Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Жекшемби күнү Токиодо Эл аралык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын жылдык кеңешмеси глобалдык экономиканын төмөндөшүн алдын алуучу чараларды аныктоо менен аяктады. Адистердин айтымында, өкмөттөрдүн чара көрүүсү үчүн алдыдагы жарым жыл чечүүчү мааниге ээ жана дүйнөлүк экономиканын болочогу көбүнесе Евробиримдик менен АКШнын аракеттерине көз каранды болуп турат. Токиодогу жыйынды утурлай Эл аралык валюта кору дүйнөлүк экономиканын көрсөткүчтөрүн кайра карап, быйыл өсүш күтүлгөндөн солгун болорун, бир нече ай мурдагыга салыштырмалуу келечек начарлап, тобокелчиликтер күчөй түшкөнүн билдирген.

Адистердин айтымында, өкмөттөрдүн чара көрүүсү үчүн алдыдагы жарым жыл чечүүчү мааниге ээ жана дүйнөлүк экономиканын болочогу көбүнесе Евробиримдик менен АКШнын аракеттерине көз каранды болуп турат.

Кыргызстандын экономикасында бир пайыз гана өсүш болот

Токиодогу жыйынды утурлай Эл аралык валюта кору дүйнөлүк экономиканын көрсөткүчтөрүн кайра карап, быйыл өсүш күтүлгөндөн солгун болорун, бир нече ай мурдагыга салыштырмалуу келечек начарлап, тобокелчиликтер күчөй түшкөнүн билдирген.

Эл аралык валюта корунун соңку эсебине караганда, Кыргызстанда быйыл экономикадагы реалдуу өсүш 1% гана тегерегинде болот. Эгер өткөн жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук дүң өндүрүшүнүн расмий көлөмү 6 миллиард долларга жакындап барганын эске алганда, 1% өсүш менен экономика быйыл болгону 60 миллион долларга кеңейет.

1% жогорулоо кыргыз экономикасынын өсүү ыргагы жалпы дүйнөлүк көрсөткүчтөн 2% ашуунга төмөн дегендик.

Белгисиздик

Эл аралык валюта кору июль айында эле глобалдык экономика быйыл 3,5% өсөт деп божомолдосо, өткөн аптада бул көрсөткүчтү 3,3% түшүрдү.

Дүйнөнүн Улуттук дүң өндүрүшүнүн акчалай көлөмү өткөн жылдын жыйынтыгында дээрлик 70 триллион долларга жеткенин эске алганда, өсүштүн 0,2% солгундашы дүйнөлүк экономика мурда күтүлгөнгө салыштырмалуу 140 миллиардга кыскарат дегендик.

Бул - Кыргызстандын 23 улуттук дүң өндүрүшү же Венгрия жана Жаңы Зеландия өңдүү өлкөлөрдүн бир жылдык экономикасы.

Швейцариянын Берн университетиндеги Экономика институтунун профессору Валли Кубинин (Vally Koubi) “Азаттыкка” айтканына караганда, азыр дүйнөлүк экономиканы артка тарткан эң башкы фактор – акча таңкыстыгы эмес, белгисиздик. Мындан улам экономикага жаңы кан куюлбай жатат:

- Азыр болуп жаткан нерсе бул - белгисиздиктин күчөгөнү. Мындай шартта акчасы бар адамдар да аны коротпой сактайт. Эгер сиз эртең эмне болуп кетерине ишене албасаңыз акция, же турак үй сатып албайсыз, башка иш да кылбай, акчаңызды сактайсыз да. Өзү өсүштү аныктаган эң маанилүү көрсөткүч – инвестиция. Адамдар инвестиция жасап, жаңы заводдор курулуп, ишке көбүрөөк адамдар алынып, алар айлык алып, ал акчасына Кытайда же Европада өндүрүлгөн товарларды сатып алуусу керек да. Эгер сиз инвестиция жасабасаңыз, өсүш болбойт. Ал эми инвесторлор азыр абдан чоң капчыктуулары, кичине капчыктуулары да инвестиция жасоодон коркуп турушат.

Дүйнөлүк экономиканын жолун белгисиздик тороп жатканын Токиодогу жылдык кеңешмеде Эл аралык валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард да бышыктады.

Башка факторлор

Ал эми кордун башкы экономисти Оливьер Бланшардын айтымында, глобалдык экономиканын солгундашында үч фактордун салымы бар:

- Биринчиси , өнүккөн өлкөлөрдөгү фискалдык консолидация. Биз бул зарыл экенин билебиз, бирок ал өсүштү жайлатууда. Экинчиси, саясатты аныктоочулар эмне жасары белгисиз болуп турушу. Бул көп жагынан Европадагы саясий белгисиздик, бирок АКШ менен Жапониядагы да. Үчүнчүсү - экономиканын өнүгүү жолундагы Кытай, Индия, Бразилияда жайлашы. Дүйнө азыр өз ара ушунчалык чырмалышып калгандыктан, анын бир бөлүгүндө болгон нерсе, дароо калган бөлүгүнө таасир берүүдө. Ушунун баары биригип келип өсүштү басаңдатууда.

Өзү акыркы он жылдыкта глобалдык экономиканын жогорулашында өнүгүү жолундагы өлкөлөрдүн салымы чоң болчу. Маселен Кытайдын экономикасы 2000-жылдардан тартып, жылына кеминде 10% өсүп турган.

Келечек АКШ жана Евробиримдикке көз каранды

Ал эми быйыл Эл аралык валюта корунун соңку эсебине караганда, дүйнөнүн экинчи ири экономикасы – Кытайдагы жогорулоо 7% жетпейт. Биринчи жана үчүнчү экономика - АКШ менен Жапонияныкы 2,2% өссө, Евробиримдиктики 0,4% төмөндөйт.

Өнүккөн өлкөлөрдө экономиканын басаңдашы өз кезегинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө да таасир тийгизүүдө. Швейцариянын Берн университетиндеги Экономика институтунун профессору Валли Куби:

- Эгер Кошмо Штаттар менен Евробиримдик рецессияга кирсе, алардын керектөө кубаты азаят. Мындай шартта Кытай өндүрүшүн азайтуусу абзел. Эгер Кытай өндүрүшүн азайтса, анын экономикасы төмөндөйт. Мунун натыйжасында глобалдык экономика рецессияга кирет. Себеби Кытайдагы экономикалык өсүшү азыр Европанын, АКШнын, Жапониянын керектөөсүнө байланышкан. Эгер Евробиримдикте, АКШда акча жок болсо Кытайдын өндүргөнүн ким сатып алат?

Профессор Вали Кубинин пикиринде, глобалдык экономиканын келечеги ириде АКШ менен Евробиримдиктин аракеттерине көз каранды болуп турат. Евробиримдик карыз кризисин жөндөшү зарыл болсо, АКШда бийликтер Эл аралык валюта кору “каржылык үзүлүү” деп атаган кырдаалды алдын алуусу керек. Башкача айтканда АКШ администрациясы менен Конгресс жаңы жылга чейин салыктарды көтөрүү жана бюджеттин чыгымдарын кыскартуу маселеси боюнча саясий мунаса табышы абзел.

Эл аралык Валюта корунун аткаруучу директорунун орун басары Немат Шафиктин Рейтер агенттигине билдиргенине караганда, Токиодогу жылдык жыйын дүйнөлүк экономика дагы ылдыйлап кетпөөсү үчүн Европа, АКШ жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр эмне жасоосу керектиги боюнча ачыгыраак картинаны түзүү менен аяктады. Өкмөттөр үчүн алдыдагы "алты ай чечүүчү болот".

Глобалдык экономика боюнча тынчсыздануулар айтылып жатканы менен дүйнөлүк туризм солгундабагандай. Дүйнөлүк туризм уюмунун маалыматына караганда, быйылкы жылдын алгачкы алты айында ары-бери каттаган туристтер саны 5% өскөн жана жыл аягына чейин 1 миллиардга жетери күтүлүүдө. Былтыр дүйнөдө туристтердин саны 982 миллионду түзгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG