Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

2025-жылга карата глобалдык экономикада америкалык доллар эл аралык валюта катары жалгыз үстөмдүк кылган доор аяктайт. Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасында мына ушундай жоромол айтылган.

Аталган эл аралык каржы уюмдун пикиринде, эл аралык валюта катары доллар менен еврого келечекте кытай юаны да кошулат.

Дүйнөлүк банктын “Глобалдык өнүгүү мейкиндиктери 2011 – Көп уюлдуулук: Жаңы глобалдык экономика"деген баяндамасы жарык көрөр замат айрым Батыш гезиттеринен Financial Times баяндаманын тыянактарын комментарийлеп, “Дүйнөлүк банк доллардын гегемониясы бүтөөрүн көрүүдө”, деп жазды.

Бирок баяндаманы даярдагандардын бири, Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу кеңсесинин экономисти Мансур Дайлами (Mansoor Dailami) "Азаттыкка” жаңы баяндаманын тыянактарын мындайча чечмеледи:

- Биз, менимче, доллардын гегемониясы бүтөт деп айткан жокпуз, атүгүл баяндамада “гегемония” деген сөздү да колдонгон жокпуз. Биз айтып жаткан нерсе – глобалдык экономикадагы өзгөрүүлөрдү эске алганда, келечекте доллар менен катар айрым башка валюталар да глобалдык жана эл аралык макамга ээ болушу мүмкүн. Бирок доллар да маанилүү валюта бойдон кала берет.

Дүйнөлүк банктын божомолунда 2025-жылга барып, доллар менен катар Евробиримдиктин бирдиктүү акчасы – евро жана Кытайдын юаны дүйнөдө көп валюталуу монетардык система жаралгыдай кубатка эл болуп калат.

Мындай өзгөрүүгө өнүгүп келе жаткан алты өлкө: Бразилия, Кытай, Индия, Индонезия, Орусия, Түштүк Кореянын экономикалык кубаты артып, алар алдыдагы 14 жылдагы глобалдык экономикадагы өсүштүн жарымынан көбүн жаратары негиз берүүдө.

Юандын мааниси артууда

Дүйнөлүк банктын эсептөөлөрүнө караганда, алдыдагы он төрт жылда өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасы жылына орто эсеп менен 4,7 пайыздан өсүп турат. Ал эми дүйнөнүн өнүккөн бөлүгүндө бул өсүш 2,3% болот.

Ушундан улам Дүйнөлүк банктын болжолунда, доллардын эл аралык соодадагы үстөмдүгү 2025-жылга карата аяктап, америкалык акча менен катар евро жана юан да толук кандуу эл аралык валюта катары кызмат кылган монетардык система менен алмаштырат. Бул валюта рыногунда алдыдагы жылдары өнүгүшү мүмкүн болгон үч негизги сценарийдин эң ыктымалдуусу.

Дүйнөнүн бир валюталуу түзүлүштөн үч валюталуу системага өтүшү кандай жүрөрү тууралуу Дүйнөлүк банктын талдоочусу Мансур Дайлами мындай дейт:

- Система 1973-жылдагыдан беркидей эле иштей берет. Анда биз Бреттон-Вуд системасынын валюта курсун рынок аныктаган жаңы түрүнө ээ болгонбуз. 2000-жылы евро чыгып, ал эл аралык валютага айланды. Биз күбө болгондой евро эл аралык каржы менен соода системасында маанилүү роль ойноп калды.

Ал эми келечекти караганда, Кытайдын юанынын да акырындык менен эл аралык өзгөчө Кытайдын башка өлкөлөр менен эсеп-кысабындагы мааниси жогорулай берет. Соңку эки жылдан бери эле Кытайдын башка өлкөлөр менен соодасынын 6-7 пайызы юан менен жүрүүдө.


Кытайдын улуттук акчасынын курсу Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы эң талаштуу маселе. АКШ Кытай өз өңдүрүшчүлөрүнүн дүйнөлүк базардагы атаандаштык жөндөмүн арттыруу, товарларынын баасын арзан кылуу үчүн курсун атайлап төмөн кармоодо деп эсептейт. Андыктан Вашинтон Кытай өкмөтүн юандын курсун эркин койо берүүгө чакырып келүүдө, бирок Бээжин буга көнбөй жүрөт.

Кытай турумун сактай алабы?

Кытай азыр Кыргызстандын да башкы соода өнөктөшүнө айланган кез. Бишкектик экономист Акжол Саадабаевдин баамында, эки тараптын ишкерлери эсеп-кысапты балким келечекте юан менен жүргүзүп калышы мүмкүн, бирок азырынча буга ашыкканы байкалбайт:

- Акча которуу системаларын карасак, ал жерде юан азырынча жок. Банк системасын карасак, бул жакта иштеген Кытай жарандарынын банктан эсеп ачып, юан менен которуулары бар. Бирок абдан эле аз.

Акча алмаштыруу жайларынан болсо юанды “Дордойдо”, Оштогу Карасуу базарында алмаштырышат. Демек бизде кытай юаны көп деле колдонулган жок.


Дүйнөлүк банк өз баяндамсында АКШ долларына атаандаш болуучу эки валюта үчүн чечүүнү талап кылган маселелер бар болгонуна токтолот. Маселен доллардын эң ишенимдүү атаандашы катары мүнөздөлгөн евронун макамы жогорулашы үчүн аны пайдаланган өлкөлөрдүн айрымдары азыркы карыз кризисинен ийгиликтүү чыгышы керек.

Ал эми кытай юанынын ролу жогорулашына Кытайдын дүйнөлүк аренадагы чоң экономикалык кубаты менен анын чет элдик валютага абдан көз карандылыгы ортосундагы ажырымдын чечилиши жардамы.

Былтыркы жылдын жыйынтыгында дүйнөнүн экономикалык үч эңгезери ичинен АКШ менен Евробиримдиктин ар биринин улуттук дүң өндүрүшүнүн акчалай көлөмү 14 триллион доллардан ашса, Кытайдыкы 5,8 триллион долларды түздү.

Экономисттердин болжолунда, эгер азыркы тенденция уланса, Кытай улуттук дүң өндүрүштүн жан башына эмес, жалпы көлөмү жагынан АКШны 2025-жылы басып өтөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG