Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

Бээжинде ушул аптада Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкын (AIIB) негиздөө келишимине кол коюлду. Азырынча Кытай үстөмдүк кылуучу бул банк Азия чөлкөмүндө инфраструктураны жакшыртууга жардам берет деп күтүлүүдө.

Бирок бул каржы институттун болочок ишмердигине байланыштуу айрым тынчыздануулар да жок эмес.

Бээжинде Азиянын жаңы каржы институтунун уставына кол коюу жөрөлгөсүнө 57 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын каржы министри да катышты.

Ага чейин былтыр октябрда ошол эле кытай борборунда бул банкты түзүү боюнча меморандумга 21 мамлекет кол койгон эле.

Эми бир жылга жетпеген убакыт ичинде банкты уюштуруу багытында конкреттүү кадамдар жасалып, анын мүчөлөрү жана үлүш ээлери аныкталып калышын, Рейтер агенттиги өз анализинде жазгандай, Кытайдын тышкы саясаттагы эң чоң ийгилиги катары сыпаттоого да болот. Бул чоң ийгилик экендигин банктын уставына кол коюлган күнү чет элдик делегацияларды кабыл алып жатып, кытай президенти Си Цзинпин өзү дагы баса белгилеп өттү:

Кытай президенти Си Цзиньпин

Кытай президенти Си Цзиньпин

- Менимче, келишимге кол коюу боюнча бүгүнкү салтанат Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкын түзүү жараянындагы тарыхый кадам. Биз буга жетишкенибизди көрүүгө кубанычтуубуз.

Си Цзинпин жаңы эл аралык банкты негиздеген өлкөлөрдүн Бээжинге чогулган жогорку даражалуу өкүлдөрү астында сүйлөп жатып, “Кытайдын өнүгүүсү Азиянын жана дүйнөнүн өнүгүүсүз мүмкүн эмес, Кытайдын өсүшү менен биз дүйнөнүн өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошууга дилгирбиз”-деп да ырастады.

Азиянын маселелерине адистешип, Токиодо чыгуучу The Diplomat журналынын Вашингтондогу талдоочусу Шэннон Тиези (Shannon Tiezzi) “Азаттык” менен маегинде жаңы банктын болочок ишмердиги боюнча айрым тынчыздануулар болгону менен, анын жаралышы чөлкөм үчүн оң көрүнүш экенин айтат:

- Азия инфраструктурага инвестиция жасоо үчүн триллиондогон долларга муктаж экенин эске алганда, бул жакшы нерсе. Анткени, бул акчаны Эл аралык валюта кору, Азия өнүгүү банкы өңдүү каржы институттары жалгыз-жарым бере албайт. Демек, Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкы аймакта инфраструктураны каржылоонун альтернативдүү булагын сунуш кылууда. Инфраструктуранын жакшыруусу өз кезегинде Азиядагы жалпы экономикалык өсүштү алдыга түртүүсү керек. Бирок биз билгенден Азия инфраструктуралык инвестиция банкы өнүгүүнүн жоопкерчиликтүү үлгүсүн колдой алабы же жокпу, анын ичинде долбоорлорду каржылоодо экологиялык жоопкерчилик, жогорку стандарттар эске алынабы деген тынчыздануулар болгон. Банкты негиздөөчүлөрдүн катарына кирген Австралия, Түштүк Корея өңдүү өлкөлөр бул тынчызданууларга жооп берилмейинче келишимге кол койбой тургандыктарын да айтышкан. Бирок эми уставдын кабыл алынуусу менен Кытай өнүккөн өлкөлөрдү канааттандырган стандарттар болорун ишара кылууда.

Банктын экологияга таасири

Жаңы эл аралык каржы институттун жаралышынан улам экология маселесинин көтөрүлүшү Кытай өзүн өндүрүш же курулуш долбоорлорун ишке ашырууда экологияга зыян келтирип, жергиликтүү жамааттардын тынчызданууларын эске албаган, ал эми насыя берүүдө коммерциялыкта башка шарттарга же стандарттарга көңүл бурбаган кредитор катары көрсөтүп келгенине байланыштуу.

Банктын уставына кол коюлган учур. Бээжин, 29-июнь, 2015-жыл.

Банктын уставына кол коюлган учур. Бээжин, 29-июнь, 2015-жыл.

Быйыл апрелде эле Азиянын жыйырмадай өлкөсүнөн 250дөй бейөкмөт уюм кирген коалиция Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкынын жетекчилигине жолдогон кайрылуусунда анын ишмердиги экологияга зыянын тийгизип, жергиликтүү жамааттарды жакырлантпоосун кепилдөө үчүн коопсуздук стандарттарын иштеп чыгууда жарандык коомдун да үнүн угууга чакырган.

Кытай бийликтери ырастагандай, жаңы банк инфраструктурага инвестициянын «кесипкөй, таза жана эффективдүү платформасын жаратыш үчүн эл аралык жакшы тажрыйбаны жана жогорку станданттарды кабыл алат».

Каржы министринин орун басары Ши Яобин уставга кол коюлган күнү билдиргендей, банктын экология жана социалдык багыттагы стандарттары азыр даярдалуу үстүндө:

- Биз айлана-чөйрө, социалдык саясат, сатып алуулар саясаты боюнча чен-өлчөмдөрдү, банк эффективдүү жана ачык - айкын иштөөсү үчүн жардам берүүчү кээ бир укуктук, документтерди, каржылык башкаруу системасын даярдап жатабыз.

АКШ менен Жапония Азиянын жаңы банкына кошулган жок

Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкынын уставдык капиталы 50 миллиард доллар менен башталып, бара-бара 100 миллиард долларга жетет деп айтылды.

Кытай мунун 30% кошуу менен үлүш ээлеринин эң ириси болуп калды.

The Diplomat журналынын Вашингтондогу талдоочусу Шэннон Тиези (Shannon Tiezzi) “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, Бээжиндин үстөмдүгү эгер банкка Азиянын дагы бир ири оюнчусу - Жапония кошулса гана азаят:

- Кытай банктын акцияларынын 30% ээлик кылат. Башкача айтканда, эң ири үлүш ээси. Экинчиси - Индияда 9% үлүш болот. Кытай менен Индия Азиянын эң ири экономикалары экенин, банктын үлүш ээлери аныкталганын эске алганда, добуштун көпчүлүгү Азия өлкөлөрүндө болот. Өнүккөн өлкөлөрдөн Германия, Британия, Австралиянын үлүшү аз эле. Кытай тараптын буга чейинки билдирүүлөрүнө караганда, узак мөөнөттөн алганда алар банкта үстөмдүктү сактап калууну көздөбөйт, банкка жаңы мүчөлөр кошулса, чечимдерге вето салуу укугунан да ажыроого даяр. Эгер банкка Жапония кошулса, ал Азиянын экинчи ири экономикасы катары Кытайдын үлүшүнүн бир бөлүгүн алат. Эгер АКШ да кирүүнү чечсе, ага да Кытайдын үлүшүнүн бир бөлүгү тиет. Бирок мындай болбой калышы да мүмкүн. Эгер АКШ менен Жапония банктын иштерине аралашпай тура беришсе, Бээжиндин үстөмдүгү сакталып калат. Кытайдын расмий өкүлдөрү өздөрү айткандай, алардын үстөмдүгү жана үлүшү башка өлкөлөрдүн кошулуусу менен басаңдайт.

Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкынан Орусия 6,5% үлүш алса, Батыш өлкөлөрүнөн эң чоң - 4% үлүш Германияга тийди. Кытайдын мамлекеттик “Синьхуа” агенттигинин жазганына караганда, бул каржы институтта азиялык эмес өлкөлөрдүн жалпы үлүшү 30% ашпоосу керек. Бирок Азиянын экинчи ири, дүйнөнүн үчүнчү ири экономикасы - Жапония Кытай сунуштап жаткан банкка кошулган жок. Талдоочу Шэннон Тиези мунун себебин “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Кытай менен Жапония ортосунда азыр бир топ чыңалуу бар. Бул бир нече фактордон улам: тарыхтан калган маселелер бар, аймактык талаштар, ошондой эле эки ортодо геосаясий атаандаштык да жок эмес. Жапония Кытайды анын аймактагы кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч жаратууда деп эсептейт. Буга кошумча Азиянын инвестициялык инфраструктура банкын Жапония башкарган Азия өнүгүү банкына атаандаш катары чыгып жатбайбы. Ооба Азия Өнүгүү банкынын жетекчилери расмий түрдө жаңы банк менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү бардыгын айтып жатышат. Жапон бийликтери да коомчулукка багытталган сөздөрүндө өз камтамачылыктарын башкаруу маселелерине байланыштырышат. Бирок жеке сүйлөшүүлөргө келгенде, менимче, алардын аймактагы макамына коркунуч туулуп жатканына тынчызданышат. Демек, алар адегенде банктын иши кандай кетерине көңүл бурушат. Банк кытай бийликтери расмий айткандай иштейби же Бээжиндин аймактагы таасирин күчөтүү үчүн пайдаланылабы? Менимче, эгер Жапония банктын ишине канааттанса ага кийинчерээк барып кошулуусу мүмкүн.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин жазганына караганда, Кошмо Штаттар башында каршы болгонуна карабай, анын Европа менен Азиядагы маанилүү өнөктөрүнүн бир нечеси Кытай демилгелеген банкка кошулду.

Аталган басылманын пикиринде, эл аралык жаңы каржы институттун жаралышы бир жагынан Кытайдын АКШга нааразылыгынын натыйжасы. Анткени, Конгресс буга чейин Эл аралык валюта корунун акчасын көбөйтүү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн чечим кабыл алуу жараянындагы ролун жогорулатууну караган маанилүү келишимдерге тоскоолдук кылып койгон эле. Анын үстүнө Азиядагы айрым өлкөлөр да АКШ үстөмдүк кылган Дүйнөлүк банк, Азия өнүгүү банкы насыя берүүдө шарттарды өтө эле көбөйтүп жиберет деп санашат.

Кытай президенти Си Цзиньпин Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкын уюштуруу жыйынына келгендер менен. Бээжин, 24-октябрь, 2014-жыл.

Кытай президенти Си Цзиньпин Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкын уюштуруу жыйынына келгендер менен. Бээжин, 24-октябрь, 2014-жыл.

Президент Барак Обама быйыл апрелде АКШ Азиянын инфраструктуралык инвестиция банкына каршы деген туура эмес, эгер ал дүйнөлүк жакшы тажрыйбаны кабыл алса, анын ичинде экологиялык жана социалдык кепилдиктерди сактаса, эгер инвестицияны жакшы инфраструктурага салса, биз мунун баарын колдойбуз”-деп айткан эле.

The Diplomat журналынынын талдоочусу Шэннон Тиези АКШнын жаңы банк боюнча турумун мындайча чечмелейт:

- Көп жагынан алардын туруму Жапонияныкына жакын эле. Вашингтон да банк, Кытай ачык айткандан башка да, көбүрөөк максаттарды көздөйбү деп тынчызданат. Алар кызматташууга барганга чейин мунун далилдери бар-жогун билиши керек.

АКШ Азиядагы өлкөлөр менен Транс-Тынч океан өнөктөштүгү соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Талдоочулардын баамында, эгер бул эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаса, АКШнын Азия-Тынч океан аймагынын экономикасындагы мааниси кайрадан бекемделет, чөлкөмдүн өлкөлөрү да чоң пайда көрөт.

Бир жагынан эркин соода, экинчи жагынан Кытайдын инфраструктуралык долбоорлору кетсе, бул Азия-Тынч океан аймагынын экономикасы мурдагыдан да интеграциялануусуна салым кошот.

Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын жаралышы Кытай президенти Си Цзинпиндин Борбор Азия өлкөлөрүн да камтыган, жаңы Жибек Жолунун экономикалык коридору концепциясынын максаттарына шайкеш келет.

Кытай өкмөтү былтыр жыл соңунда атайы Жибек Жолу кору түзүлүп, анын көлөмү 40 миллиард доллар болорун жарыялашкан. Бул Бээжиндин кредит берүүнү улантууга даярдыгын каңкуулайт. Кыргызстан да инфраструктура үчүн насыяны Кытайдан алууда, келечекте да бул үчүн насыя булагы Кытай эле болчудай.

Кытай өкмөтүнөн тикелей карыз алуу опурталдуу экенин айтып келе жаткан мурдагы каржы министри Акылбек Жапаровдун пикиринде, келечекте Кыргызстан үчүн насыяны Кытайдын өзүнөн эмес Азиянын инфраструктуралык инвестициялык банкынан алуусунун тобокелдиги азыраак болот. Жаңы түзүлүп, баш кеңсеси Бээжинде жайгашуучу банк быйыл жыл соңуна барып ишке киришет деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG