. Алар түзүп жаткан Азия инфраструктура банкы, БРИКСтин Өнүгүү банкы экөө бириккенде да Кытайдын өзүнүн Өнүгүү банкынан кичинелик кылат. Мунун баарына түрткү берген фактор - Кытайдын колунда төрт триллион доллардын турганы жана акча алмашууда расмий курс гана иштегени. Кытай колундагы акчаны эмне кыларын билбей жатат.

Саммитте жетишилген макулдашууга ылайык, БРИКСтеги Бразилиянын президенти Дилма Русефтин сөзү менен айтканда “кризистик сценарийлерден” коргоочу 100 миллиард доллардык валюта корунун 41 миллиардын Кытай көтөрөт. Бразилия, Индия, Орусиянын ар бири 18 миллиарддан, Түштүк Африка 5 миллиард гана чегере турган болду.

Бирок талдоочулар БРИКС тобунда бекем биримдик жоктугунан жана кызыкчылыктар кагылышы бардыгынан улам жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу кыйынчылыктар менен коштолорун, чыныгы сыноо жалпы банкы иштеп, андан кайсыл бир өлкө ири көлөмдө насыя сураган кезде башталарын боолгоп жатышат.

Нью-Йорктогу Манхэттен институтунун эксперти Диана Фуршгот –Рот айым “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде БРИКС Батыштын каржы институттарына чакырык таштады деген ырастоолорду четке какты:

- Өз проблемаларын чечүү үчүн өлкөлөрдүн ич ара биригип жатканы жөндүү иш. Бирок маселе алар канчалык йгиликке жете аларында. Алар өз көйгөйүн Дүйнөлүк банк же Эл аралык валюта корусуз чечүүгө толук укуктуу. Мен мындан эч коркунучту көрбөйм. Эгер алар аракеттенүү менен ийгиликке жетишсе, кол чабышыбыз керек. Мындан тынчыздана турган жүйө жок. Дүйнөлүк каржы базарларында ири капитал жүгүртүлүп жаткандыктан, акча баарына жетет. Эл аралык валюта коруна да, БРИКСке да. Бул атышка чакырык таштабастан, тескерисинче кайра жардам берет. Эл аралык валюта корунда башка максаттарга жумшагыдай көбүрөөк акча калат же мүчө өлкөлөрдүн салымынын көлөмү азайышын шарттайт.

Юань долларга атаандаш боло алабы?

Өзү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө экономиканын өсүү ыргагы өнүккөн мамлекеттердикине караганда жогору. Мындан улам америкалык доллардын глобалдык соодадагы аласа-береседе үстөмдүк кылуусу акырындап азаяры айтылып жүрөт.

Кытайдын юанына кызыгуу бар. Бирок аз өлчөмдө болсо мейли, көп санда топтоп алсаңыз кайда жайгаштырасыз ?

Маалыматтарга караганда, эгер 2002 –жылды дүйнөнүн валюта резервдеринин 70% доллар менен сакталса, быйылкы жылга карата бул көрсөткүч 60% түшкөн.

БРИКС бирикмесинде болсо америкалык долларга альтернатива болуучу жаңы эл аралык резервдик валюта жаратуу мүдөөсү да бар. Бул турумду ээлөөгө БРИКС өлкөлөрүнүн кимиси талаптана алат?

Америкалык талдоочу Дерек Сизерс мындай дейт:

- Азыр Орусиянын рублин же Индиянын рупийин эч ким кармап тургусу келбейт да. Кызыгуу Бразилиянын реалына да жок. Кайсыл бир өлкөнүн улуттук валютасы дүйнөлүк болуш үчүн ага кызыгуу жаралышы керек. Маселен, Кытайдын юанына кызыгуу бар. Бирок аз өлчөмдө болсо мейли, көп санда топтоп алсаңыз кайда жайгаштырасыз? Анткени, Кытайдын бонд базары же мамлекеттик жана корпоративдик облигациялары чет өлкөлүктөр үчүн ачык эмес. Эгер БРИКСтин өлкөлөрүндө ички трансформация жүрүп, керектөө күчөп, алардын базары кызыгуу жаратса же чет өлкөлүктөр Кытайдын баалуу кагаздар базарына кирүүгө мүмкүндүк алышса гана альтернативдүү дүйнөлүк валюта жөнүндөгү кеп-сөздөр мааниге ээ болот.

Айткандай эле БРИКС өлкөлөрү ичинен кытай акчасы - юандын эл аралык соодадагы үлүшү чоңураак. Дүйнөлүк дүң өндүрүштөгү үлүшү Индияныкынан 10% жогорулугу эске алынып, Кытайдын юаны БРИКСтин жалпы валютасы катары алынса, буга бирикменин экинчи дөө-шаасы Индия көнөбү? Индиялык иликтөөчү Вижакумар бул сурообузга:

- Бул күмөндүү маселе. Бирок менимче, келечек алар жалпы валютага кандай жол менен барышарына көз каранды. Бул маселе БРИКС мамлекеттери ортосуна ажырым салбашы керек. Менин ишенимимде, эгер алар өз ара соода үчүн жалпы валюта жаратууга жетишсе, биздин улуттук акчабыздын куну кетиши токтойт. БРИКС өлкөлөрүнүн валюталарынын наркы айырмаланат. Бул ошол мамлекеттердин экономикалык пайдубалынын ар башкалыгында. Алар акча – кредит жаатында кандай саясат жүргүзөрүн али аныкташа элек. Мындай саясат алдыдагы беш жылда иштелип чыгат деп үмүттөнөм. Жалпы банкты түзүп коюу менен эле иш бүтпөйт.

Талдоочулар БРИКСтин ишиндеги жылыш АКШ менен Еврошаркет Украинадагы окуялардан улам Орусияга санкция киргизген учурга туш келгенине да көңүл бурушту. БРИКС өлкөлөрү, албетте, Батыштын Орусияга карата экономикалык чектөөлөрүн колдогон эмес. Өзү бирикменин багытында саясий өңүт барбы? АКШдагы Ишкерлик институтунун талдоочусу Дерек Сизорс:

- Өзгөчө Кытай менен Орусия жалпысынан, Индия менен Бразилия жана Түштүк Африка кээде айрым маселелер боюнча дүйнөнүн учурдагы каржылык, атүгүл саясий архитектурасына альтернативаны каалашат. Алар муну эмнени каалап жатышканы түшүнүктүү. Анткени азыркы глобалдык архитектура кээ бир учурларда алар үчүн жакшы эмес. Бул жердеги саясий максат - АКШ, Европа,Трансатлантикалыкка каршы туруучу, экономикалык, балким саясий аспап жаратуу. Бирок бир нече өлкө бириксе эле альтернатива жаралды деп айтууга болбойт. Альтернатива үчүн саясатта жана жүрүм – турумда окшоштук, макулдашуу талап кылынат. Азырынча аларда мындай жок.

БРИКС аныктамасын ойлоп тапкан Goldman Sachs инвестициялык банкынын эсебинде, бул топтогу мамлекеттер экономикасынын бириккендеги көлөмү жагынан Чоң Жетининин өлкөлөрүнүн экономикасынын көлөмүн 2050 - жылга барып кууп өтөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG