Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Карызга баткан Грекияга каражат табылды


Премьер- министр Георгиос Папандреу белди бекем бууш керектигин элге ачык айтты.
Премьер- министр Георгиос Папандреу белди бекем бууш керектигин элге ачык айтты.

Европа өлкөлөрү менен Эл аралык валюта кору Грекияны карыздан куткаруу боюнча планды ушул апта ичи бекиткен жатат. Үч жылга жана бир нече нече миллиард еврого эсептелген планды тараптар кечээ макулдашты. Афинадан болсо акча алыш үчүн ашкере үнөмчүлдүк талап кылынат.

Грекиянын экономикасын сактоо боюнча Эл аралык валюта кору менен евроаймакка кирген өлкөлөрдөн каржы министрлери макулдашкан план 110 миллиард еврого эсептелген. Макулдашуу жетишилгени тууралуу кечээ Брюсселдеги чукул жыйындан кийин жарыяланды.

Жогорудагыдай өлчөмдөгү каражат каралган план жалгыз өлкө үчүн бирдиктүү акча еврону колдонгон мамлекеттер арасынан алгачкы ирээт ишке киргизилип жатат. Анын биринчи максаты карыздарын төлөй албагыдай абалга кептелген Грекияны дефолт болуудан сактоо. Бул ошондой эле жалпы евроаймактагы кырдаалды турукташтырууга жардам берүүсү керек. Грекиядагы кризис каржы базарларын солкулдатып, евронун башка чет элдик валюталарга карата курсун төмөндөтүп, евроаймактын карызы көп Испания, Португалия сындуу башка өлкөлөрүнө да тарай баштаган эле.

110 миллиард евронун 80ни евроаймакка кирген 15 өлкөдөн, 30 миллиарды Эл аралык валюта корунан келет. Насыя үч жылдын аралыгында берилет. Алгачкы траншты Афина кредиторлоруна ири өлчөмдөгү карызын төлөөчү мөөнөт 19 - майга чейин алары күтүлүүдө.

Бирок насыя катаал шарттар менен берилип жатат. Грекиядан ашкере үнөмчүлдүк талап кылынат. Маселен үч жыл аралыгында мамлекеттик сектордо иштегендердин айлыгы, пенсиялар көбөйтүлбөйт. Тескерисинче салыктардын айрым түрү жогорулайт. Үнөмчүлдүктүн максаты 2014-жылга карата бюджет таңкыстыгын Улуттук дүң өндүрүшкө эсептегенде 3%га түшүрүү. Азыр Грекияда бул көрсөткүч 13,6%дын тегерегинде.

Афинадагы кагылышуу.1-май, 2010-ж.


Өкмөт көрүүчү катаал чаралардан улам улам Грекияда азыр көчө жыйындары да өтүүдө. Ишемби күнү Афинада демонстранттар менен полиция кагылышты. Анын алдында грек өкмөт башчысы Георгиос Папандреу элге теледен кайрылып, күн тартибинде өлкөнүн жашап кетүүсү жөнүндөгү маселе турганын, карыздан кутулганча көп нерсеге кайыл болууга туура келерин айткан. Ал эми каржы министри Георгиос Папанконстантиноу өлкө “кыйроонун же сакталуунун” бирин тандап алуусу керектигине токтолгон.

Планды расмий түрдө ишке киргизүү үчүн евроаймактын өлкөлөрү 7-майда саммитке чогулган жатат. Ал эми Эл аралык валюта корунун башчысы Доминик Стросс Кандын айтымында, уюмдун Директорлор кеңеши да маселени ушул аптада карамакчы.

Макулдашуу евроаймакка кирген өлкөлөрдүн кээ бирлеринде парламенттердин ратификациясын талап кылат. Маселен макулдашууну акыр аягында немец канцлери Ангела Меркел колдогону менен коомдук пикир буга каршы. Анткени Европанын эң ири экономикасы катары эсептелген Германия насыянын ири бөлүгүн – 22 миллиард евросун берет. Алынган насыя үчүн Грекия жылына 5% үстөк төлөйт. Бул соңку күндөрү Грекиянын карыздарын сатып алуу үчүн инвесторлор талап кылган үстөктүн жарымы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG