Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Еврозонага кирген өлкөлөр 22-июлда Грекияга арналган экинчи куткаруу планы боюнча мунасага жетишишти.

Бул ирет грек өкмөтүн сактап калууга жеке менчик банктар каражат бөлүшмөкчү. Өкмөт башчылары ошондой эле еврону сактап калуу корунун укуктарын көбөйтүүгө макулдашты.

Еврону колдонгон 17 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары Грекияны куткаруунун экинчи планын жактырышты. Алар ошондой эле аймакта башка кризистерди алдын алуу максатында Еврону сактап калуу коруна кошумча кеңири укуктарды ыйгарууга бүтүм кылышты. Эл аралык Валюта кору менен бирдикте түзүлгөн жардам пакети 109 миллиард еврого бааланууда.

Бул чаралар акция базарларын тынчтандырып, еврону колдонгон өлкөлөрдүн биримдигин бекемдөөгө салым кошот деп күтүлүүдө. Айткандай эле Грекияга Брюссел да берешен жардам көрсөтөт экен деген кабар тараары менен Евробиримдиги күч алып, европалык акциялардын баасы кескин көтөрүлдү.

Германиянын канцлери Ангела Меркел бул чаралар Грекияны турукташтыруу менен катар, экономикалык атаандаштыкка көзөмөлдү күч алдыруу үчүн да керек болгондугун мындайча билдирди:

– Бүгүн биз эки ишти бүтүрдүк. Бир жагынан Грекиянын карызы боюнча жаңы программаны кабыл алдык, жеке инвесторлордун өз каалоосу менен каражат бөлүшү боюнча эрежелерди тактадык. Биз ошондой эле еврону туруктуу сактап, кризистин жайылышына жол бербөө үчүн бизге кошумча чаралар керек экендигине макулдаштык.

Европалык кеңештин президенти Херман Вам Ромпүи өз кезегинде бул чаралар карыз кризисинин еврозонадагы башка өлкөлөргө жайылышын токтотуу үчүн жетиштүү болот деп ишендирди:

- Биз акча зонабызды жана бирдиктүү акчабызды коргоо үчүн шайма-шай аракетке даяр экенибизди көрсөттүк. Европалык лидерлер евро аймакты сактап калуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз дешсе, айтканынан кайтышпайт.

Европа Биримдиги жана Валюта Кору былтыр май айында Грецияга 110 миллиард доллардык үч жылдык жардам пакетин сунуш эткен, бирок бул каражат жетишсиз болуп чыкты. Ошондуктан евро аймактын лидерлери Афины өкмөтү үчүн экинчи куткаруу планын иштеп чыгууга мажбур болушту.

Афиныдагы нааразылык акциялары
Бул ирет биримдиктин лидерлери банктар, камсыздоочулар, инвестициялык корлор өңдөнгөн жеке менчик акция кармоочуларды да ишке тарта алышты. Аталган тараптар жардам пакетине дээрлик 40 миллиард доллар кошушат. Мисалы банктар акция алмашуу жана аларды кайра сатып алуу сыяктуу жолдор менен Грекияны колдоого уруксат алышат.

Бул өз кезегинде бардык оорчулук карапайым салык төлөөчүлөрдүн гана мойнунда болбош керек деп чырлап келген Германиянын жана еврозонанын түндүгүндөгү башка мүчөлөрүнүн башкы талабын канааттандырууга мүмкүндүк берүүдө.

Насыя берүүчү агенттиктер Грекияны убактылуу банкрот деп жарыялайт деп күтүлүүдө. Лидерлер Евробиримдиктин 12 жылдык тарыхындагы алгачкы мындай соккунун кесепеттерин жеңилдетүүнүн жолдорун да аки-чүкөсүнө чейин такташты.

Франциянын президенти Николя Саркози евро аймактын мүчөлөрү Грекиянын банктарын сактап калуу үчүн насыя кепилдиктерин берүүгө даяар экендигин, гректер Европалык Борбордук банктан да жардам ала алышаарын белгилеп, бирок ар кимге эле мындай берешен жардам боло бербей тургандыгын эскертти:

– Биз Грекия өзгөчөлүү учур экендигин жашырган жокпуз. Биз муну Грекия үчүн жасап жатабыз, бирок башка өлкөлөргө жасабайбыз.

Европалык комиссиянын президенти Хозе Мануэл Бароссо кризисти жөнгө салууга жеке менчик сектордун да аралашышы кризисти токтотуунун жаңы баскычын билдирерин белгиледи:

–Грекияда кризис башталгандан бери биринчи жолу саясатчылар менен жеке менчик сектор бирге чара көрүп жатат.

Грекиянын президенти Георгий Папандрео бул план анын өлкөсүн кайра тикелөөгө жардам берерин белгилеп, ошол эле учурда Грекиянын амандыгы Европа үчүн да керек экендигин эскертти.

Жеке менчик сектордун катышуусу Грекияга карата гана мүмкүн болот, бирок мындай ыкма Евробиримдиктен жардам алган Ирландия менен Португалияга карата колдонулбайт.

Бирок насыянын үстөк пайызынын азайтылышынан жана карызды кайтаруу мөөнөтүнүн жети жарым жылдан 30 жылга узартылышынан үч өлкө тең пайда көрүшөт.
XS
SM
MD
LG