Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:40

Экономикалык эркиндиктер тууралуу жаңы отчетто СССР кыйрагандан бери экс-советтик өлкөлөрдүн бир канчасы Орусиядан аттап өткөндүгү айтылат. Кыргызстан бул көрсөткүчтө дүйнө мамлекеттеринин кап ортосунда турат.

Илимий изилдөө жүргүзгөн Heritage фонду жана белгилүү экономикалык Wall Street журналы үстүбүздөгү жылдын Экономикалык эркиндиктер индексин жарыялады. Анда 178 өлкө ичинен Орусиянын экономикасы «көбүнесе эркин эмес» катары 143-орунду ээледи. Экс-советтик өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунда Эстония аталды.

Мындай отчеттун мааниси - инвесторлор тигил же бул өлкөгө ушул өңдөнгөн таасирлүү изилдөөлөрдүн негизинде акча салышат. Ошол эле мезгилде экономикалык эркиндик сөзсүз эле бул мамлекеттердин казынасы толгон, же эли байгер жашайт дегенди билдирбейт. Мындагы негизги көрсөткүч – экономикалык ишмердүүлүккө канчалык тоскоолдук бар экендиги. Мисалы, Германияда пицерия ачам десеңиз, ресторан бизнесине кирүү үчүн көп чыгымга учурашыңыз мүмкүн. Өзбекстанда бийликтердин бут тосуусу күчтүү болуп, ал эми Кыргызстанда ишкер кылмыштуу чөйрөлөрдөн сокку жеп калышы ажеп эмес.

Унаа базары, Кыргызстан

Унаа базары, Кыргызстан

Ушул өңдөнгөн факторлор экономикалык эркиндиктин деңгээли деген көрсөткүчкө таасир этет.

Отчетко ылайык, Эстония экономикасынын эркиндиги боюнча дүйнөдө сегизинчи орунда экен. Буга салыштырмалуу Кошмо Штаттары 12-сапта, ал эми Улуу Британия 13-орунда.

Литва Эстониядан артта болгону менен, Германиядан ашып өтүп, 15-орунду ээледи. Ал эми Грузия 22-орунда. Булардын экономикасы «көбүнесе эркин» деп бааланды.

«Салыштырмалуу эркин» өлкөлөрдүн катарында Латвия 37, Армения 52, Казакстан 69-орунду ээлеген. Кыргызстан 82-орунду ээлесе, Азербайжан 85-сапта.

Молдова менен Тажикстан «көбүнесе эркин эмес» өлкөлөрдүн катарында аталды. Тажик экономикасы Орусиядан болгону 3 баскычка жогору, 140-орунду ээледи.

Экономикасы «репрессивдүү» делген өлкөлөрдүн ичинен Беларус 153, Өзбекстан 160, Украина 162, Түркмөнстан 172-орунда.

Эстония

Эстония

1995-жылдан бери жарыяланып келе жаткан бул экономикалык эркиндик индексин аныктоодо негизинен төрт фактор эске алынат. Атап айтканда, мыйзамдуулук, эрежелердин эффективдүүлүгү, өкмөттүн кийлигишүүсүнө чектөөлөр жана экономиканын башка өлкөлөргө канчалык эшиги ачык экендиги ченелет.

Ошондой эле жеке менчик укуктары, коррупциянын деңгээли, финансылык эркиндик жана өкмөттүн чыгымдары эске алынат. Мындан тышкары экономикалык эркиндик бизнес ишмердүүлүгүнө, жумушчу күч базарына, акча саясатына, соода, инвестиция жана акча которууларга жараша да бааланат.

Кыргызстандын жалпы көрсөткүчү мурунку жылга караганда 0.2 баскычка көтөрүлүп, соода жүргүзүү, коррупциянын деңгээли, жумуш табуу жана акча жүгүртүү жагынан эркинирээк боло түштү деп табылган. Ошол эле маалда инвестиция салуу, бизнес ачуу, салыктар жагынан тескерисинче, бир аз начарлай түшкөн.

Коңшулаш өлкөлөргө келсек, экономикалык эркиндик жагынан Тажикстан көпчүлүк өлкөлөрдүн артында калып 140-, Өзбекстан 160-, Түркмөнстан 172-орунду ээледи.

Экономикасында социализмдин көп элементтери сакталып калган Кытай «эркин эмес» өлкө деп аныкталды.

Жалпысынан бул иликтөөгө ылайык, дүйнөдө төрт жарым миллиард калк, же дүйнө элинин 65 пайызга жакыны «экономикалык жактан эркин эмес» өлкөлөрдө жашайт жана мынча элдин жарымы Кытай менен Индияга туура келет.

«Репрессивдүү", же басым-кысымы көп экономикасы бар деп 28 өлкө аталган. Эң башкысы, беш гана өлкөнүн экономикасы "эркин" деп табылган. Алар Гонконг, Сингапур, Жаңы Зеландия, Австралия жана Швейцария.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG