Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Эркин сооданын эң ири аймагы түзүлүүдө


Транс-Тынч океан өнөктөштүгү деп аталган келишимге кошулуп жаткан Жапониянын фондулук биржаларындагы соода көрсөткүчтөрү.
Транс-Тынч океан өнөктөштүгү деп аталган келишимге кошулуп жаткан Жапониянын фондулук биржаларындагы соода көрсөткүчтөрү.

Дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 40% камсыздаган өлкөлөр өзүнчө эркин соода аймагын түзүүдө. Он эки мамлекет Транс-Тынч океан өнөктөштүгү деп аталган келишимге эки күн мурда жетишти.

Келишим Кытайдын Азиядагы экономикалык үстөмдүгүн чектөө, глобалдык сооданын эрежелерин аныктап калуусун алдын алуучу чара катары каралууда. Бирок Бээжин келишимди кайра колдогондой түр көргөздү.

Дүйнөдө жаңы эркин соода аймагын түзүүнү караган келишимге Америка континентинен АКШ, Канада, Мексика, Чили, Перу, океан ортосунан Австралия менен Жаңы Зеландия, Азиядан азырынча Жапония, Сингапур, Вьетнам, Малайзия, Бруней кирүүдө. Бул өлкөлөр бириккенде дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 40% жакынын беришет.

Алардын Транс–Тынч океан өнөктөштүгү деп аталган келишими соода чектөөлөрүнөн арылууну, эмгек акы төлөөдө, өндүрүштүн экологиялык нормаларында окшош стандарттарды киргизүүнү карайт.

Эксперттердин айтуусунда, келишим акыр аягында күчкө кирип, анын шарттарынын толук кандуу иштей баштоосу товардын дээрлик 18 миң категориясы боюнча бажы тарифтердин кыскарып же жоюлушуна алып барышы абзел.

Он эки өлкө ортосундагы сүйлөшүү ушул дүйшөмбү күнү АКШнын Атланта шаарында жыйынтыкталып, соода министрлери макулдашуу долбоорун бекитишти.

Бул жетишкендик расмий жарыяланган кезде АКШнын соода өкүлү Майкл Фроман келишимди “тарыхый” деп атаса, Австралиянын соода министри Эндрю Робб төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Бул келишим менин көз карашымда, чыны менен трансформациялык. Акыркы жыйырма жылда бир нече өлкө ортосунда түзүлгөн эң дымактуу жана эң ири келишим. Баамымда ал 21- кылымдагы соода келишимдеринин көбүн өзгөртөт.

Мельбурн, Австралия
Мельбурн, Австралия

Эркин сооданын жаңы аймагынын түзүлүүсү, мисалы, АКШда Конгресстин жактыруусун талап кылат. Конгресстин бир катар таасирдүү мүчөлөрү баштапкы комментарийлеринде буга этият жана скептикалык реакция жасашты.

Баяндамачылар эгер келишим Конгрессте жактырылып калса, бул президент Барак Обаманын мурасын аныктоочу иш болуп каларына көңүл бурушууда.

Жаңы эркин соода аймагында экономикасы кубаттуу экинчи өлкө Жапониянын премьер министри Синзо Абэ келишим Азия-Тынч океан аймагында эркиндик, демократия, адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү өңдүү негизги баалуулуктарды бөлүшкөн өлкөлөр ачык-айкын, адилет жана эркин экономикалык система курат деген ишенимин билдирди.

Жапон премьеринин көз-карашында, келишим Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн стабилдүүлүгүнө да салым кошот, эгер келечекте ага Кытай кирсе мунун стратегиялык мааниси дагы артат.

Кытай демекчи, жаңы эркин соода аймагын АКШ жана Азиядагы бир катар өлкөлөр Кытайдын аймактагы экономикалык үстөмдүгүн чектөө, глобалдык сооданын эрежелерин Бээжин аныктап калуусун алдын алуучу чара катары карашууда. Бирок Кытай азырынча буга анчалык деле тынчсызданбагандай, демилгени кайра колдонгондой түр көргөздү.

Өлкөнүн Соода министрлиги келишимдин түзүлүүсүн кубаттады.

Ал эми Кытайдын экономикалык башкы пландоо мекемеси – Улуттук өнүгүү жана реформа комиссиясынын эксперти Яанг Жианпин (Zhang Jianping) "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде мындай дейт:

- Биз Кытай Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнө каршы турбоосу керек деп ойлойбуз. Анткени анын он эки мүчөсү тең туруктуу сооданын жана инвестицияны тескөө механизминин жогорку стандартын жакташууда. Эгер Кытай өзүн он эки экономикага каршы койсо, ушул механизмдерге каршы чыккан болуп калат. Бул Азия-Тынч океан аймагындагы экономикалык интеграция жараянына жардам бербейт. Биз Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнүн багытын урматтайбыз.

Бээжиндик талдоочу "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде Кытайда азыр Транс-Тынч океан өнөктөштүгү келишимине кирген он эки өлкөнүн үчтөн экиси менен эки тараптуу эркин соода келишими бардыгын, бул жаңы эркин соода аймагынын алар үчүн терс кесепетин тең салмактай аларын кошумчалады.

Анткени Транс-Тынч океан өнөктөштүгү тарифтердин жоюлушу менен товар наркын арзандатып, ага мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы күчөтүп, тескерисинче Кытай импортуна талапты азайтышы керек.

Транс-Тынч океан өнөктөштүгүн түзгөн өлкөлөрдүн министрлери Атлантадагы басма сөз жыйында бул жаңы соода биримдиги Кытай үчүн да ачык экенин белгилешти.

Жаңы өнөктөштүккө Кытай кошулуудан баш тарткан шартта деле ал ишке кирсе дүйнөдөгү эркин соода аймактардын эң ириси болору күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG