Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

ФРС үстөк пайызды өзгөртпөдү


Федералдык резервдик системанын төрагасы Жанет Йелен
Федералдык резервдик системанын төрагасы Жанет Йелен

21-cентябрда АКШнын Федералдык резервдик системасынын жыйыны болду. Анын соңунда дүйнөлүк акча, насыя саясатына таасир эте турган үстөк пайыз өзгөртүүсүз калтырылды.

Дүйнөдө экономикасы үчүнчү орунду ээлеген Жапонияда Улуттук банк экономиканы стимулдаштыруу чарасын кабыл алды.

АКШнын Борбордук банкынын ролун аткарган Федералдык резервдик система 21-сентябрда негизги үстөк пайызды көтөрүү же көтөрбөө боюнча кеңешмеге чогулду. Анын жыйынтыгында үстөк пайызды өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынды.

Экономисттер жана финансылык талдоочулар дүйнөдөгү эң ири экономика карама-каршы белгилерди берип жатканына байланыштуу Федералдык резервдик система үстөк пайызды өзгөртүүсүз калтырат деп болжоп жатышкан.

Белгилүү болгондой ФРС өткөн жылы декабрь айында негизги үстөк пайызды 0.25 пайыздан 0.5% көтөргөн. Үстөк пайызды көтөрүү дүйнөдө насыялардын кымбатташына жана доллардын курсунун бекемделишине алып келери белгилүү. Федералдык резервдик система бул чараны өлкө экономикасындагы кырдаалга жараша колдонуп келет.

Азыркы учурда АКШда экономикалык өсүштүн басаңдашы, эмгек базарында карама-каршылыктуу белгилер жана дүйнөлүк ири экономикалардагы өсүүнүн жайлашы да регулятордун үстөк пайызды көтөрүү максатына каршы болууда. Ошондуктан Федералдык резервдик системанын чечимине жараша АКШ экономикасынын абалына да баа берилерин эксперттер белгилешүүдө. Кошмо Штаттарда үстөк пайыз өткөн жылдын соңунда көтөрүлгөн бойдон өзгөртүлбөй келатат.

21-сентябрда Жапония банкынын башчысы Харухико Куродо маалымат жыйынында экономиканы стимулдаштыруу максатында чаралар кабыл алынганын билдирди:

- Эки пайыздык инфляция көрсөткүчүнө мүмкүн болушунча тезирээк жетүү үчүн, биз сандык жана сапаттык жеңилдетүүнүн жаңы негиздерин ишке киргизүүнү чечтик.

Куродонун айтымында, бул максатта Жапониянын банкы - 0.1% үстөктү сактап, мамлекеттик узак мөөнөттүк баалуу кагаздарды сатып алат. Жапон банкынын мындай чечиминен кийин акциялардын баасы көтөрүлүп, Nikkei 1% өскөнү байкалды.

Рейтердин экономисттерди сурамжылоолору көрсөткөндөй, Кошмо Штаттарда да үстөк пайыздын көтөрүлүшү күтүлбөйт. Эксперттер Федералдык резервдик система азыркы абалды бери дегенде быйылкы жылдын декабрына чейин сактайт деп эсептейт. Үстөк пайызды көтөрбөө Кошмо Штаттардын экономикасынын калыбына келүүсүнө тынчсызданууларды кабарлайт.

Кошмо Штаттардын Соода министрлигинин экономикалык талдоо бюросунун кабарлоосу боюнча, быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча өлкө экономикасы күтүлгөндөй 1.2% эмес, 1.1% өскөн.

Бул арада Кытай экономикасы мурункудай 10% ашуун болбосо да салыштырмалуу жогору темптеги өсүштү көрсөтүүдө. Эл аралык валюта корунун билдирүүсү боюнча, быйылкы жылдын июль айына карай Кытай экономикасы 6.6% өсүш берди.

“Кытай туруктуу экономикалык өсүшкө өтө баштады. Көп жактар боюнча прогресс бар, бирок кыйынчылыктар да көп. 2015-жылы өсүш 6.9% чейин жайлады, быйылкы жылы 6.6% тегерегинде болору күтүлүүдө. Өсүштүн жайлоосу менчик инвестициянын азаюусу жана тыштан талаптын кыскаруусуна байланыштуу” деп жазат РИА Новости Эл аралык валюта корунун маалыматына таянып.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG